|
Эдил Маматов
Бардык видеолор: 11
Бардык аудиолор: 21
00:04:11
00:03:42
00:03:23
00:03:54
00:04:54
00:03:00
00:03:15
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Таптым бүгүн жарыгымды!
Тагдырымда жарымымды.
Өзүң менен таптым көңүл мен издеген
Сыноону бирге жеңем,
Ай, өзүң менен
Кайырма:
Ай Бакытым жаным, махабатымды
Бир сенден таптым,
Мени өзүңө бир өзгөчө
Байлап алдың.
Күлүп жайнап жүрчу дайым, күн жамалың.
Балбыл жанган көздөрүңдү
Жалт караймын.
Кайырма:
Көктө учамын сенин жаныңда
Толкуп турамын
Мен өзүңдү көргүм келип, кайра-кайра
___
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Мирлан Ниязовдуку
Сөзү : Нурмат Садыровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Ак жамгырда сени издедим,
Жаным, үнүң угулат.
Көздөрүңө байланганмын,
Көргүм келет ар убак...
Ыйлаба, жүрөк,
Өкүнгөн менен пайда жок.
Ыза толгон күйүтүм бар,
Сен сезбейсиң, а бирок...
Ыйлаба, жүрөк, бүл күндөр өтөт,
Азыр жол таппай адашып жүрөт.
Ыйлаба, жүрөк, өзүңдү күтөт,
Өмүрүн арнаган жан...
Эсиңдеби эркем менин,
Эң алгачкы сезимдер?
Мезгилинде гүлүн ачкан
Жаным деген эриндер...
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Жашынба, менден жашынба,
Тартынып көзүң качырба.
Каректен баарын сеземин,
Сезим толкуп ойносо да, шашылба.
Кайырма:
Ачыгын ай, чыныңды айт,
Көздөрүң сүйүү жашырбайт.
Ачыгын ай, жалындайт,
Жүрөккө жүрөк жакындай.
Сеземин сенин сүйүүңдү,
Көзүңдөн баары туюлду.
Жүрөктүн тапсам ачкычын,
Сенин дагы таба аламын жолуңду.
Кайырма:
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Жан тартып ардагым, жакындай албадым,
Күйүп сен жатканың сезчүмүн мен.
Өзүңө боор ооруп, бүттүм го торолуп,
Ак сүйүүм жоголуп, издедим мен.
Жолумдан адашып жүрүпмүн мен...
Кайырма:
Эзилип жүрөгүм, өзүңдү сүйбөдүм,
Сен мени сүйсөң да, жактырбай жүргөнмүн.
Кечиргин айдайым, эми адашпаймын,
Өзүңдөн башканы жактырбайм, жалжалым.
Жүрөгүм жылыбай, жаныңдан чыга албай,
Кыя албай эзилип жүргөнмүн мен.
Жандырып күйүтүм, адашып жүрүпмүн,
Бактымды түрткөнүм, кечиргин сен,
Жолумдан адашып жүрүпмүн мен...
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Кыялымда жашаган,
Ар бир жигити самаган,
Кыргыз кызы, кыргыз кызы.
Көргөн көздү тамшантып,
Махабатымдын таңы атып,
Мен үмүттөнөм, үмүттөнөм.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм.
Шөкүлөсү көрк берген,
Ашык болуп көп мерген,
Ачылат тоонун гүлү болуп.
Жашында, жашында,
Каректеринен нуру жанып,
Ширин сөздөрүнөн балы тамып,
Күлмүңдөгөн, көздөрүнөн.
Кайырма:
Басканы да, сонун да, ак маралым,
Жүрөт тоо боорунда, ай, койнунда...
Үмүттөнүп карайм, сезимимди жашырбайм.
Сезим оту жалындады,
Канат байлайт кыял дагы,
Сен жашынба, сен жашынба.
Мен мусулман адам уулу,
Сен да ошондой мусулман.
Менин диним - Ислам дини,
Бир Кудайды туу туткан.
Сен да ошондой мусулман,
Мен да ошондой мусулман.
Кайырма:
Аллоху Акбар!
Аллоху Акбар!
Ла иллаха илла лоху,
Ла иллаха илла лоху,
Ашхаду анна Мухаммаду Рассул Алло.
Өмүр сага берилгендей,
Жараткандан берилди.
Алладан нур төгүлгөндө,
Биссмилла деп төгүлгөн.
Кайырма:
Кел, ыйманга келгиле деп,
Жаратканым чакырар.
