|
Аскат Мусабеков
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 41
00:04:42
00:03:25
00:03:43
00:03:53
00:04:26
00:04:15
00:03:46
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Каныкей Эралиеваныкы
Сөзү : Мамбеттурган Асек уулунуку
Обону : Мамбеттурган Асек уулунуку
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Г. Айдосованыкы
Сөзү : Медер Шакир уулунуку
Обону : Түмөнбай Колдошевдики
Сөзү : Нуркан Койчуманованыкы
Обону : Жакшылык Ынтымак уулунуку
Толгонайдай жарык нур бар көзүңдө
Касиет бар кубат берген сөзүңдө
Бул өмүрдүн кемчилигин, кемчилигин толуктап
Мен издеген асылдык бар өзүңдө
Кайырма:
Пейилиңдин кенендиги марттыгы
Жан дүйнөңдүн байлыгы да, актыгы
Теңир сенден аябаган эч нерсе
Мага жагат сабырыңдын, сабырыңдын сактыгы
Элим десе жанын үрөп элирген
Жерим десе делбиримдей делбирген
Кайда жүрбө кандай күндө, кандай күндө болбогуң
Амандыгың тилеп келем жан биргем
Кайырма:
Ар намыстуу, улутчул да жан келет
Актык үчүн ойлонбостон жан берет
Курманжандай ар-намыска, ар-намыска төрөлгөн
Сендей айым кылымдарга бир келет
Кайырма:
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Айла жоктон неттим ай,
Акылымдан кеттим ай.
Сүйүп калып сени, Эркинай.
Жолдоп айтып болгонун,
Жолболдудай Чолпонум,
Сен деп ырдайм
Мен да, Эркинай.
Кайырма:
Аттиң, неге жолуктуң?
Сени алам деп оолуктум,
Улуу кызым окуп калганда.
Үчүнчүсү төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп,
Ортончусу басып калганда.
Тоодой ойду толгоюн,
Токтогулдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.
Ырга салып торгоюм,
Ырыспайдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.
Кайырма:
Бирге турсам жанашпай,
Бирге бассам жарашпай,
Каламынбы сага, Эркинай?
Албырып күйгөн чырактай,
Арманым деп Чубактай,
Каламынбы же мен, Эркинай?
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Тобокел Кашкарбаев
Сөзү : Элмирбек Иманалиевдики
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Сөзү : Сонунбүбү Жусубалиева
Обону : Калмурат Рыскуловдуку
Сөзү : Калчоро Көкүловдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Сөзү : Кожокелди Култегиндики
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Секин, секин билгизбей,
Сени бойго жеткизген
Секет болуп кетким бар,
Сезимтал бул мезгилден!
Ат чаап барып эңе алгыс
Акак гүлсүң, Айданек.
Агайыңдын дардинда
Жашап жүрсүң, Айданек.
Мончогуңду моюнуңдан
Санайынчы, Айданек?!
Көлөкөңдү көтөрүп
Алайынчы, Айданек?!
Майда шибер, майин жел
Мамык болот, Айданек.
Бир кашкайсаң – бир кылым
Жарык болот, Айданек.
Кунан минип куушуп биз,
Курдаш болуп өтсөкчү?!
Шыбырарда бир жыттап,
Сырдаш болуп өтсөкчү?!
Улууларга зор таалим –
Уялганың, Айданек.
Улуулуктан тайдырат
Буралганың, Айданек!
Мончогуңду моюнуңдан
Санайынчы, Айданек?!
Көлөкөңдү көтөрүп
Алайынчы, Айданек?!
Майда шибер, майин жел
Мамык болот, Айданек.
Бир кашкайсаң – бир кылым
Жарык болот, Айданек.
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : С.Бейшекеевдики
Сөзү : Элмирбек Иманалиевдики
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да эстеп турамын.
Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.
Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала кезимде,
Оймоктой бала чагымда,
Ок атып койдуң, Мунарым.
Көл дагы турду мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, өзүң узаттың,
"Жайында кайра келчи" деп.
Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан антымдан,
Жайында сага барамын.
Сезимдин өрттү тынчытпай,
Сезондо сага барамын,
Сезондо кайра барамын,
Жайында кайра барамын.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Билет элең жүрөк туйласа,
Кымыздыктай болуп куураарым.
Байкамаксан болосуң неге?
Карап койчу сенден сураарым.
Сөзгө сөздү араң уладым,
Оо, Жами...
Сага арнап төрт сап курадым,
Ой, Жами...
Угуп койчу махабат ырды,
Сен үчүн деп ырдап турамын.
Кайырма:
Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами,
Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами.
Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами,
Даниярың болоюн сенин,
Болоюн сенин...
