|
Назира Кадыева
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 10
00:03:32
00:03:31
00:03:16
00:03:22
Сөзү : Гулзат Кудайбердиева
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Сөзү : Байэлдики
Обону : Байэлдики
Күн нурун чексиз чачкандай,
Сүйүү деген жашасын ай.
Түгөнбөгөн сезим менен,
Жүрөктөр кубансын ай,ай.
Күн нурун чексиз чачкандай,
Бакыт деген жайнасын ай.
Түгөнбөгөн сүйүү менен,
Жүрөктөр кубансын ай,ай.
Сүйүүнү каалайм сага,
Бактылуулук дагы да,
Жүрөктөн чыккан ырым арнаймын сага сага
Суйууну каалайм сага,
Бактылуулук дагы да,
Жүрөктөн чыккан ырын арнаймын сага
Кайырма:
Бакыт, бакыт каалаймын мен сага,
Аппак сүйүү,аруу бир таптаза.
Бакыт, бакыт каалаймын баарына,
Түгөнбөгөн туптунук таптаза.
Мен баарына.
Жылдыздар жайнап тургандай,
Жакшылык болсун дайым ай.
Жылмайып тосуп ар танды,
Жашайлы кубанып ай ай.
Жылдыздар жайнап тургандай,
Жараткан берсин бакыт ай.
Бактылуулук курчап бизди,
Жашайлы кубанып ай ай.
Сүйүүнү каалайм сага,
Бактылуулук дагы да.
Жүрөктөн чыккан ырым,
Арнаймын сага сага
Сүйүүнү каалайм сага,
Бактылуулук дагы да,
Жүрөктөн ырын арнайм сага!!!
Кайырма
Сөзү : Т.Нурматовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Жеңишбек Шамшиевдики
Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күнгө серпкен кулачын.
Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым.
Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Мен дүйнөдө сен тургузган эстелик.
Сөзү : К. Абдыразаковдуку
Обону : К. Абдыразаковдуку
Сагындым мен өзүңдү,
Сиз деп айткан сөзүңдү.
Унута албайт окшоймун мен,
Сенин кара көзүңдү.
Кайырма:
Эсиңдеби сен жаным,
Сүйөмүн деп айтканың.
Мени ушунча ишендирип,
Неге мени алдадың?
Алтыным мен күнүгө,
Сени көрөм түшүмдө.
Мына азыр олтурамын,
Ырым арнап өзүңө
Кайырма:
Кайда кеттиң сүйгөнүм,
Сени күтүп жүрөмүн.
Элесимде, көз алдымда,
Сен жылмайып күлгөнүң.
Кайырма:
Садагам менин жылдызым,
Таалайга бүткөн нур кызым.
Эл кызы болуп өсө көр,
Алдейлеп сүйсүн кыргызым.
Апалап мени сагынба,
Окуюн бурул чагымда,
Өнөрдүн чечсек түйүнүн,
Булбулдар сайраар багыңда.
Бала бир бакыт гүлүм го,
Балбылдап чыккан күнүм го.
Өбөктүү эрмек, жарп ачар,
Өмүрдө да таңгыс үнүм го.
Перзенттер, бооңор бек болсун,
Бейпилдеп жаңы шаар консун.
Шаанилүү турмуш даркандап,
Билимдүү менен эл толсун.
Асыл, ыйык сезим махабат,
Сүйөм турмуш жолу салтанат.
Аппак жолугуңдай тилегиң,
Жаным бир өзүңө арналат.
Ак куулардай катар бузбай учалы,
Бешик термеп өмүр жолун улайлы.
Бала кезде чачым өргөн апакем,
Бар бактымды көздөрүмдөн туябы
Бакыт тартууладың өзүмө,
Тамчы жаш алдырбай көзүмө.
Көңүл аздектешип өтөлү,
Жеңип сыноолорду дүйнөдө.
Сабалаган мезгил өтөт каш кагып,
Сага деген сүйүүм барат күч алып.
Бакыт бизге нурун тогуп кубантсын,
Асыл жарым, махабатым жыргалым.
Ак куулардай катар бузбай учалы,
Бешик термеп өмүр жолун улайлы.
Бала кезде чачым өргөн апакем,
Бар бактымды көздөрүмдөн туябы
Сөзү : Сооронбай Жусуев
Обону : Бабравшан Тургунбаев
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлдүк, жыргадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.
Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы-муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.
Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге басып, кол кармашып жүргөндө.
Бирок, анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга арга таппадык,
Жакын жүргөн менен алыспыз.
Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.
Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок жаным, мага таарынба.
|