|
Айдин Шер
Бардык видеолор: 9
Бардык аудиолор: 20
00:04:13
00:03:43
00:03:46
00:03:19
00:03:30
00:03:25
00:03:11
Сөзү : Камчыбек Турсункуловдуку
Обону : Камчыбек Турсункуловдуку
Сөзү : Жоодарбешимдики
Обону : Жоодарбешимдики
Сөзү : Амир Аскаровдуку
Обону : Амир Аскаровдуку
Сөзү : Акжолтой Канатбековдуку
Обону : Амир Аскаровдуку
Жазым болдуң сен менин,
Жалгыздыкта канча издедим сени.
Жан дүйнөмдү термедиң,
Кандай бакыт мага келгениң,
Асылым менин!
Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.
Кайырма:
Сага жүрөгүм, жүрөгүм арнадым.
Сүйөмүн, сүйөмүн сени толкундап, толкундап.
Сен деп жүрөмүн, жүрөмүн балдайым.
Келемин, келемин миң бир жол тандап, жол тандап.
Жарым болдуң сен менин,
Жан дүйнөңө мени кел дедиң.
Жанга дарым эрмегим,
Жарыгыма айландың менин,
Ашыгым менин!
Сага түбөлүккө берилдим, жан эркем, менин.
Кайырма!
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Айдин Шердики
Сөзү : К.Тайчабаровдуку
Обону : Э.Жоошевдики
Жолугуп махабаттын даамын татсаң,
Жүрөгүң үмүт кылат.
Жалгыздык кучагына азыр батсаң,
Жан шерик күтүп турат.
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.
Өмүрүң көрккө келет жолун улап,
Махабат жандап турса.
Сүйүүгө жүргүн дайым кол булгалап,
Тагдырың калчап турса.
Жүрөк үнү да жалгыз болбойт,
Сүйүп жүргөн адам алсыз болбойт.
Сезимдин оту куйкаласа,
Жалган дүйнө сага даамсыз болбойт.
Турмушуң сызык болот,
Ар кандай кызык болот.
Махабат коштоп турса,
Өзүңдү алдабагын.
Тагдырды кармабагын,
Сүйүү келсе.
Махабат - өмүр көркү.
Жүрөгүң сыздап, ооруп жатса,
Чыдагын сен ансыз болбойт.
Сөзү : Кайрат Примбердиевдики
Обону : Максат Сабырбек уулунуку
Сырымды сага айталбадым,
Өзүмчө ичимден сыздаймын,
Калбады баш ийбеске башка аргам.
Кусалыгымды сен сезбейсиң,
Сен да башка жанды эңсейсиң,
Негедир абалы эки жүрөктүн окшошуп калган.
Кайырма:
Азыр мен сени сүйбөймүн,
Сен дагы мени сүйбөйсүң.
Кандай болот турмушубуз,
Мен бушайман?
Мен дагы каалабасам да,
Калбады сенде да айла.
Тагдырыбыз экөөбүздүн тушалган.
А балким махабат бизде да жаралат.
Сезимге биздин эч карабай,
Ата-энебиз бизди кыйнады, ай.
Айласыз баш кошобуз,
Бул дүйнө жалган.
Ажалга өзүмдү кыйсамбы?
Же укпастан кетип калсамбы?
Түшүнбөй койду эч ким жардам берчи,
Оо, Жараткан!
Кайырма:
Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.
Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.
Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.
Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалаар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.
Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай, сени менен.
Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : Омүрбек Андарбеков
Күндөрүм өтөт туңгуюк менен,
Ишенип качандыр бир жолугарыма.
Күмөн санабай, сен да мен сымал,
Ишенип жүргөндүрсүң табышарыңа.
Күтөмүн сени,
Сен да күт мени.
Кайырма:
Бирок бизди табыштыра албайт,
Эч бир тагдыр.
Күнөөлөбө мени,
Күнөө менде эмес.
Экөөбүздү тааныштырган күндөн,
Көп өтпөй ажыраштык,
Күнөөлөбө мени.
Тагдырдын жазган мыйзамы экен,
Айла жоктон көнөмүн бардыгына мен.
А балким, Кудай боору ооруп бизге,
Табыштырып коёбу деп үмүттөнөм.
Сүйөмүн сени,
Сүйөсүңбү мени?
Кайырма:
Сөзү : К. Качкынбаева
Обону : Айдин Шер
Жүрөккө жазылып,
Маңдайга жазылбаган.
Кол жеткис махабатымбы?
Жарыгым, өзүңдү эстесем жашып барам,
Кайталап улам атыңды.
Кызганам карааныңды,
Кымбатым, кабарымды,
Кылчайып сурап койбодуң.
Тиктесем көзүң албай,
Телмирип көңүл салбай,
Махабат менен ойнодуң.
Кайырма:
Сен дагы сүйүп, сезимиң арна,
Мен дагы ошол селкини тандап.
