|
Гүлнур Асанова
Бардык видеолор: 7
Бардык аудиолор: 32
00:04:44
00:03:33
00:03:50
00:03:49
00:03:32
00:03:18
00:03:51
Сөзү : Султан Садыралиевдики
Обону : Султан Садыралиевдики
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Мамбеттурган Асек уулунуку
Обону : Мамбеттурган Асек уулунуку
Сөзү : Ж. Асанованыкы
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Сөзү : Т.Ражабалдиевдики
Обону : Э.Талиповдуку
Бир көрүп, капысынан караганың,
Карегим карегиңе кадалганын.
Ушундай унутулгус нерсе болду,
Жазыксыз жүрөгүмдү жараладың.
Арзуум сезимдерди араласын,
Канткенде ак сүйүүнү таба аласың,
Ишеним эки жактан тең болсун деп,
Кош жүрөк күмөндүктү санабасын.
Кайырма:
Ыраазымын тагдырыма, сүйүүнүн актыгына,
Буйругун бир өзүңдөн, таптым мына
Сүйүнүч нуру толсун, өчпөгөн бакыт консун,
Табышкан ак сүйүүбүз түбөлүк бирге болсун...
Жүрөгүм алоолонуп жанып барат,
Мен үчүн укмуштуудай сезим жанат
Жаштыктын унутулгус бул күндөрү
Түбөлүк эч өчпөстөн эсте калат.
Кайырма:
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Жазгүл Жумаканова
Тагдырымдан эртелеп,
Таза, мөлтүр махабат күткөн элем.
Ак куу сындуу эркелеп,
Асмандай көк Соң-Көлдө сүзгөн элем.
Ал Соң-Көлдөн айрылып,
Ак канатым кайрылып
Жантай хандын торуна түшкөн элем.
Кенен Кемин тар болуп,
Оор кайгы төмөндөн басты мына.
Көкүрөккө зар толуп,
Көзүм жетти бактымдын аздыгына.
Ичке катып бугумду,
Ичке катып муңумду,
Жашым кулайт түн сайын жаздыгыма.
Оо, тагдырым, тагдырым
Ушунча да сен ташбоор болосуң
Баарын үйүп кайгынын
Өмүр бою зарлантып коесуңбу.
Күн болоюн өзүңө,
Бир көрсөтчү көзүмө,
Эңсеп жүргөн жалгызым Болотумду.
Ашыгымды, ырчымды,
Эстеп, эңсеп өңүмдөн азып жүрөм.
Ага арнаган сыйкырлуу
Махабатты жүрөккө катып жүрөм.
Аны көрүп түшүмдө,
Бирге батып үзүргө,
Ай нуру сепкен жайлоодо басып жүрөм.
Сөзү : А.Чойбекованыкы
Обону : С.Жумалиевдики
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде,
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде.
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн,
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде,
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде.
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай,
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде.
Тагдырымды сизге арнагам...
Тагдырымды сизге,
Махабатым сизге арнагам.
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде,
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде.
Махабатым сизге арнагам...
Махабатым сизге,
Тагдырымды сизге арнагам.
Терезеге дыбырап,
Жамгыр үнү шыбырап.
Чакыргансыйт мени сыртта,
Жигит үнү угулат.
Кайырма:
Нөшөрлөнгөн ак жамгыр,
Жаай берчи себелеп.
Тереземди черткилесең,
Сүйгөнүмдөй сезилет.
Ар бир тамчы үн салып,
Комуз үндөй угулат.
Сыдырыла агылганың,
Көз жашымдай туюлат.
Кучактайын эркелетип,
Ыйлабачы, ак жамгыр.
Көз жашыңды агызбачы,
Кыйнабачы, ак жамгыр.
Эске салып өткөндөрдү,
Эмне мынча кыйнадың?
Соортконго карабастан,
Кечке дейре ыйладың.
Бугуң айтчы, мен угайын,
Арманыңды тыңшайын.
Ак сүйүүгө обон кошуп,
Мен да муңдуу ырдайын. (2жолу).
Жаз гүлүндөй жаан жааса билинбеген,
Жалбырактай жел жүрсө дирилдеген.
Таң каларлык жан экенсиң, табышмактуу,
Тайыздыгың сыртыңдан эч билинбеген.
Булут сымал бир конуп-көчүп турган,
Шам чырактай бир жанып-өчүп турган.
Ага албаган шаркырап бир нук менен,
Арыктагы суу белең сен ар ким бурган?
Ишенипмин бал тамган сөздөрүңө,
Ирмеп-ирмеп жаш тамган көздөрүңө.
Ичим күйүп, ийиктей имерилем,
Ийип кеттиң башкага сен көз көрүнө.
Кетип калдың башкага сен,
Көз көрүнө...
Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чырмалдым сүйүүнүн сарсанаасына.
Сезимди козгоп коюп ошол таңда,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына.
