|
Zari
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 7
00:03:51
00:03:14
00:04:09
00:03:52
Махабат ыйык сезим,
Кабылсаң кайгы калат жоктолуп.
Маанайың чөккөн кезиң,
Жүрөктө сүйүү оту жок болуп.
Эй, досум кайгырба,
Азапка алдырба.
Сүйүүдөн жол болбой турса.
Жалгыздык жан үрөп,
Көңүлүң азып, күркүрөп,
Ыйлап турса.
Кайырам:
Башыңды салба,
Жалгыздык мезгилдин сыноосун билсең,
Үмүттөн жазба,
Махабат сапарында издеп жүрсөң.
Сүйүү деген өмүрдү гүл кылган күч туура көрсө,
Кайда дебе сен, тааныйсың кезеги келсе.
Таанышып дос издесең,
Достуктан сезим чыгат козголуп.
Жан шерикти сиз десең,
Жактырган жүрөк ысыйт от болуп.
Замандаш тартынба,
Сүйүүңдү алдыба,
Күткөнүң эгер жолукса,
Сезимди камчылап,
Сөздөрдөн терең гүл кура,
Көңүл бурса...
Сөзү : К. Жусуповдуку
Обону : К. Жусуповдуку
Биз келдик жашамак бар, ай,
Азбы-көппү.
Калтырбай көңүлдөрдү да,
Сактап кеткин.
Бул өмүр бир берилген таалай экен,
Эй, таалай экен.
Алсак дейм аз жашоодон,
Алсак дейм аз жашоодон,
Жашоодон арбын өчтү.
Ичер суу түгөнөр күн,
Качан, качан келет?
Эртеби-кечпи аны, ай,
Кимдер билет?
Жетели тирүүлүктүн кадырына,
Эй, кадырына…
Дүйнөгө болбоптур го,
Дүйнөгө болбоптур го,
Болбоптур эч ким түркүк.
Түбөлүк турбайт тура,
Эч бир, эч бир нерсе.
Не болмок мезгил деген адам жеңсе?
Баарыңды 45 жашка, жүз жыл бою,
Эй, жүз жыл бою,
Тургузуп коёр элем,
Тургузуп коёр элем,
Чиркин, ай, колдон келсе.
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эрнест Жоошевдики
Сезим кайгысы мени кыйнады,
Сүйөм дей албай жүрөк ыйлады.
Намыс деп жүрүп айта албадым,
Көзүмдөн билип, өзүң туйбадың.
Кайырма:
Махабат башатын мен өзүм баштайын,
Намыс деп уялган оюмдан кайтайын.
Сүйүүмө жете албай армандуу өткүчө,
Арзуумду сезбесең сүйөм деп айтайын.
Жигит сүйүүсү сезимтал болбойт,
Арзуу айтканды тамаша ойлойт.
Тартынып жүрүп канча селкилер,
Сүйүүгө жетпей, бакытка тойбойт.
Махабат мыйзамы жөнөкөй болсочу,
Сүйүүсүн тартынбай билдирип койсочу.
Кайырма:
Карааныңды мага көрсөтпөй,
Ыйласам да сага сөз жетпей.
Жаным, күттүрүп сен кайда жүрөсүң?
Чынын айтчы, кимди сүйөсүң?
Ишенчээк кыз жүрөгү,
Тунук сүйүү - тилеги кыздардын.
Алданган сезимден,
Жаш тамды көзүмдөн, арман, ай.
Өчүрдүң жалынымды,
Калтырып көңүлүмдү.
Кайырма:
Арзуусу тунук, сүйүүсү ыйык,
Кыздын жүрөгү туруктуу.
Көздөрү ойноп, сезимди кордоп,
Жигит сүйүүсү кылыктуу.
Айтчы сага эмне жетпеди?
Ушул суроо ойдон кетпеди.
Жаным, эми сени эркелетпеймин,
Мүмкүнчүлүк такыр бербеймин.
Кечирбейт кыз жүрөгү,
Кетсе анын сүйгөнү башкага.
Алданган сезимден,
Жаш тамды көзүмдөн, арман, ай.
Өчүрдүң жалынымды,
Калтырып көңүлүмдү.
Кайырма:
Сүйөм дедиң, көзүң айтат калпыңды,
Ойноп айттың, оюң дагы салкынбы?
Буга чейин алдаптырсың көп кызды,
Бул жолкуда бузат окшойм салтыңды.
Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.
Кайырма:
Эркелетпе, эркелетчү сен эмес,
Сөзүң мага тамашадан бир элес.
Колун сунуп чуркагандар толтура,
Ашса ашат, бирок сенден кем эмес.
Жаным дедиң жалган айтып жалдырап,
Билем, бул сөз көп кыздарды азгырат.
Жылуу сөзүң жибитсе да жүрөктү,
Сүйө албайм, сезимимди камчылап.
Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.
Зарыгып сени күткөнмүн,
Жалгыздыктан кайыл болуп,
Мен баарына.
Үмүтүм такыр үзбөдүм,
Бул дүйнөдө ишенип,
Сенин барыңа.
Дайыма...
Бакытым болуп кезиктиң,
Арзуу толгон, жылдыз конгон,
Күн кечинде.
Ардагым, анда сезипмин,
Ашыктыктын ойгонгонуна сезимдин,
Эсимде...
Кайырма:
Билем баарын жеңесиң,
Билем аны келесиң.
Укпай тагдыр жемесин,
Айдап сүйүү кемесин.
Сүйүүбүз бар жоголгус,
Бирге турмуш жолдобуз.
Бир бутакка конобуз,
Биз бактылуу болобуз,
Дайыма...
Жашоомдо менин жашылдай,
Жан дүйнөмдү,
Жарык кылдың сен баарынан.
Жолубуз биздин жашыл бак,
Ыраазымын,
Табыштырган бул тагдырга,
Дайыма...
Кайырма:
|