|
Аваз Акимов
Бардык видеолор: 26
Бардык аудиолор: 55
00:03:03
00:03:29
00:00:00
00:04:05
00:05:06
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
00:02:54
00:03:30
Сөзү : Алтынай Нарбаеваныкы, Канатбек Эргешовдуку
Обону : Аваз Акимовдуку
Сөзү : Камчы Өскөнбаевдики , Чыңгыз Кудайбердиевдики
Обону : Ильяз Абдразаковдуку
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Сөзү : Камчы Өскөнбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Эрнист Түмөнбаевдики
Обону : Михаил Марвиндики
Сөзү : Сыймык Бейшекеевдики
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : Т. Салиевдики
Обону : А. Акимовдуку
Убакыт учуп барат бизден алыс жайга,
Билбейм азыр ал мезгил кайда,
Кутуп калабыз таппай айла.
Неге күлүп турган күндөр өмүр жазда,
Кайрылып бизге келбейт кайра,
Өткөндү сагынабыз танда
Өткөндү сагынабыз эртең кайра издейбиз,
Келбесин билип кол шилтейбиз
Убакыт өтпөй турса дейбиз.
Азыр келечектин анык кезеги биз,
Амандык болсо эртенибиз
Келгенде баркын билели биз
Кайырма:
Ай убакыт барасың уланып,
Сагынам өмүрдүн
Жолунда баратып.
Ай убакыт өтөсүң туталанып,
Сагынам тагдырдын,
Төрүндө баратып
Сөзү : Руслан Нарынбаевдики
Обону : Руслан Нарынбаевдики
Наздыгын учун, жаз гүлүн бүтүн
Бүт алдыңа сенин төшөйүн
Аялуу дүйнө аларга тийбе
Гүлүң болуп, өзүм өтөйүн
Кайырма:
Ачылып жаңы,аязда дагы
Жоогазындай жаштык жамалы
Жанаша жүрүп, жараша күлүп
Гүлдестеге окшоп ээй алалы
Жылмаюуң үчүн жылдызды бүтүн
Мончок кылып сага тагайын
Ажайып дүйнө аларга тийбе
Чолпон болуп өзүм жанайын
Түндөсү дагы күндүзү дагы
Жылдыздана жаштык жамалы
Бөлүнбөс болуп өмүрлөш болуп
Кош жылдызга окшоп эй жаналы
Бир өзүң учун өмүрдү бүтүн
Курмандыкы деле чалайын
Ардагым эми аячы мени
Жалгызсырап кантип калайын
Жанаша жүрүп, жараша күлүп
Гүлдестеге окшоп алалы
Бөлүнбөс болуп, өмүрлөш болуп
Кош жылдыздай көктө эй
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Шаң болуп көңүлгө,
Келгенсиң өмүргө.
Таттуусуң наристем,
Атаңа көчүрмө.
Кылыгыңа тойбойм,
Ойносоң бирге ойнойм.
Окшотом өзүмө ,
Кубултуп койгондой
Наристем балапаным
Эзилтет быйтыйган алаканың
Наристем балапаным
Бакыт да жашоомдо сенин барың
Наристем балапаным
Эзилтет быйтыйган алаканың
Тилейбиз өмүрүңдү,
Узак кылсын 2 Жаратканым
" Неберем,эрмегим",
Деп сени колунан
Түшүрбөй көтөрүп
Чон атаң,чон апаң
Мээримге бөлөнүп
Ыйманын тен өссун
Тайата тайэнен
Сыймыгым деп өтсун
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Сыймык Бейшекеевдики
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Аваз Акимовдуку
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Аваз Акимов менен Нурлан Насиптики
Кубанычта жашап келет жүрөгүм,
Күлмүңдөгөн көздөрүңдү сүйөмүн.
Бактым үчүн жаралгансың, ардагым,
Ай-ааламдан издеп сени жүргөнмүн.
Кайырма:
Сен - жүрөгүмдүн жарымы,
Сен - жашоомдун жарыгы.
Жаным, жаным, таттым мен сүйүү балын,
Жаным, жаным, айдай сулуу ардагым.
Жан дүйнөмдү арнайм баарын сен үчүн,
Жаратканым берсин сүйүү биз үчүн.
Жан эркем деп эркелетип ар дайым,
Жамалыңдан сүйгүм келет өзүңдү.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Аваз Акимовдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Аваз Акимов, Эдил Маматовдуку
Сөзү : А. Өмүркановдуку
Обону : А. Керимбаевдики
Сөзү : Ж.Абдраимовдуку
Обону : Н. Насиптики
Сөзү : Аxмедия Есмұxановдуку
Обону : Аxмедия Есмұxановдуку
Сөзү : Ильгиз Абдалиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Эрлан Андашевдики
Кубат алып ак сүйүүдөн жашап келемин,
Кулач жайып күтүп турат сенин элесиң.
Сагынычка, кубанычка, жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Сезимимди жектебе, жүрөктү эзбе, жүрөктү эзбе,
Жүрөгүмдү эзбе, кыйнаба.
Кайырма:
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.
Сезим термеген, канат сермеген,
Себебин билбей, жүрөсүң сезбей.
Көздө бакыт учкундары сен үчүн жанат,
Карек толо сүйүнүчтүн жаштары тамат.
Күтүү, үмүт, кубанычка жипсиз байлап өзүңө арбаган,
Жетелеп кетпе, максатсыз жерге, максатсыз жерге,
Максатсыз жерге кайрадан.
Кайырма:
|