|
Кайыргүл
Бардык видеолор: 4
Бардык аудиолор: 7
00:03:28
00:03:44
00:03:55
00:03:07
Сөзү : А.Бекешовдуку
Обону : Н.Турсунбаевдики
Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.
Жеткичекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.
Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көк,
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
Сөзү : А.Алымов, Добрдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Супер гезит бул – “Супер Инфо”,
Супер гезит менен алдыда бол.
“Супер-Инфодон” гана табасың,
Супер менен мезгилден калбайсың.
Мезгил өтөт, заман өзгөрөт,
Убакыт талыкпайт, оку көбүрөөк.
Ошондо гана сен алдыда болосуң,
Өз колуңда сен туура жолдосуң.
Бизди танда биз сени тандайбыз
Бирге, чогуу биз артта калбайбыз.
Талантың барбы өргө чабар өнөр,
Анда эмне турасың биз менен бол.
Бер өзүңө жол, кыл элиңе кызмат,
Бери көздөй чыгып, элиңе бер кубат.
“Супер-Инфо” дайыма бол кабардар,
Бизге кошул, мезгилден артта калба!
Жымыңдаган, жылдыздардай,
Көктө жарыктардай.
Сезилет го ал жомоктой
Тартылат сыйкыры бардай
“Мезгилден артта калба!” деп
Бакыт тилеп
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген.
Жолун улай бирге болот,
Супер артта калбайт.
Эмгектенет ал талыкпай,
Адашпай жолун тандай.
“Мезгилден артта калба!” деп,
Бакыт тилеп.
“Мекенди ыйык сакта” деп,
Сатпагын деп.
Кайырма:
“Супер-Инфо” элим менен,
Жерим менен эскирбеген.
“Супер-Инфо” кылымдарга,
Өчпөс болот эскирбеген
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Санаалар уюп, сайылып канжар сезимге,
Сагыньп сени, саргайып жүргөн кезимде.
Ак толкун болуп, ак шоокум болуп,
Көрүнчү мага, периштем.
Көңүлүм эңсеп тайызды эмес, тереңди,
Түндүктүн суугу турганда каптап денемди.
Аскарым болуп, ак жалын болуп,
Жылытчы мени, периштем.
Жетем деп улам жылт эткен максат соңунан,
Бараткан кезде чырмалып кайгы торуна.
Карекке конуп, үмүтүм болуп,
Жанымда турчу, периштем.
Чарчадым эми дайыма тынбай сени издеп,
Турамын азыр кабагым бүркөө, сени эңсеп.
Ак таңым болуп, ак шамым болуп,
Түшүмө кирчи, периштем.
Сөзү : Кайыргүлдүкү
Обону : А.Бержибаевдики
Жымыңдаган жылдызым белең менин ай-ааламда?
Оюм чексиз кучагыңдамын сенин кыялдана.
Колунду кармасам, бактылуумун ар качан,
Багыңда каалаган, гүлүң болом сага.
Аалам аралай, атың кайталай,
Жүрөк жылыткан сезим уялай.
Кайырма:
Жымыңдаган жылдызым белең менин ай-ааламда?
Оюм чексиз кучагыңдамын сенин кыялдана.
Кубанычым көргөн сайын сени коюнума батпай,
Чырагымбы жарыгын чачкан мага кокту аралай?
Сүйүүмдү айтуудан кааласам да тартынам,
Байкачы, суранам, жашайм сен деп гана.
Аалам аралай, атың кайталай,
Жүрөк жылыткан сезим уялай.
Кайырма:
Жымыңдаган жылдызым белең менин ай-ааламда?
Оюм чексиз кучагыңдамын сенин кыялдана.
Кубанычым көргөн сайын сени коюнума батпай,
Чырагымбы жарыгын чачкан мага кокту аралай?
Сөзү : Ж. Исабаеваныкы
Обону : А.Такырбашевдики
Эстейм да, ыйлай берем,
Тамчыларга айланып тыпылдаган.
Эстейм да, жашап келем,
Наристедей бактылуу кытылдаган.
Кайырма:
Кучагың тосчу, коноюн,
Кубантып ырга ороюн.
Сезимим сен деп таптаза,
Сүйүүңө кул болоюн.
Жүрөгүмдү сага арнадым,
Күндөрүм да күтүү менен өтүп барат.
Келесиңби, сагындым,
Үмүт бирок өчүп-жанат.
Кайдасың, айтчы кабарың?
Ашыгым, мен сага азыр учуп барам.
Талпынып таап барайын,
Айтчы, кайдасың?
Кыялымда жанымдасың,
Ар дайым асылым, жазымдайсың.
Эркелеп, эртерээк барсам дейм,
Катылган сырымды айтсам дейм.
Кайырма:
Кусаланып жалгыз калып,
Кереметтүү дүйнөм тарып.
Суранарым сенден дайым,
Кайрып берчи махабатым.
Кайырма:
|