|
Аида Маканбаева
Бардык видеолор: 6
Бардык аудиолор: 12
00:03:43
00:04:21
00:03:32
00:03:10
00:03:20
00:03:20
Сөзү : Бердибек Жамгырчиевдики
Обону : Аида Макамбаеваныкы
Сөзү : Каныбек Иманалиевдики
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Дыбыр-дыбыр терезем,
Жазгы жамгыр жаш төгөт.
Жүрөгүмдү мен эзем,
Терезеге баш жөлөп...
Кайырма:
Ыйлабачы, терезе,
Кыйнабачы, терезе!
Мөлт эткен бир жаш сымал,
Калыпсың сен эсимде...
Ыйлабачы, терезе,
Кыйнабачы, терезе!
Мөлт эткен бир жаш сымал,
Калыпсың сен эсимде...
Жашка толо мөлтүрөп,
Төгүлчүдөй терезем.
Сыздап кетти жүрөгүм,
Эске түшүп неге сен?
Кайырма:
Ыйлабачы, терезе,
Кыйнабачы, терезе!
Мөлт эткен бир жаш сымал,
Калыпсың сен эсимде...
Ыйлабачы, терезе,
Кыйнабачы, терезе!
Мөлт эткен бир жаш сымал,
Калыпсың сен эсимде...
Көзүмдөн жаш мөлт эткен,
Коштошордо соңку ирет.
Карап жолду сен кеткен,
Ойго батам мелтиреп...
Кайырма:
Ыйлабачы, терезе,
Кыйнабачы, терезе!
Мөлт эткен бир жаш сымал,
Калыпсың сен эсимде...
Ыйлабачы, терезе,
Кыйнабачы, терезе!
Мөлт эткен бир жаш сымал,
Калыпсың сен эсимде...
Атам, энем, карааныңдан садагам,
Сансыз ойго батып келдиң санаага.
Арбын жылдар жолуңарда миң азап,
Өмүрүңөр арналды го балаңа.
Атам, энем, таалай бактым, берекем,
Эбегейсиз эмгегиңер зор экен.
Экөөңөргө карыздармын арылгыс,
Алкап турчу пейилиңер кең экен.
Атам - түркүк, аска-зоодой, медерим,
Ачтың жолдун кызың үчүн кененин.
Бир күнчөлүк ак сүтүңө энекем,
Арзый белем жаным курман берейин,
Атам, энем, ыйыксыңар медерим.
Күтпөчү сагынарым, сагынарым,
Саргарып калар бекер ак ыраңың.
Жайнаган элик көзүң сумсайбасын,
Жароокер мен өзүңдү сагынамын.
Келип кал дүйнө-жүзүн жарык кылып,
Шоолаңды, нуруңду эч аябастан.
Өзүңсүз мен кеттим муздай сынып,
Өзүңсүз жылдызы жок, бүркөк асман.
Маанилүү сен бар үчүн жарыкчылык,
Маанилүү ырдоо жана күтүү жетпей
Тагдырым берет жыргал зарыктырып,
Жашаймын махабаттан үмүт үзбөй.
Жүрөк толкуп ашыга,
Гүлдөй жайнап ачыла.
Сезимдерди арнадым,
Жаным, сенин гана атыңа.
Көрбөй калсам сагынам,
Көздөрүңө жалынам.
Асылкечим, ардагым,
Сени жакшы көрөм баарынан.
Кайырма:
Жүрөгүм сен деди, өзүңдү эңседи,
Жалгызым болдуң сен эми.
Сүйүүнүн бешигин өзүң деп термедим,
Жаз болуп мага кел дедим.
Кубанам бактыма, жанымда барыңа,
Ак сүйүү толкуп канымда.
Сүйөмүн бир сени мен, жаным,
Мени таштаба.
Жок нерсемди бар кылган,
Сүйүү отун жандырган,
Жалгыз гана бир өзүң.
Жаным, махабатка мас кылган,
Жарыктай жалжылдаган.
