|
Актан Исабаев
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 14
00:04:44
00:06:05
00:05:01
00:03:06
00:04:21
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Обону : Актан Исабаевдики
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : Б. Алишеровдуку
Талантка элим көңүл бөл,
Талапкер жаштын көбүн көр.
Талпынып учкан ыр менен,
Тазарып турсун көңүлдөр.
Ыр майрам - салтанат,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Кутмандуу ырчылар,
Кубулжуп турчулар.
Керемет көл күтөт,
Келгиле курчуңар.
Жылдызы жылдын деп,
Эл күтөт бул ким деп.
Алгандар мөрөйдү,
Аталсын булбул деп.
Жарышат мукам көп үндөр,
Жадымда калсын бул күндөр.
Жалындап күйгөн ыр менен,
Жашарып алсын өмүрлөр.
Ынтымак аркалап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Тымызын көлгө кылчайып,
Тыңдасын дүйнө тынч алып.
Тосолу таңды ыр менен,
Тоолордон бийик үн салып.
Ук, дүйнө, кайталап,
Ысык-Көл жар салат,
Ысык-Көлүм жар салат.
Кайырма:
Жалгыз гана мен учун жаралдыңбы
Тагдыры болуп тагылып
Жалын болуп сезимге таралдыңбы
Бактыма келем багынып
Ыр кантип арнабайын
Жаңырсын кылымдарга
Өзүңө жалбырайын
Сөзүңдүн гүлү барда
Гүлүмдү батырбай
Сүйүмдү качырбай
Жар салам жашырбай сүйөм сени
Ала-Тоо таңырып
Ан сайын жарылып
Айтамын жалынып сүйөм сени
Эр жүрөгүм элжиреп сени эстесе
Көңүлүм сага өрүлдү
Элестете албаймын элестете
Өзүңсүз өткөн өмүрдү
Мен кантип эргибейин
Сен жүрсөң күлүп жанда
Көркүнө телмирейин
Көзүңдүн нуру барда
Кумарым тарабай
Кубанып баладай
Жар салам жадабай сүйөм сени
Жаз майрам жайпалат
Жан кайдан жай табат
Жалынам кайталап сүйөм сени
Гүлүмдү батырбай
Сүйүмдү качырбай
Жар салам жашырбай сүйөм сени
Ала-Тоо таңырып
Ан сайын жарылып
Айтамын жалынып сүйөм сени
Биз кыйрап кемедей,
Тегиз телегей эмес, аттиң ай.
Из калды жүрөктө,
Калды сүрөттө элес ак куудай.
Сен кабарыңды айтып мага койбой,
Жүрдүң экен кандай жайда, дегеле кайда?
Мен ыйык туткан Ысык-Көлдү бойлой,
Жүрөгүм сыздайт кайра-кайра.
Кайырма:
Азапка күчөп батты жан,
Кайгы тапты жан.
Айрылып келем бактыман, тайдым бактыман.
А бирок сага тилегим, жалгыз тилегим,
Айрылба, көлүм, ак кууңан,
Көлүм, ак кууңан.
Мейли кайгым бөлүнбөй, тагдыр өрүлбөй
Далай бир жыл өтсө.
Биз калдык бир сүрөттө,
Жарашып күнгө, жарашып бирге.
Сен бакытты издеп кайда гана барба,
Жолугуп асыл жанга жадырап-жайна.
Мен жерге батпай, жанга таппай айла
Көлүмө келем кайра-кайра.
Сагынычым үйүлүп тоодой болду,
Куштар гана табышат оңой жолду.
Өзгө жерден думугуп, жаным буулугуп,
Узаттым досума мен көп ойлорду.
Кайырма:
Ар-намыска күйүш үчүн,
Ата Журттай тирек керек.
Ала-Тоону сүйүш үчүн,
Ала-Тоодой жүрөк керек.
Сагынычым - канатым учарыма,
Сабалайын, тууган жер, кучагыңа.
Эңсеп келем үйүмдү, назик гулумдү.
Келип, ак боорума бек кысарыма.
Каректен кетпей элесиң,
Адамзат башын ийген эле.
Төгүлүп биздей мөмөсү,
Арнаган жары, дүйнө эли.
Ажайып белек берели,
Ала-Тоо гүлүн терели.
Төгүлүп күндөй мээрими,
Ардактап дайым келели.
Ырыскы-таалай, жалпыга каалайм,
Амандык тилек айтылып келет далай.
Кайырма:
Энекебай, көп жаша,
Жанда жүргөнүң береке.
Сага болоюн көлөкө,
Жаралган жалын жүрөктөн.
Аруу тилектен,
Ырымды ушул кабыл алгын, энеке.
Боройлоп турмуш кыш болсо,
Жалындап оттой жагылган – эне.
Тирүүлүк эгер куш болсо,
Канаты болуп кагылган – эне.
Өмүрдүн болуп тиреги,
Дүйнөгө тынчтык тилеги.
Эң назик эне жүрөгү,
Оорутпай аны жүрөлү.
Жылдызды карай, канатты самай,
Кайталап ырдай берем мен уктабай.
Кайыпма:
Энекебай, көп жаша,
Жанда жүргөнүң береке.
Сага болоюн көлөкө,
Жаралган жалын жүрөктөн.
Аруу тилектен,
Ырымды ушул кабыл алгын, энеке.
|