|
Кумар Асанов
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 10
00:04:37
00:03:39
00:04:16
00:03:03
Сагынычтан саргайган бүтпөс күндөр өттү,
уланып
Жүрөгүмдө сага деген кусалык толуп
Уктабастан түндөр өттү.
Көз алдымда учту сенин сүйкүм элесиң, тагылып,
Кыялымда канат байлап өзүңө учам
Махабаттын отун чачып.
Кайырма:
Махабат сезимимден тарабай,
Издегенден тажабай
Кумарым эч таркабай,
Махабат...
Түбөлүккө менин кош дебеске аргам жок,
Жүрөк суз.
Кечир эми кечир деген сөздөрүң жүрөктө,
Муңга батат кайра кайтпас
Кайырма:
Махабат сезимимден тарабай,
Издегенден тажабай
Кумарым эч таркабай,
Махабат...
Кошкунуң, кошкунуң деп айтамын,
Кечире албайм капамын.
Кетирдим кечиргиз күнөө
Махабат, жүрөк сыздайт,
Кечире албайм, кечире албайм
Кош бол махабат
Сөзү : Ислам Сатаровдуку
Обону : Ислам Сатаровдуку
Жүрөктөн сүйдүм өзүңдү,
Жүрөмүн кыйнап өзүмдү.
Жаралабачы тун сүйүүмдү,
Кабарыңды айтчы деги.
Кайда кеттиң, кайтчы эми?
Карааныңа зар болдум сенин.
Ойлорум алыс учуп,
Ооруду жүрөгүм,
Жароокерим, жалжалым, жаным.
Ааламда жоктой сезилет.
Ак куу сымал элесиң,
Абалымды сезсеңчи менин.
Кайырма:
Асыл жарым, ардагым,
Ай-ааламдан таппадым,
Сага бүт өмүрүмдү арнадым.
Сенин балдай таттуу сөзүң,
Жан дүйнөмдү эргиткен,
Ай жамалың келишкен,
Менин периштем.
Шүүдүрүм тунук тамчыдай,
Элесиң Чолпон жылдыздай.
Келесиңби шам чырагындай,
Ашыкмын сага, садагам.
Бүт өмүрүм сага арнадым,
Түгөнбөдү сүйүүм жалындай,
Узун, узун арман болдуң.
Узак, узак асман болдуң,
Уясына баткан күнүмдөй.
Жүзүңдү менден бурбачы,
Жүрөгүмдү кыйнабачы,
Көңүлүм калбасын түбөлүк.
Кайырма:
Сөзү : Акылбек Айтиевдики
Обону : Акылбек Айтиевдики
Кыргызстан - тоолордун мекени,
Тунук суулар, токойлор, кендери.
Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.
Көк асманды тиреген тоолорум,
Ак булутту жандаган зоолорум.
Жаратканым сулуулук бериптир,
Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.
Кайырма:
Кыргызстан - ыйык мекен,
Кыргызстан, койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп!
Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним,
Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү.
Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.
Ала-Тообуз - элимдин тиреги,
Көк асманга желбирейт желеги.
Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,
Бабалардын салтын биз барктайбыз.
Сөзү : И. Сатаровдуку
Обону : К. Асановдуку
Сөзү : М.Баетовдуку
Обону : М.Баетовдуку
Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.
Кар кетпес Ала-Тоосунан,
Карасам кийик зоосунан.
Кадимки шумкар экен деп,
Кармасам куштун боосунан.
Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан.
Калкыңа күндө баргандан,
Капырай минтип чочунам.
Кадыркеч сендей келиндин,
Кайрылтып өпсөм оозунан.
Сөзү : Каныбек Иманалиевдики
Обону : Кумар Асанов, Акылбек Айтиевдики
Салтыбыз кылым карыткан,
Наркыбыз дүйнө тааныткан.
Калкыбыз биздин ырыстуу,
Даңкыбыз чыккан алыска.
Кайырма:
Даңктала турган,
Барктала турган.
Мактана турган элим бар.
Тең гүлдөп күндө гүл менен,
Тең чыгып бирге күн менен.
Куунак өз улуу Ата журт,
Кубанам көрүп күндө мен.
Кайырма:
Азапты канча көргөнбүз.
Азаттык үчүн келгенбиз.
Аянбай жаның мекенден,
Ала-Тоо асыл элденбиз.
Сөзү : Р.Абдыкадыровдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Билбейм, неге кетпей койдуң эсимден.
Бир кездеги бирге жүргөн, Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылат,
Эртели-кеч эсимдесиң, Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, Алмашым?
Көргүм келип, сени дегдейт жүрөгүм,
Качан сага жолугамын, Алмашым?
Кабарыңды айтып койсоң кыйнабай,
Кайран жүрөк кайгы тартып калбасын.
Кайда экен деп тынчым кетип ар убак,
Карбаластап таппай калдым айласын.
Элге жаксын сен иштеген иштериң,
Эмне деймин, башка сөз жок, Алмашым.
Жарк деп дайым жанга сүйкүм мүнөзүң,
Жазгы гүлдөй жакшынакай жайнашың.
|