|
Лира
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 12
00:03:31
00:03:07
00:03:19
00:03:56
00:03:47
00:03:45
00:03:31
Жашоо өзү керемет,
Жакшы ой алга жетелеп.
Умтулуп алга келесиң,
Учуна мына жетем деп.
Кайырма:
Жашоо, жашоо - жалын, керемет,
Кыял, ойго терметет.
Талбай кылсаң аракет,
Максатыңа жеткирет.
Кызык, ай, турмуш керемет,
Кыялың алга жетелеп.
Кыбырап чыгып келесиң,
Кырына мына жетем деп.
Кайырма:
Бир кырга чыксаң, бир кыр бар,
Бийиктейт улам ал кырлар.
Тынымсыз жашоо бул күрөш,
Тирүүлүк деген жыргал бар.
Кайырма:
Акылга салып ченесем,
Ай-аалам болот бересен.
Ата Журт менен барабар,
Акталгыс түйшүк, энекем.
Кайырма:
Бешиктен чыкпай, терметсең,
Бересем үчүн жер безем.
Сөзүмө турам ар дайым,
Кымбатым, сүйкүм энекем.
Каныңдан бөлүп төрөсөң,
Кагылып, сүйүп бөлөсөң.
Кош тамчы сүтүң ойлосом,
Кол жеткис асман, берекем.
Кайырма:
Койгондо чекке кең мекен,
Колуңдан узап мен кетем.
Карегиң талып турса да,
Күтөсүң күнүм, энекем.
Кайырма:
Сөзү : Д.Урманбетовдуку
Обону : Д.Урманбетовдуку
Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билген жоксуң калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Жайлоо гүлүн терип жүрүп кубанып,
Кеттиң, жаным, келдим өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Чырак сындуу жанып турсаң нурданып,
Жыргаар элем өңдөрүмө нур тамып.
Андагы нур, ал кездеги күлкүм жок,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.
Голубые горы, бесконечные пляжи,
Тропические узоры, красивые пейзажи.
Изумрудные луга, таинственные леса,
Страна водопадов и мистики, волшебства.
Земля, обласканная лучами солнца,
Откройте для себя на Ямайку оконце.
И теплый ветерок Карибского моря,
Всегда развлечет, будет вечная воля.
Добро пожаловать на Ямайку!
Ямайка, Ямайка,
Ямайка, Ямайка…
Разноцветных тел вы увидите сами,
Здесь никаких дел, только политики с делами.
Одиноким скучать не придется,
Всем хорошо и уютно живется.
Разные люди, коктейли сливаются,
Все бесконечно от счастья радуются.
Экзотика природы, море и чайки,
Вы увидите все это на Ямайке.
Добро пожаловать на Ямайку!
Ямайка, Ямайка,
Ямайка, Ямайка…
По себе скажу, это не секрет,
Тут хорошее начало и Happy End.
Уходить не хочется из этой земли,
Давай останемся you and me!
Это нежность ветра и моря прибой,
Манит, ммм… зовет за собой.
Встретим Карибский рассвет, руку мне дай,
Это же Ямайка, Ямайка давай!
Добро пожаловать на Ямайку!
Ямайка, Ямайка,
Ямайка, Ямайка…
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча,
Калалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң, жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Эрке кызмын, кызыл гүлдөй жайнаган,
Кымбат болуп намысты бек кармаган.
Жаралганда чаңкаганым басылбай,
Жан дүйнөмдү музыкага арнагам.
Жалын чачып жүрөк согуп турганда,
Жетким келет максатыма каалаган.
Жаштык оргуп, жүрөк согуп турганда,
Муза, сага бүт дүйнөмдү арнагам.
Кайырма:
Бий бийлеймин, мен ыр ырдаймын,
Ата-энемдин мен эркетайымын.
Шаттык каалап досторума,
Ырларымды арнаганмын.
Жалындаган, жарашыктуу жаштык кез,
Теңир-Тоонун булагындай тунук кез.
Ырым дагы, сырым дагы музыка,
Жетким келет бийиктике менин тез.
Аруулукту кан-жаныма сиңирген,
Ар-намыстуу, жарашыктуу дегизген.
Эркетаймын булбул үндүү, нур кызмын,
Лира үнү жаңырса дейм жеримде.
Кайырма:
Кайырма:
Канча жолу кайчы өтүп кетиптирбиз,
Канча кайгы, азапты кечиптирбиз.
Канча бирок жылдардын артындагы,
Биздин сүйүү жүргөнднүн сизиптирбиз.
Бирок угуңуз сизге жазылган,
Ыр артында өзүм бармын жашынган.
Гүл жыттанган үлбүрөк,
Сүйүү ырларын сүйөсүзбү асыл жан.
Ыр окуңуз бир аз токтоп агатай,
Куулугу жок баео кудум баладай,
Бул дүйнөдө болгон үчүн махабаттай.
Күндүзү күн - түндө күлүп жанар ай.
Кайырма:
Колдон келет кышты жаз кылуу,
Махабатты шарап солук мас кылуу.
Балким убактыңызды алармын,
Өзүмө окшош уяң ыры бактылуу.
Кайырма:
|