Ашыгып сүйүп жетпедик, бирок,
Ал сүйүп кетти башканы жандап.
Күн санап күтүп сени,
Келдик үмүт менен.
Тандайт деп эми кимди?
Күн менен дайым кош,
Чыгып өсүп келген,
Таалайдын гүлүн үздүңбү?
Ойлонбой туруп терең,
Ойноду сезим менен,
Оорутуп эки жүрөктү.
Кайрылып келет деген,
Кайгыны жеңет деген,
Үмүттүү канча күн өттү?
Кайырма:
Бактылуу бол теңиң менен,
Махабатта болбойт ченем.
Баркың билип эми,
Барктап алсын сени аярлап.
Сөзү : Кудурет Тайчабаровдуку
Обону : Эрмек Жоошевдики
Олтурамын кыялданып,
Илхом келип, ырлар жазып.
“Сүйүүм качан келесиң?” деп,
Суроону мен ырга айлантып.
Кайырма:
Сүйүү, сүйүү керемет,
Тунук сүйүү бир келет.
Чынын айтсам, селкилер,
Мага сүйүү келе элек.
Жүрөк сүйөт бир сулуу,
Көңүл сүйөт миң сулуу.
Издеп жүрөм таба албай,
Араңарда ким сулуу?
Тарта албаймын элесиңди,
Түштө аян бересиңби?
Жаштык кезим өткүчөктү,
Сүйүүм мага келесиңби?
Кыялымда самаганым,
Боло элек махабатым,
Сезгендиктен келериңди,
Ырларымды сага арнадым.
Сөзү : К.Качкынбаеваныкы
Обону : Э. Жоошевдики
Маралдай басканы багынткан асканы,
Баш ийип беребиз байкабай башканы.
Бар жашоо болуп сезилет, бакытың болуп кезигет.
Жарык нур болуп себилет,
Жан дүйнөң ага берилет.
Жашоо берген керемет.
Кайырма
Жигит көңүлүн жибитет,
Жибектей узун чачы.
Жетсем деп жүрөк эргитет,
Жебедей болгон кашы.
Кериле басса жарашкан,
Келбети мүчө-бою.
Кылчайып баары карашкан,
Кыздарда болуп ою.
Күлкүсү булактай, көздөрү чырактай,
Көнүшүп алабыз, көңүлдөр ынактай.
Жаралган таңдын желинен,
Жан экен өзү керилген.
Жарадар болдум эми мен,
Табамын кыргыз элимен.
Сулуулар чыккан элимен.
Кыздардын кылыгына,
Кызыккан кылым мурда.
Кыргыздын сулуулары,
Жашасын кылымдарга.
Сөзү : Н.Жүзүмалиеваныкы
Обону : С.Садыралиев, К. Примбердиевдики
На закате и во мгле,
Мои мысли о тебе.
Попрошу, малыш приди ко мне.
Ты живёшь в моей душе.
Подарила в теплоте,
Ты заботу, ласку, нежность мне.
Кайырма
Я люблю тебя малыш,
Ласку сердца ты услышь.
Я лечу к тебе одной,
Околдован я тобой.
Красота твоя всегда,
Окрыляет в небеса.
Улетаю ты моя мечта.
Ярче солнца светиш ты,
Блеск в глазах твоих окуни.
Обжигают пламенем, пойми.
Я живу лишь для тебя,
Ты как ангел для меня.
Твои чувства я сберегу,
Ведь я люблю!
Сөзү : З.Казакбаевдыкы
Обону : З.Казакбаевдыкы
Жок, жалынба, сүйө албайм, таарынба,
Анткени шагымды сындыргансың сен дагы.
Көп убара болбойлу, карындаш,
Анткени жактырбайм көтөрүнгөн кыздарды.
Кайырма:
Сезесиң өзүңдү абдан сулуу,
Андан көрө мамилең болсо жылуу.Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп,
Бар-жогуна кайыл болуп коюп.
Деп коюп ичимден жактырдым,
Сыртымдан мазактап каткырдым.
Жүрөктүн кылдарын чертем деп,
Нотасын буздуң сен жакшы ырдын.
Кайырма
Чертилбейт билсең жүрөк кылдары,
Обонго келбейт анын ыргагы.
Өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн,
Сезимди булгаганың туурабы?
Сенде да, менде да намыс бар,
Көп болсо көңүлдөр калышар.
А балким, өтсө убакыт,
Жүрөктөр тилсиз табышар.
Кайырма:
Сезесиң өзүңдү абдан сулуу,
Андан көрө мамилең болсо жылуу.
Жүрбөйт белек биз да түгөй болуп,
Бар-жогуна кайыл болуп коюп.
Чертилбейт билсең жүрөк кылдары,
Обонго келбейт анын ыргагы.
Өзүндүн кызыкчылыгың үчүн,
Сезимди булгаганың туурабы?
|