Сен барда чексиз аалам,
Зор бакыт тартуулаган,
Сүйүүгө кылбайм мен арман.
Кайырма:
Тагдыр буюруп таптым бактымды,
Махабаттын дайрасына эргип актымды.
Чексиз кубанам дүйнөм тазарып
Талпынамын таалайыма таңдай агарып
Кайырма:
Жалгыз ардагым
Жандай ынагым
Жалгыз сага эрким арнадым
Сенсиң жыргалым,
Дүйнөм, жарыгым,
Жалгыз сага сүйүүм арнадым
Эч ким билбеген сырлар жашырам,
Бакытым деп кадам таштап сага шашылам
Батып кыялга эңсеп сагынам
Арнап сага ак сүйүүмдү мончок тагынам.
Кайырма:
Өмүр дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең кеч келбе.
Асылкечим кайдан чыга калдың ай?
Мынтип жашым отуз чактан өткөндө.
Мынтип жашым кырктан өтүп кеткенде.
Жашоо жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге.
Жүрөк сыздап жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп белден каруу кеткенде.
Сен жолугуп мен алыстап кеткенде.
Сен да селки, асманда эмес жердесиң,
Сен да мендей, күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?
Караганда, көзүңдөгү карекмин,
Кармаганда, бышып турган данекмин.
Чагып жебей өстүрүп же данымды,
Чамам бүтсө чал катары керекмин.
Сүйүүлөр анда сүйүү эле, чынында, жаным,
Берилип сүйүп калган элем өзүңдү, жалгызым.
Апакай сезимди жүрөктө сактап жүрөмүн мен дагы,
Андагы сезимди унутпай сен да жашыңды агыздың.
Кайырма:
Эх, сүйүү, сен неге алыссың?
Кайрылып келчи, сага жетпей калыпмын.
Эх, сүйүү, сен неге алыссың?
Бактымды берчи, сагынычым жазылсын.
Алтыным, асылым, арманым,
Жылдыздай жадырап жанганым,
Асманым болгун, ак таңым болгун, өзүңдөй таппадым.
Махабат кайда, сезимдер кайда, табалы, жаным,
Кол сунуп жетпей, күндөрүм өтпөй жүрөктө жалын.
Эртеби, кечпи күттүрбөй келчи, зар болдум өзүңө,
Сагынычтан, кусалыктан саргайды багым.
Кайырма:
Бир көргөндө мени арбадың,
Махабаттын салып салмагын.
Мен өзүмчө жанып, эсимден танып,
Колдоруңдан улам келет кармагым.
Кайырма:
Арзуу багында, махабаттын таңында,
Телегейим тегиз го, өзүң болсоң жанымда.
Арзуу багында, махабаттын таңында,
Телегейим тегиз го, өзүң болсоң жанымда.
Карааныңды көрсөм алыстан,
Кадамдарым жайлайт басыштан.
Бир өзүңдөн сезем жаным сүйүү, бактысын,
Берчи мага махабаттын ачкычын.
Кайырма:
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстеп,
Баскан изиң башкалардан кызганып.
Бири-бирин көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратмаң сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.
Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бакта түнү бою тил безеп,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп.
Караба, караба, көп кадалып караба,
Батпа күйүт санаага.
Жүрөктү жаралап, сага деген махабат ,
Жанбай калды арманда .
Кайырма:
Тарынба, тарынба,
Сага кымбатым, мен каалаймын дайым,
Каалаймын дайым.
Сага аппак сүйүү мен каалаймын, жаным,
Каалаймын, жаным.
Ыйлаба, ыйлаба, капаланба, сыздаба,
Азаптарга кайгырба.
Тагдырга таарынба,
Жете албадык бакытка .
Кыйнабагын жалынба.
Кайырма:
Кош эми, кош болгун,
Жалындаган махабат өчтү.
Арзуулар чөктү,
Андагы балалык сезимдерим кайрылбай кетти,
Жүрөктү эзди.
Кайырма:
|