|
Алмаз Шаадаев
Бардык видеолор: 28
Бардык аудиолор: 45
00:03:51
00:03:21
00:03:47
00:03:01
00:03:12
00:03:17
00:04:06
Сөзү : Жыпара Исабаева, Нурмат Садыров
Обону : Эдил Маматов, Атей
Сөзү : Жыргал Жусупованыкы
Сөзү : Эдил Маматов
Обону : Эдил Маматов
Сөзү : Бек Борбиев
Обону : Бек Борбиев
Сөзү : Н.Алымовдуку
Обону : С.Бактыгуловдуку
Сөзү : К.Тайчабаровдуку
Обону : Э.Маматовдуку
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Үнүм жетпей чоңдорго,
Кайра элге кайрылам.
Оңолбоду төбөлдөр,
Акча жасап кайгыдан.
Көпкөн чоңдун баарысын,
Элим өзү кайрыган.
Булут басып баратса,
Тарых бетин айрыган.
Чек араны такташпай,
Чоңдор бизнес кылышат.
Улам бирөө аткылап,
Элди мээлеп турушат.
Ак үйдөгү камандар,
Калкын качан угушат?
Маселени чечалбай,
Өкмөт алмаштырышат.
Кымбат алып тендерден,
Элдин кунун жедиңер.
Эчким билбейт донорго,
Эмне убада бердиңер...
Добуш алып акчага,
Арам менен келдиңер.
Ачууланып баратат,
Элдин түрүн көрдүңөр.
Миллиард тоноп, миң чачып,
Ун бергенди макташат.
Элди эмес чынында,
Өз байлыгын сакташат.
Эл башында тургандар,
Эл душманын акташат.
Качан эми эзилбей,
Чек араны такташат?
Карыз кылып өлкөнү,
Жерди күрөө койдуңар.
Эртеңкинин пулун жеп,
Элди тирүү сойдуңар.
Көргүм келбейт силерди,
Намыс саткан "сойкулар"
Кеткилечи тажатпай,
Жетишинче тойдуңар.
Тажы кийген бир оору,
Өпкөңөргө жукса экен.
Мыйзам иштеп бир күнү,
Темир торго тыкса экен.
Элим деген азамат,
Ээрден ылдый жыкса экен.
Элдин үнүн акыры,
Эгем дагы укса экен.
Элим азыр чынында,
Өзүн багып жаткандай.
Эл башчылар былтыйып,
Милдетинен качкандай.
Жакшы заман келем деп,
Сыноо берип жаткандай.
Кыйналганда кыргызым,
Ынтымагын тапкандай...
Ойгонолу кыргызым,
Жоготпойлу өлкөнү.
Сөөк калды, эти жок,
Тонотпойлу өлкөнү.
Үмүт үзбөй биригип,
Куушурбайлы желкени.
Ойлонсун деп жаткандыр,
Бул сыноону бергени.
Сыноо менен кыргызым,
Барган сайын асылдайт.
Ишенемин бул жолу,
Калкым пулга сатылбайт.
Ойгонбосок ойлонуп,
Эл уулдары батынбайт.
Эми добуш сатсаңар,
Акыр заман жакындайт.
Койдун баасы кеминде,
Беш миң турат билсеңер.
Койдон арзан сатылбай,
Намыс менен жүрсөңөр!
Тандоо турат маңдайда,
Таамай эле тийсеңер!
Добуш сатпа, суранам,
Кыргызстанды сүйсөңөр!
Айрылып кеттиң алыска,
Таштап мени бул азапка.
Сага күйгөн бул кайгыма ишенбедиң
Жалгандан сен мага күйүпсүң
Жалыны жок муздак сүйүпсүң.
Азыпты ұйүп жүрөгүмдө ачуу дарт болдуң
Кетипсиң үнсүз көз алдымдан сен
Неге мени мынча кыйнайсың
.
Чын сүйүүбүздү ыза кылба .
Кайрылып келбей мени капа кылба
Үмүттөрүмдү шамалга учуруп
Мени мынча азапка салба
Сенсиз бул өткөн үмүт-ойду
Жүрөктүн ызасы унутпай койду
Болду жанымды мени кыйнаба
Жүрөгүм ыйда, муң-зарда
Дартым азап дарт болуп калды
Тагдыр мени күйүткө салды.
Сенсиз арман жалгыз жаткан,
Таңдарым аткан.
Ишенбей сагынычта жүрдүм,
Келет деп кубанычта күттүм.
Үмүт үзалбай тереземден
Мен жол карап жүрдүм.
Айрылып кеттиң алыска...
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Өтсө да жылдар арадан, арадан
Өзүңдү эстеп сагынам, сагынам
Өзгөрүп мезгил турса да, турса да
Өзгөрбөйт сүйүм садагам, садагам
Кайырма:
Айгүлүм, гүлүм Айгүлүм
Алгачкы менен тун сүйүм
Ак таңдан күтчү деп коюп адашып кайда жүрөсүң.
Сагындым өткөн күндөрдү, кундөрдү
Сагынтпай койчу күндөрбү, кундөрбү
Айгүлүм күтсөм өзүңдү, өзүңдү
Кусадар кылдын жүрөктү, жүрөктү
Кайырма:
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Алмаз Шаадаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
|