Жыя албай ошол таңда мен эсимди,
Көрсөм деп издеп келем элесиңди.
Алтыным, ак таңдардан тосоюнчу,
А балким, ак куу болуп келесиңби?
Кайдасың, өмүрдөгү алтын чырак?
Кайдасың, өмүрдөгү алтын бубак?
Адашкан энесинен чаарчыктай,
Мен сени издеп келем жалгызсырап.
Алтыным, асыл жарым, сүйгөн жарым,
Жүрөктү дүрт эткизген жашыл жалын.
Сүйбөсөң бул дүйнөдө не жаралдың?
Чолпондой көздөрүңдөн кагылайын.
Карагаттай көздөрүңдөн ананайын...
Кат жаздым бүгүн, кеткенсиң алыска,
Акыркы жолу айтаарым сага:
Сагындым сени, күттүрдүң мени,
Кыйнадың келбей, сүйгөнүм.
Уксаңчы сөзүм, сүйө албайм бөлөгүн,
Өзүңдөн такыр үзө албай үмүтүм.
Ойлонуп танда, адашып калба,
Арманда калып жүрбөгүн.
Убактым сенсиз кызыксыз өтөт,
А бирок, бир күн бул сезим өчөт.
Өкүнүп калба, кечигип калба,
Кайрылчы, менин сүйгөнүм.
Кош болгун, мерез кымбатым менин,
Мынчалык муздак жүрөгүң сенин.
Бул менин катым, акыркы катым,
Сен үчүн жазган, сүйгөнүм.
Сезимди алдың, азапка салдың,
Кечирбейм сени, сүйгөнүм,
Эстеп жүр мени, сүйгөнүм.
Сөзү : Ж.Шералиевдики
Обону : Ж.Шералиевдики
Ак туйгун гана менмин ээ-эй таптагы,
Ак кептер гана сенсиң чаптагы.
Азап бир болду туйгунга,
Ак перисин тапмагы.
Экөөбүздү өксүткөн да,
Ортодо бийик аскабы?
Өзүңө өксүп жете албай,
Өтөбү курбум жаш чагы.
Аа-ай, ойло сен,
Ии-и, күйдүм мен.
Деги өтөбү да курбум жаш чагы.
Периге гана сени теңедим.
Бейбаштык кылды дебегин.
Баркыңа балким жете алсам,
Билерсиң кийин себебин.
Басып өтсөк арман жок,
Бак-таалай жолдун тереңин.
Тагдырым сага тапшырам,
Перизат алчы белегим.
Аа-ай, ойло сен,
Ии-и, күйдүм мен.
Деги перизат алчы белегим.
Суюлуп жылдыз бириңдеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Айылдын алды эле терең сай,
Ташыган дайра күрүлдөп.
Өзөндү бойлоп келатсам,
Койчу, койчу! Кантем,кантем?
Алдымдан гана чыктың күлүңдөп.
Эзилип сүйгөн жалжалым,
Эсимде сенсиң ар дайым.
Эсенсиз беле жеңе деп,
Ийилип колдон кармадың.
Белегим ушул сизге деп,
Койчу, койчу! Кантем,кантем?
Белестин гүлүн арнадың.
Сыдырым соккон жел менен,
Саамай чачың сеңселет.
Жанымда турсаң буралып,
Жалындайт жүрөк энтигип.
Жароокерсиң түгөнгүр,
Койчу, койчу! Кантем,кантем?
Жаш баладай эркелеп.
Сөзү : А.Айталиевдики
Обону : А.Айталиевдики
Асыл тукум мингеним,
Салкын төр жайлоо жүргөнүм.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасың, келчи сүйгөнүм.
Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
Санаадан такыр чыкпайсың,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.
Мен жылкычы, сен чабан
Кыйкырып добуш үн салам.
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн гүл заман.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : Б.Турсунбаевдики
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.
Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы-муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.
Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге ойноп, бирге күлүп жүргөндө.
Бирок анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга айла таппадык,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.
Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен, кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.
Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.
Сөзү : М.Бөкөевдики
Обону : М.Бөкөевдики
“Кош” деп кантип айтам сүйүүмө?
Арманымды билбейм, түшүнбөйм.
Алтын айым, түнкү айым,
Жүрөгүмдөн кетпей дайым,
Ай жүзүңдөн нуруң жанчу эле.
Кайырма:
Оо, арман күн, эмнеге,
Менде өчүң бар беле?
Айрыбачы мени сүйүүмдөн.
Оо, арман күн, бул жалган,
Каламбы жүрөк толо арман,
Кайрычы деп тунук сүйүүмдү.
Сезбегенсип менин сүйүүмдү,
Укпагансып муңдуу үнүмдү.
Жүрөгүмдү ээлеп алдың,
Көз жаш алып муңга салдың.
Арманыңды айтпадың неге?
Кайырма:
|