Ыйманы бар адам уулун,
Алла Таалам жактырар,
Жаратканым жактырар.
Кайырма:
Сөзү : Жаңылай Исакованыкы
Обону : Эдил Маматовдуку
Жалгызым деп сени жүргөм,
Жүрөгүмдөн берилип, сени сүйгөм.
Жараладың жалган сезимиң менен,
Сыздап жүрөм...
Кайырма:
Жок, келемин дебе
Жок, кайрылчы дебе
От сезимдер өчтү,
Ооруду көңүл чөктү.
Үзүп салган үмүтүмдү,
Унута албай ичтеги күйүтүмдү.
Урдап алып, жан дүйнөмдү сезбедиң,
Күйгөнүмдү...
Кайырма:
Жок, келемин дебе
Жок, күтпөймүн келбе
От сезимдер өчтү,
Ооруду көңүл чөктү.
Жок, келемин дебе
Жок, күтпөймүн келбе
От сезимдер өчтү,
Ойнотуп жүрдүң неге?
Олтурам мен жалгызсырап,
Жанымда гүлдөр турат.
Ал гүлдөр сени эстетет,
Олтурам ыйламсырап.
Кайырма:
Эрке кызым Элиза,
Сен сулуусуң дайыма.
Сүйө албадым сенден башка,
Сүйчү мени, садага.
Кол сунсам колум жетпей,
Ар дайым сени эстей.
Ак жүздүү күлмүңдөгөн,
Элесиң эстен кетпей.
Кайырма:
Эрке кызым Элиза,
Сен сулуусуң дайыма.
Сүйө албадым сенден башка,
Сүйчү мени, садага.
Жетпесем мен тилегиме,
Жетпесем сүйгөнүмө.
Түбөлүккө мен таарынамын,
Кайрылгыс өмүрүмө.
Кайырма:
Эрке кызым Элиза,
Сен сулуусуң дайыма.
Сүйө албадым сенден башка,
Сүйчү мени, садага.
Шумкардай булут жиреп,
Жарышып мезгил менен.
Ак бата сурап алып,
Алыска жөнөдүң сен.
Сыймыгың энең, атаң,
Санааркап оорубастан.
Сапардан келгениңде,
Сүйүнүп тосуп алса.
Кайырма:
Айылдан кеткениңде жетем деп тилегиңе,
Зарыгып сени күткөн ата-эне.
Капырай келет эле, кечикти балам неге?
Алдыңа кетсем деген ата-эне.
Тулпардай шамал жиреп,
Талпынып из келгенде.
Турмушта ордуңду издеп,
Тууруңдан учарда сен.
Табылса издегениң,
Тез эле келем дедиң.
Катташып турсак ошол,
Бактысы ата-энеңдин.
Кайырма:
Жаным, жаным бал ширини тамган,
Жалын, жалын көздөрүнөн жанган.
Алыстап жалгыздыктан,
Сиз менен бирге барсам.
Багым, багым калбасын армандар,
Жазым, жазым болбосун жалгандар.
Жан дүйнөң алыстарга,
Калбасын ашууларда.
Кайырма:
Кыя албаймын, кыя албаймын ошол күндөрдү,
Жалындаган жанган мөлтүр сенин көзүңдү.
Жылдыздуу түндөрдү, бактылуу күндөрдү,
Унутпайм ирмелген көзүңдү.
Жаным, жаным калбагын алыста,
Таңым, таңым кетпегин алыска.
Көрсөм деп убарамын,
Көргөндө кубанамын.
Жаным, жаным бакыттан адашпа,
Багым, багым жалганга жолукпа.
Күбөсү ушул түндүн,
Баш ийип сизди сүйдүм.
Кайырма:
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Кубат Тургумбаевдики
Түйшүгүн тартып жалгандын,
Бастым өзүңсүз жолду.
Сен менен өткөргөн дүйнөмдүн,
Орду толбоду.
Түшүнүп бүтпөй кыйналдым,
Кайрылып келбедиң артка.
Оорутуп сезимди,
Жолуктум айыкпас дартка
Кайырма:
Билбеймин кимде?
Күнөө кимде?
Айтылбай калган, арман кимде?
Аёосуз жазган, баары жалган,
Күнөөсү кимде?
Сезбеген экен жан дүйнөм,
Өзүңдү өзгөдөн сүйгөн.
Жалгызым сен үчүн албырып,
Жалындап күйгөм.
