|
Айя Садырова
Бардык видеолор: 26
Бардык аудиолор: 40
00:04:09
00:03:38
00:03:40
00:04:14
00:04:15
00:04:57
00:04:24
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : С. Алтымышовдуку
Обону : Т. Асанакуновдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Талант Кадыров, Айя Садырованыкы
Өткөн өмүрдөн,өздүк дүйнөмөн.
Мен өзүңдү издегем.
Таалайым эми таптым мен сени,тунук сүйүү из менен.
Сүйүү жолунда, ар бир оюмда.
Бир өзүң бол жанымда,
Агарган ак таңындай,
Бул жашоомдун баарында.
Келчи ардагым,колун кармайын,
Мезгил жарыгын,сага арнайын..
Кайырма:
Жалгызым жаным ай,
Жашоодогу жазымдай.
Сен барсын,мен бармын.
Сүйөм сени жаңылбай.
Жалгызым жаным ай,
Нур жүзүң суйуу таңымдай
Канча жыл күтүп,жүрөгүм сүйүп
Мен сени жаным таптым ай.
Биз энсеп жүргөн, экөөбүз күткөн
Наристебиз уулбуз..
Өзүңдоөй болсо,бийике консо
Аткарылат оюбуз.
Бир кыялыбыз,наристе кызыбыз,
Өзүңдөй болсо деймин,
Ойлонуп мен эңсеймин,
Жараткандан тилеймин.
Келчи ардагым,колун кармайын,
Мезгил жарыгын,сага арнайын.
Сөзү : С.Азимбаевдики
Обону : Г.Өмүрбекованыкы
Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.
Кайырма:
Сезбеди сагынганым сенин жаның,
Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
Жутпадым сен жыттанган,
Жутпадым сен жыттанган,
Сүйүү балын.
Айта албай убакыттын эрте-кечин,
Сыялап сырлар жазат кагаз бетин.
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
Калтырып махабаттын ыр-кесесин.
Кайырма:
Конбодуң чынарымдын бутагына,
Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.
Сөзү : Сейит Алтымышовдуку
Обону : Тараз Асанакуновдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Өмүрбек Доолоевдики
Обону : Атайбек Бодошевдики
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Негедир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күнүң сенден мага гүлдөгү
Сага айланып жашай берем күндөрдү
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып, күүлөнүп
Ойлорума күнү-түнү ширелип
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Сөзү : Эркин Насировдуку
Обону : Эркин Насировдуку
Сөзү : Айбек Эмилбек уулунуку
Обону : С.Искеналиевдики
Сөзү : Жазгүл Жамангулованыкы
Обону : Сардар Туркменовдуку
Жолуктум сага жоголгон сезим,
Жоодурап мага жолуккан кезиң.
Жылмайган жүзүң, жылдызы жарык,
Жанымда болчу, жанымда, кечир.
Жараткан сага арналган белем,
Жылмайган жүздүү, жылуулук менен.
Арналгам сага, арбалдым бүгүн,
Жаңырып сүйүү, жаңырып келем.
Кайырма:
Жанымда болчу табылган жаздай,
Жактырдым сени эч кимге айтпай.
Ай болчу менин түнүмдө жанган,
Арманым болбо, бул күндө калган.
Жаным, ай...
Күн болчу мага нурларын таккан,
Күйүтүм болбо, көөдөнгө каткан.
Буралган денең, белегиң сенин,
Билгизбей сүйгөн периштем менин.
Денемди өрттөп ысытып барат,
Акырын гана, дем алган демиң.
Таңгалам неге, эркимен чыгып,
Тартылып турам бей тааныш балага.
Жанымда болчу табылган жаздай,
Жактырдым сени эч кимге айтпай.
Ай болчу менин түнүмдө жанган,
Арманым болбо, бул күндө калган.
Жаным, ай...
Сөзү : Э.Мукашевдики
Обону : Э.Мукашевдики
В небо ночь раскинула звёзд новой партии,
И ты в ней появилась, даже очень кстати.
Как тебе идёт это чёрное платье:
С оборкой на груди и вырезом сзади.
Красива как восход, горячая пламя,
Я измеряю расстояния песочными часами.
А чтобы восточный быт был мне более понятен,
Я пересел на верблюда с Мазерати.
Я прилетел на ковре самолёте,
Но по прогнозу сообщили о нелётной погоде.
Я через телепорт к тебе бы переместился,
Но навигация вдруг подвела, и я с курса сбился.
Кайырма:
Восточная ночь не надо пиаров любви,
Восточная ночь дарит нам свои сны.
Восточная ночь в поисках Се ля ви,
Восточная ночь ты меня позови...
Тебя пьянят сандаловые сады,
Просто ты не знаешь видимо моей беды:
Как я стою один в этой степной тиши,
За спиной только ветер куда-то спешит,
И не у кого спросить куда ушли караваны.
За тобой, за звездой я иду словно пьяный,
Высохли фонтаны, исчезли миражи,
Обрушился дворец Мустафа Фарид Паши.
Часть моей души то в Токио, то в Перу,
Я в поисках тебя словно лист на ветру .
В горьком ожидании, в холодном поту
Сквозь бури и ветра я за тобой иду.
Кайырма:
Как на картинах Сальвадора Дали,
Как во снах, как в мечтаниях ты в моих живи.
И в этот раз я прошу не торопись уйти,
Побудь со мной ещё хотя бы в миражи.
Быть или не быть пускай решает время,
Пока в плену в облаках просто верь мне.
Не задумывайся и не выбирай,
Раз уж чаша любви пролилась через край.
Просто этот яркий, душевный огонь,
Перенаполнен любовью, перенасыщен тобой,
Просто через чур длинна эта ночь,
Просто наш Амур стреляет точь в точь.
Кайырма:
"Kiggaz" тобу менен биргеликте аткарган
|