|
Гүланда
Бардык видеолор: 17
Бардык аудиолор: 39
00:03:41
00:04:02
00:03:50
00:03:18
00:04:11
00:03:33
00:03:15
Сөзү : Ч.Салиеваныкы
Обону : Ильяз Абдразаковдуку
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Бактыгүл Чотурова, Шахназар Бөркүловдуку
Обону : Нияз Абдразаковдуку
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Шаира Ноокат кызыныкы
Обону : Айбек Карымовдуку
Сөзү : Ильяз Абдразаковдуку
Обону : Гүлмира Рыспаеваныкы
Сөзү : Кубат Жакыповдуку
Обону : Айбек Карымовдуку
Сөзү : Алмаз Мамытбековдуку
Обону : Алмаз Мамытбековдуку
Сөзү : Бактыгүл Чотурованыкы
Обону : Айбек Карымовдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Уулкан Амираеваныкы
Обону : Айбек Карымовдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Абдыкерим Исаев, Бактыгүл Сейитбековалардыкы
Обону : Таалай Турдубаевдики
Сөзү : Нурак Абдырахмановдуку
Обону : Нурак Абдырахмановдуку
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Тоо кырына гүл өссө, ооба, ооба,
Кызыл болот боёгу, ооба да, ооба да,
Ак калпакчан жигиттер, ооба, ооба,
Үзбөй аны коёбу? Ооба да, ооба да.
Туулган күнүм жакында, ооба, ооба,
Он сегизге жанаша, ооба да, ооба да,
Каршы болбос эми эч ким, ооба, ооба,
Ак сүйүүнү самасам, ооба да, ооба да.
Кайырма:
Он сегизге чыкканда, демек, ай,
Жомоктогу жигитим келет, ай.
Алты тоонун ары жагынан бел ашып, кыр ашып,
Алтын кушту угарман берет, ай, келет, ай.
Чыйпылдаган балапан, ооба, ооба,
Билет үнү жетпесин, ооба да, ооба да.
Сары тумшук жөжөнү, ооба, ооба,
Шумкар илип кетпесин, ооба да, ооба да.
Кечээ бантик тагынган, ооба, ооба,
Кыздар элек эселек, ооба да, ооба да.
Аркы өйүздөн кол булгап, ооба, ооба,
Калды кезим секелек, ооба да, ооба да.
Сөзү : А.Бегимкулованыкы
Обону : А.Бедияровдуку
Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мынча карадың?
Жандап баспай, жалгыз кеттим, садагам,
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Имерилип неге мынча карадың?
Ийик сымал ийрип жибин санаанын.
Ишеничиң сынбасын деп, садагам,
Ийнеликтей назиктигиң аядым.
Оозун ачпай ооруп бүткөн санаанын,
Ойлорумду жүрөгүмө камадым.
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң,
Тамчы суудай тазалыгың аядым.
Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым.
Сөзү : И.Жумановдуку
Обону : И.Жумановдуку
Кичинекей сапсары,
Тайтай-тайтай басканы.
Бассаң апаң кубанган, ай,
Сары, сары, сапсары.
Кайырма:
Ай, сары кыз, сары кыз,
Баары жокко дары кыз.
Ат коюшту Сары деп, ай,
Болсун бизге дары кыз.
Баары сени сары деп,
Ат коюшту Дары деп,
Дары болуп жүргүн сен, ай,
Тайтай басып күлгүн сен.
Кайырма:
Тамтуң-тумтум басасың,
Токто десе качасың,
Кыт-кыт күлүп шашасың да,
Шашып кайда барасың?
Кайырма:
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Мээримдүү сөздөр менен жылыткансыз,
Жолдорду жолуктурчу унутканбыз.
Жээктерде дайра турса бириктирбей,
Баары бир сизди сүйөм унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрдү унутпаңыз.
Шамалга баш ийген бир булуттарбыз,
Шар жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Бирикпес күндөр барын билсем дагы,
Бир сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Кейитип сезимдерди курутпаңыз,
Кең жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Айрылуу арман барын билсем дагы,
Асылым сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Жаз жамгыры жаап келип шаштырып,
Жаш даракты калкаландык каткырып.
Жанга жагым бир сезимге арбалдык,
Тамчылардын тамган сымал жакшылык.
Кайырма:
Жалбырактан жаба куюп баратып,
Жамгыр суусу мени сенден талашып.
Алмак-салмак экөөбүздү өпкүлөп,
Көзүбүздөн өзүбүздү каратып.
Билбейм эмне мени тартып турган сыр,
Балким, бизге тагдыр буйрук кылгандыр.
Жаным менин, жамгыр, жамгыр жана сен,
Жашоо берет силер мага сунган ыр.
Кайырма:
Өткөн күндөр өттү, мейли, кечээки,
Бүгүнкүнүн кадырына жетели.
Жамгырдын да токтой турган кези бар,
Токтой элек кызыгында кетели.
Кайырма:
Сиз бар үчүн биздин үйгө кут конуп
Көзүбүзгө мээрим менен нур толуп.
Ар бир кечте айтчу бизге жомогун,
Толуп турчу, жүрөгүмдө ыр болуп.
Кайырма:
Апаке туулган күнүң,
Куттуктап ырдайм бүгүн
Өмүр бер, ден-соолук бер
Ааламга жетсин үнүм.
Оо, Жараткан бир өзүңдөн суранарым
Нечен жолу түн уйкудан калганың
Кыздарың, уул-балдарың
Бүгүн сенин туурган күнүң апаке
Жүрөгүмдөн ушул ырым арнадым
Кайырма:
Болсун апа, дайым ачык асманың бизге арнадың,
Жашы өмүрүң жаш чагың.
Аман болчу арабызда апаке,
Ушул ырым белек кылып жазганым.
Кайырма:
Оо, Жараткан бир өзүңдөн суранарым
Сени менен даалай түндү,
Бирге ойноп биз өткөрдүк.
Махабаттын кызыл гүлүн,
Биз жайлоодо көп тердик.
Сен да мени, мен да сени,
Алтыным деп жалооруп.
Түбөлүккө бир болууга,
Жылдыздарга сөз бердик.
Кайырма:
Сүйөм сени дале сүйөм,
Сүйкүмдүүсүң алтыным
Акырына чыга албадың,
Мага берген анттыңдын.
Сенин сүйүүң азыр мага,
Калагы жок кайыктай.
Ошол бойдон кала берген,
Сыздап жүрөк айыкпай.
Чынын айтсам бул дүйнөдө,
Биздей ынак болбогон
Мен өзүмө нааразымын,
Махабатым кордогон.
Кайырма:
|