Түйшөлүп түнгө байланып,
Күйүттүн азабын чектим.
Гүл болуп оролуп кай жакка,
Ким менен кеттиң?
Кайырма:
Окуучулук күндөр чогуу өткөн досторум,
Бир бөлүшүп кубанычты, кайгы-капаны.
Ошол күндү эстейли, кел, жолдошторум,
Бир бололу эскербестен таарынычтарды.
Кайырма:
Мейли, досторум, күн өтүп, токтобосун,
Отуралы арнашып бир достук тостторун.
Менин досторум, Кудай бизди колдосун,
Кыйын күндө тандалат го достун достору.
Досумдун колу ооруса, жүрөгүм сыздайт,
Кандай сонун дайым жүрсө досуң калкалап.
Достук менен ынтымакты бийик көтөрсөк,
Эч бир душман кол көтөрбөйт, кетпейт талкалап.
Кайырма:
Туу көтөрүп достукту,
Достук билбейт боштукту,
Бекем бололу, достор, жолдоштукка.
Оболоп бийик учсаң да,
Эч убакта досторуңду унутпа.
Ала-Тоо аралап, асфальт жол чубалат,
Айылга кеткен жол жүрөк кубандырат.
Мен алыс кетерде апакем айткандай,
Ааламга кеткен жол айылымдан башталат.
Кайырма:
Сагындым айылды, алмалуу багымды,
Мен ойногон көчө, мектепти сагындым.
Сагындым айылды, тоолорун сагындым,
Апаке, апаке, жытыңды сагындым,
Жытыңды сагындым.
Айылда ынтымак баарынан бек турат,
Акылсыз жүргөндү жеңелер кеп кылат.
Очоктун тамагы, ак сүттүн каймагы,
Сагынтып чакырат, чыдамым калбады.
Кайырма:
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн мен турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.
Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
Окуучулук өмүрүм деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.
Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.
Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.
Кайырма:
Эсиме алсам мен сени,
Жаш келет го көзүмө.
Сулуу дешти эл сени,
Сырдашкан бир күндөрдө.
Ошол жыргал кезде мен,
Өзүң менен тааныштым.
Эгер болсо чын сүйүү,
Неге менден алыссың?
Кайырма:
Сагынычтан кол булгап,
Махабатым алсырайт.
Коштоштуруп сен менен,
Эт жүрөгүм кансырайт.
Махабат деген ушундай,
Капа болбо, досум ай.
Экөөбүзгө арналган,
Тагдыр иши ушундай.
Жан дүйнөмдө сезимдер,
Муңайган дарт көзүңдө.
Сүйө албадым, жалгызым,
Коштошордо өзүңдү.
Бакыт башка конбоду,
Тагдыр жазса болгону.
Махабаттын кыйышпай,
Эки айрылды жолдору.
Кайырма:
Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип, биригишип,
Багышпайт ата-энесин эмнеге?
Кол созуп бир кездерде келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе.
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?
Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойлон, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Билсеңер, ата-эненин милдетинен, милдетинен,
Кутула албайсыңар тирүүңдө.
Туурдан учурганын унут койбо,
Адамдык сапатыңды астиң ойло.
Өзүңдөй таш боордукту балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.
Сөзү : Кайрат Примбердиевдики
Обону : Кайрат Примбердиевдики
Ак баракка сөзүн жазып,
Обонун жүрөккө сактап.
Түн ортосу ойго батып,
Ал жигит уктабай жатат.
Кайырма:
Кызды сүйгөн ырчы жигит,
Ушунча уялчаак беле?
Сезимдерин айта албастан,
Обон кылып ырдай берет.
Махабатын көрктөп турган,
Жаз күнүндөй кыз көңүлү.
Ак сүйүүнүн ырларына,
Алып учат жаш жүрөгү.
Кайырма:
Кыз жактырган ырчы жигит,
Сезимдерин айтпаса да.
Анын сулуу ырларынан,
Түшүнгөндөй уга берет.
Күндөр өтүп, жаз да келди,
Эки жүрөк жолугушту.
Айлуу түндө сыр чечишип,
Ал кечте бирге болушту.
Кайырма:
Ак сүйүүсүн обон кылып,
Ырчы жигит ырдап турса.
Жаш сулуунун жүрөгүндө,
Сүйүү гүлү гүлдөй берет.
Аппак сүйүү түбөлүккө,
Жүрөктөрдө жашай берет.
|