|
Акбар Сүйүнбаев
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 31
00:04:00
00:03:39
00:03:45
00:02:41
00:03:39
00:03:39
Сөзү : Э.Түмөнбаевдики
Обону : А.Сүйүнбаевдики
Сөзү : Эрлан Жумагазиевдики
Обону : Акбар Сүйнбаевдики
Сөзү : Э. Түмөнбаев, А. Сүйүнбаев
Обону : А. Сүйүнбаевдики
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбеков, Акбар Сүйүнбаевдики
Обону : Акбар Сүйүнбаевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Аакбар Сүйүнбаевдики
Сөзү : М.Алыкуловдуку
Обону : М.Алыкуловдуку
Дүйнөдө ыйык махабат,
Жете албай жүрөм төрүнө.
Өзүңдөн мээримиң самап,
Сүйүп жашайм мен өмүрдө.
Жан дүйнөм жетелейт сага,
Жолугуп, күндөрдү самап.
Сүйүүмдү кайталап айтып,
Үмүтүм өзүңө барат.
Жүрөктү терең уялап,
Жүрөсүң табылгыс жандай.
Жамалыңдын нуру тамат,
Асмандагы айдай...
Кайырма:
Ал менин махабатым,
Жүрөгүмдү ээлеген ашыктык деми менен.
Ал менин махабатым,
Үзүлбөс үмүт менен жалгыз сен деп жашап келем.
Жылдыздай жанып асманда,
Жүрөктү салып арманга.
Кусага толуп сезимим,
Жашаймын сен деп жалганда.
Жарыгым сенсиң, ардагым,
Жалының сыйкыр өңдөнүп.
Жашоонун муңун-азабын,
Жаркыным, бирге бөлөлү.
Тумарым болчу өчпөгөн,
Туу болуп жүрөк төрүндө.
Максатым сенсиң көздөгөн,
Жалындуу өмүрдө.
Кайырма:
Досум мага таарынды,
Канатымды кайрыды.
Эт жүрөгүм эзгилеп, ай,
Неге мынча сагынтты?
Жандаш жүргөн дос элек,
Жарты нанды бөлчү элек.
Экөөбүзгө эмне болду?
Бир болобуз дечү элек.
Кан досуңа таарынба,
Жаңы доско жагынба.
Кандаш досуң күйүп-жанат,
Барыңда да, жогуңда.
Түн болбосо ай болбойт,
Суу болбосо көл болбойт.
Адамзаты ушундай да,
Дос болбосо эл болбойт.
Күн шооласын жерге чачып,
Айылымдын шаңын ачып.
Достор менен жолугушсам,
Кайгы-капа кетет качып.
Өтө тунук суулар агат,
Шылдыр үндүү обон салат.
Жылдыз толсо көк асманга,
Жымыңдашып күйүп-жанат.
Кайырма:
Айыл кечи керемет,
Ак булуттан тунук жамгыр себелеп.
Айыл кечи керемет,
Бейпил жашоо булагы тереңдеп.
Көчө бойлоп күлүп-жайнап,
Кыздар өтөт кылыктанып.
Гүл бакчада булбул сайрап,
Айылымдын көркүн ачып.
Күүгүм кирсе айланага,
Көчө карап кайра-кайра.
Кыздар күтөт жигиттерин,
Кубанычы жетип айга.
Кайырма:
Термелгенде бак-дарактар,
Теребелди козгоп салат.
Жалындаган биздин жашта,
Алоолонуп күйүп-жанат.
Табигаттын атыр жыттуу,
Абасына моокум канбай.
Айылымдын сулуулугу,
Карай берем көзүм талбай.
Кайырма:
Күн батып тоо артына,
Күлмүңдөп жашына.
Карачы кандай сонун,
Кечкиси Кочкорумда!
Кайырма:
Ай чыгып, жылдыз толуп,
Багына куштар конуп.
Шаттанып көчөлөрү,
Жаштыктын ыры толуп.
Жаркырап Кочкор кечи,
Жалындап бизге келчи.
Шаттанып көчөлөрү,
Жаштыктын сүйүү кенчи.
Оттору жарык чачып,
Көркүнө көркүн ачып.
Кечкисин суктанамын,
Аралап жайдан басып.
Кайырма:
Башка адамга мени таштап, жаным, кетсең,
Ал адамга сен жар болуп колуң берсең.
Жүрөгүмдө сенин атың өчүрө албай,
Баары бир мен сендик болуп кала берем.
Кайырма:
Сүйөрүмдү айтып жүрсөм ишенбесең ишенбе сен,
Сүйөм десем мерез жансың сен сезбеген.
Элестетип көз алдыма келбетиңди,
Жетпесем да бактылуумун өзүмчө мен.
Сезим таза, сүйүү жамгыр себелеген,
Кир жукпаган жүрөгүмдө жашайсың сен.
Сүйүп жүрүп сүйөрүмдү тана албастан,
Баары бир мен сендик болуп кала берем.
Кайырма:
Сөзү : Б.Сарногоевдики
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.
Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.
Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми шакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.
Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
Жан дүйнөмдүн жарык шооласы,
Сени издейт чексиз ааламда.
Мээрим чачып турсаң жүрөккө
Бул жалганда.
Тагдырымдын белегисиңби,
Таңдагы периштем сенсиңби,
Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби?
Кайырма:
Таңдын нуру сага төгүлүп,
Маайыңдан жылдыз көрүнүп,
Сени сүйдүм, таңдын сулуусу.
Жүрөгүмө сүйүү ойготуп,
Таң сулуусу, азыр кайдасың?
Аламбы деп сени жоготуп,
Издейм сени табуу айласын.
Кайырма:
Таңдын нуру сага төгүлүп,
Маанайыңдан жылдыз көрүнүп,
Сени сүйдүм, таңдын сулуусу.
Саамайыңдан салкын жел сылап,
Сага гана арнап гүл сунам,
Табышмактуу тандын сулуусу.
Муңкандырып жүзүмдү,
Жылдарым жылып баратат,
Эңсетип жалгыз өзүңдү.
Арман көлүн кечербиз,
Байланып аруу сезимге,
Бакытсыз жандар экенбиз.
Кайырма:
Арманымдын азабын кечтим,
Мендей сага каалабас бакыт эч ким.
Ардагым, сүйө албас мендей эч ким.
Арманымдын азабын кечтим,
Мендей сага каалабас бакыт эч ким.
Ардагым, сүйө албас мендей эч ким.
Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың,
Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым.
Мен сезимге канат байлап сага учкам,
Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым.
Жүрөгүмө элесиң,
Уялады терең-терең,
Бил, сезимим сени менен.
Арманга сен алдырба,
Айыпсыз жаным кайгырба,
Ансыз да баттым кайгыга.
Кайырма:
Айлана, аралайсың жай гана,
Айдай жүзүңө калдым арбала.
Садагам, менин садагам,
Жаным, карегиңден сенин айланам.
Кайырма:
Жүрөм көзүңдү самап,
Мага күлгөнүң жагат,
Тартылам көздөрүңө сенин карагат.
Таттуу, ширин махабат, ортобузда жаралат,
Көздөрүң көздөрүмө менин кадалат.
Жаным ай, жарым болчу сен белең,
Таза сезимиң менен жараткан берген.
Жанымдай эркелечи, берекем,
Жашайбыз бирге ак сүйүү менен.
Кайырма:
Табият таалайына берген жерим,
Ала-Тоо ак мөңгүлүү, толгон кени.
Оргуштап булактары атырылып,
Көргөндүн көтөрүлөт жүрөк деми.
Кайырма:
Черткенде шаңшый берет үч кыл комуз,
Бабалар бата берет, кошуп добуш.
Төбөдө көпкөк асман күбө болгон,
Теңир-Тоо - ата конуш кыргыз тапкан.
Кыргызым, элим кыргызым,
Кыргызым, элим кыргызым,
Элим кыргызым...
Кыргызым кылым санап арыбаган,
Таалайы өнүп-өсүп карыбаган.
Тамшанткан Теңир-Тоонун табияты,
Сырт жактан келгендерди таңыркаткан.
Кайырма:
Ачылган гүлдөйсүң, жаным, татына,
Чачылган кирпиктериңе тартыла.
Жанчылам жалгыз өзүңө жалына,
Ай-ай-ай, ай-ай-ай...
Таң атса, жаңы сага күн батат,
Тартылган көздөрүңө мактанат.
Түркүн түс түрмөктөп сүйлөгөнүң,
Түртүлгөн кош төшүң үйлөнгөнбү?
Кадамың майда-майда таштаганың,
Жүрөктү дүкүлдөтө баштаганың.
Артыңдан калбай ээрчигенмин,
Азгырат алча эриндериң (өзүнчө эле Sexy!!!).
Кайырма:
Жылмайсаң жылбай калам, кагыламын,
Жылтырап чыга келсең жарыламын.
Интернет дарек-дареметиң,
Ирмесең карек какты демим.
Курчаган курдаштарың тим эле, (тим эле)
Сулуусу араңарда ким эле?
Сырдашкан сырларың жигиттерди,
Сыласаң сынып жибитеби?
Кайырма:
Сөзү : У.Усеновдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Күтүп жүргөн күндүн таңы аттыбы,
Күлгүн нуру жүрөгүмө жактыбы?
Чырайың чылап ичпедим,
Тийди тиктешиң,
Тилиме жанып, тилегиме гүл тиккениң.
Кайырма:
Керилген керемет пери,
Сезимимдеги,
Келчи, келчи.
Керилген керемет сезим,
Кечигип келди, келди,
Кең дүйнө сезилди.
Жүрөгүмдүн жүдөгөнүн билбедиң,
Үзүп түшкөн үмүтүмдүн илгени.
Бар белең, кайда жүргөнсүң,
Бакыт жүрөгүм?
Жанданат эми кайра кургаган мүрөгүм.
Кайырма:
|