|
Алтынай Нарбаева
Бардык видеолор: 13
Бардык аудиолор: 61
00:03:36
00:03:28
00:05:06
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
00:04:44
00:04:29
00:03:51
00:03:54
Сөзү : Анарбай Райымканов
Обону : Анарбай Райымканов
Өмур деген дайра ,дайра, дайра,дайра
Акпайт артка кайра,кайра,кайра,кайра
Коё албаймын сүйбөй
Коё албаймын сүйбөй
Сүйбөй сени коё албаймын өмур
Сүйбөй сени коё албаймын өмүр,өмүр,өмүр ,өмүр
Жараткандан белек,белек,белек,белек
Өмүр бизге керек,керек,керек, керек
Коё албаймын күйбөй
Коё албаймын күйбөй
Күйбөй кантип коё аламын өмүр
Күйбөй кантип коё аламын өмур,өмүр, өмүр, өмүр
Жашты кошуп жашка,жашка,жашка ,жашка
Өмүр барда жаша, жаша,жаша , жаша
Сен бар үчүн жашайм
Сен бар үчүн жашайм
Өзүң барда жашай берем өмүр
Сен бар үчүн жашап келеи өмур,өмүр,өмүр,өмүр
Коё албаймын сүйбөй
Коё албаймын сүйбөй
Сүйбөй сени коё албаймын өмүр
Сүйбөй сени коё албаймын өмүр,өмүр,өмүр,өмүр
Иииий өмүүр.
Сөзү : Ф. Абдалованыкы
Обону : Т. Колдошевдики
Сөзү : А.Нарбаеваныкы
Обону : А.Кадыровдуку
Сөзү : Алмаз Сейитказиевдики
Обону : Рахатбек Сейтектики
Сөзү : В.Мырзабекованыкы
Обону : А.Тоотаевдики
Султан Садыралиев, Бек Исраилов, Гүлжигит Калыков, Гүлнур Сатылганова, Омар, Анжелика, Алтынай Нарбаева, Куралбек Чокоев, Толгонай Арзыкеева, Урмат Усенов, Аваз Акимов, Айганыш Абдиева, Токтобек Асаналиев, Айпери Кубик кызы, Максат Садырбеков, Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Юлия Руцкая, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Аско, Азат Раимбердиев, Кудайберди Айтбосунов, Джонни "Адамга адам керек"
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда "өзүм" деген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурай турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Күндөн дагы, суудан дагы
Эң кымбат адамга адам керек.
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар али, улай турган.
"Чыңалсын",-деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндө бирге өтөт
Таянып "эл" деген уул-кызына,
Ынтымакта жеңе турган
Кайрат бер, сабыр бер Кыргызыма!
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө адамга адам керек.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : К.Хасеновдуку
Обону : Ш.Сарсенбаедики
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Эламан Жалаловдуку
Сөзү : Анара Шаимкулованыкы
Обону : Дүйшөн Молдобаевдики
Сөзү : Гүлжамила Шакированыкы
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Сөзү : Которгон Жылдызбек Турсунбаев (Жадыра Байбуланованыкы)
Обону : Элкожонуку
Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Кайырма:
Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
Алдың го жаштыктын жазын далай.
Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Берерин билбеймин али эртеңдин,
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Кайырма:
Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Кайырма:
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : Г.Айдосованыкы
Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм,
Кусалык азабын ар качан жейм.
Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө,
Мен сизди таарынтып албасам дейм.
Жарыгын сезимдин кармасам дейм,
Жан дүйнө азабын ар качан жейм.
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сизди оорутуп албасам дейм.
Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өрт сүйүү азабын ар качан жейм.
Өмүрдө, жашоодо бир болууга,
Өзүмдү бир сизге арнасам дейм.
Айта албай чын сырды калбасам дейм,
Арзуудан азапты ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырымда,
Мен сизди жоготуп албасам дейм.
Мен сизди оорутуп албасам дейм.
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо,
"Бөлүнбөй кете берет" деген элем.
Бул турмуш деңиз тура кемибеген,
Жакшылык-жамандыгын ченебеген.
Тымызын кош айтышып жаткан кезде,
"Мен сени унутам го" деген элем.
Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң,
Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң.
Жүрөктө балалыгым кандай калса,
Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
Жүрөктө дал ошондой,
Сезимде дал ошондой,
Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Алишер Тоотаевдики
Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп,
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп.
Азыр кайда бир тууган, асылдарым,
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп.
Кайырма:
Бир тууганым, таянар асылдарым,
Аска-зоодой бел болор жакындарым.
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм,
Амандыгың тилеймин баарыңардын.
Биз чоңоюп, балалык артта калып,
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып.
Азыр ата-эне болуп калгансыңар,
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып.
Кайырма:
Күндөр улам зымырап өтүп барат,
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат.
Сезимимди кусалык ээлеп алып,
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап.
Кайырма:
Амандыгың тилеймин кымбаттарым.
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Тизилсем кайрат күүлөтүп,
Теминсем алга сүрөөдүң,
Кызым деп согот ар дайым,
Ууздай таза жүрөгүң.
Атакем ачык асманым,
Каректей мени аярым,
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн, сүргөн ак таңым.
Төбөмдө жанган жылдызым,
Төрүмдө толгон ырысым.
Өмүрдө жайган ак өргөм,
Өзүңсүз кантип жылысын.
Атакем ачык асманым,
Тумардай мени сактарым.
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн сүргөн ак таңым.
Алыска серпил кулачым,
Ак сарай, кутум, кубатым
Мээримиң төгүп мен үчүн,
Мекеним болуп турасың.
Атакем ачык асманым,
Унутпайм берген батасын.
Чындыкты туудай туу туткан,
Чыккан күн сүргөн ак таңым.
Атакем бүтпөс дастаным.
Кыйнала ойлоп мен сени,
Кылыгың абдан эңседим.
Сенби деп карай беремин,
Сеңселе басып келсе ким.
Кеттиңби жаным ыраакка,
Күткөнүм болду бир апта.
Сыр кылып айткан шыбышың,
Шыңгырап турат кулакта.
Суктана тиктеп суу шаарын,
Суусадым, сен деп суусадым.
Дартыма даба болгонсуйт,
Сага деп чыккан ыр сабым.
Кусага жүрөк жанчылды,
Жан биргем эми барсыңбы.
Бар болсоң бачым келип жет,
Сагынган перим күтөт деп.
Сагынган жаным күтөт деп.
|