Билемин мен уулуңду дагы,
Колуңдагы шакегиң барын.
Байкамаксан болосуң неге?
Карап койчу мага бир, жаным.
Эбептен мен себеп табамын,
Бир күнү үйүңө мен кирип барамын.
Ой, Жами...
Жүрөктөгү болгон сырымды,
Көздү жумуп айтып саламын.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Сөзү : Шербет Келдибекованыкы
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.
Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.
Кайырма:
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.
Бир көрүп, капысынан караганың,
Карегим карегиңе кадалганын.
Ушундай унутулгус нерсе болду,
Жазыксыз жүрөгүмдү жараладың.
Арзуум сезимдерди араласын,
Канткенде ак сүйүүнү таба аласың,
Ишеним эки жактан тең болсун деп,
Кош жүрөк күмөндүктү санабасын.
Кайырма:
Ыраазымын тагдырыма, сүйүүнүн актыгына,
Буйругун бир өзүңдөн, таптым мына
Сүйүнүч нуру толсун, өчпөгөн бакыт консун,
Табышкан ак сүйүүбүз түбөлүк бирге болсун...
Жүрөгүм алоолонуп жанып барат,
Мен үчүн укмуштуудай сезим жанат
Жаштыктын унутулгус бул күндөрү
Түбөлүк эч өчпөстөн эсте калат.
Кайырма:
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Айтчы деги кимде айып?
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Наристедей ээрчишип,
Териппиз го гүлдөрүн.
Түнт токойду аралап,
Тыңшап куштун үндөрүн.
Ийип башын булбулдар,
Махабатты чалышты.
Кол булгалап бардыгы,
Узатышып калышты.
Паана кылып түшүмдү,
Бет алдыма кармаймын.
Мүмкүн мени сүйөр деп,
Өзүмдү-өзүм алдаймын.
Антсем дагы канчалык,
Сен башканы сүйөсүң.
Уйку бербей бирок да,
Түшкө кирип жүрөсүң.
Айтчы деги кимде айып,
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Сөзү : Калыйбек Тагаевдики
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Карагаттай көздөрүңдү сагынам,
Кыйын экен жаштык сага багынган.
Күтө, күтө жете албадым зарыгып,
Айтчы, жаным, качан сага жолугам?
Кайырма:
Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн,
Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм.
Мен музыка, сен врачсың эл үчүн,
Дартка даба дарыларды бересиң.
Ашыктыктан айыкпаган дартымды,
Дарыласын сенин гана элесиң.
Кайырма:
Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн,
Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм.
Сагынамын, сансыз ойго батамын,
Жолугушуп качан көңүл ачамын?
Сен дарылап көп жашасын адамдар,
Тилектештик саламымды жар салам.
Кайырма:
Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн,
Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм.
Көздөрүң карагат, жүрөктү жаралап,
Жүрсөң бир болду саламат, Элмира.
Сөзү : Кубанычбек Адамалиевдики
Обону : Т. Казаковдуку
Алыстан сага келем, алыс жактан,
Элесиң тынчымды алып, учат куудай.
Ал мени десте кармап тосподу,
Ошондо тээ алыска узатчудай.
Кайырма:
Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле!
Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок.
Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
Бүт тааныш, көзгө сүйкүм туш тарабым,
Гүлзарлар кудум биздин убактагы.
Жаштарга кыналышкан суктанамын,
Биз сындуу биздин ошол курактагы.
Кайырма:
Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле!
Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок.
Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
Ал мени сезиминен чыгарыптыр,
Жалгыз сен кайтып мага, гүл кармадым.
Ак сүйүм ак гүлүңдө калыптыр,
Дайым жаш, дайым сырдуу гүлзарларым!
Кайырма:
Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле!
Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок.
Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен,
Бирок да жолдорубуз бөлөк экен.
Жамгырда бирге болгон жаштык кезди,
Жоготпой сезимиме сактап келем.
Кайырма:
Табийгат жашып турат неге тынбай?
Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай.
Арзууну жүрөктөгү эзген менен,
Ааламга жар саламын ырдай, ырдай.
Жамгырда чогуу басып атырган таң,
Түбөлүк чыкпай келет акылымдан.
Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп,
Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан.
Кайырма:
Окшотуп добушуңду сенин күлкүң,
Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм.
Жамгырдан сени бөлүп карай албай,
Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм.
Кайырма:
Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө,
Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө.
Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк
Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө.
Эске албай элеп жамгыр төккөнүн,
Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим.
Алар да жок, бирок эсте калыптыр,
Чуркап өткөн сенин, менин издерим.
Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын,
Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым.
Балалык кез эске түшүп ушунча,
Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын,
Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
|