|
Артык Саитов
Бардык видеолор: 2
Бардык аудиолор: 8
00:05:03
00:05:23
Кириш сөз:
Бир чал көрдүм колдо комуз кармаган,
Жашын төгүп, жаш баладай ыйлаган.
Жүрөктү эзет анын алсыз карашы,
Барбы пенде бул адамды сыйлаган?
Ээн көчөдө жалгыз адам келатса,
Эй адамзат, сен кайдигер караба.
Бул мен байкуш, көчө кезип кыдырган,
Байлыгынан, үй-бүлөдөн айрылган.
Кайырма:
Мен киммин?
Мен бир байкуш көчө кезген.
Ырдасам ырларым жүрөктү эзген,
Эй адамзат сен кайдигер караба.
Жашоом жаман, бирок жашайм, жашап келгем,
Бир убакта байлык менде төгүлгөн,
Кургур байлык түбөлүктөй көрүнгөн.
Айрылганмын байлык эмес, баарынан,
Жадакалса айдай сулуу жарымдан.
Кайырма:
Көчө кезем, комуз менин эрмегим,
Мен байкушмун, кимге менин керегим?
Күндөн-күнгө алдан тайып картаям,
Комуз сыздайт, а мен болсо ыр ырдайм.
Кайырма:
Кумар көз, назик жүрөгүм,
Сен ыйласаң сыздайт жүрөгүм.
Сүйүүнүн кудурети, жүрөгүм туйлап кетти.
Сүйүүм ашып барат бир сага.
Улуу тоодон гүлдөр терсем дейм,
Бир өзүңө тартуу кылсам дейм.
Сунган гүлүм аласыңбы?
Же жактырбай чанасыңбы?
Сүйүүм ашып барат бир сага.
Мен сенин айдай жүзүңө,
Кумарланам кара, кара көзүңө.
Сен ишенип кой сөзүмө,
Сүйүүм ашып барат, оттой жанып.
Сенин өзүңө...
Кош, кайталайм кош,
Башка сөз оюма келбейт го,
Негедир, дос.
Бош, ойлорум бош,
Айтайын мен бир сөз,
Негедир, айта албайм, дос.
Жоош, мүнөзүң жоош,
Узап баратам сенден,
Унчукпайсың го сен, дос.
Тост, көтөрдүм тост,
Буйруса кайрадан жолугарбыз,
Кош бол, дос!
Кайырма:
Узак жол, жеткис кол,
Эми досум аман бол.
Аман бол! Жеткис кол,
Бөлүп турат узак жол.
Узак жол, жеткис кол,
Эми досум аман бол.
Аман бол! Жеткис кол,
Бөлүп турат узак жол.
Жол, бул шыдыр жол,
Эч качан досторду бөлбөсүн,
Бул узак жол.
Кол, сунулган кол,
Бек кыстың колумду кайталай:
Дос, аман бол!
Жол, бул узак жол,
Жамандык, кайгы, капа,
Жолумдан кач, жогол!
Ошол, калоом ошол,
Буйруса кайрадан жолугарбыз,
Досум, аман бол!
Кайырма:
Акча деген жаман нерсе,
Чоң карызга баттырат.
Өз үйүңдү бөтөн кылып,
Башка үйгө жаткырат.
Акча ээси күндө келип,
Күндө сени шаштырат.
Үйүңдөгү буюмуңду,
Арзан гана саттырат.
Кайырма:
Эмне кыласың, эмне кыласың?
Эмне кыласың, эмне кыласың?
Эмне кыласың, эмне кыласың?
Оо, Кудай деп сыйынасың.
Бирок будан пайда барбы,
Эми эстедиңби кудайды?
Жакпай калган сага таңдын,
Аппак болуп атканы.
Үйүңө бирөө келип,
Эшигиңди какканы.
Күнү-түнү убарасың,
Убарасың, акча издеп.
Билбейсиң үй-булөңдүн,
Ачпы-токпу жатканын.
Кайырма:
|