|
Бекчоро
Бардык видеолор: 5
Бардык аудиолор: 11
00:04:12
00:03:46
00:03:57
00:03:17
00:03:36
Алла Таалам энчилеген,
Ата-энебиз эркин берген.
Асылым, ай, ай нурундай,
Бактыбызды мен тилегем.
Ак сүйүүнү соолутпадык,
Бар сезимди толуктадык.
Нике буйруп жан эркем, ай,
Жөндөн-жөн биз жолукпадык.
Кайырма:
Рахмат сага, рахмат сага,
Ыраазымын мен бактыма.
Күлгүн жаштын гүлүн терип,
Тартууладың бакыт мага.
Рахмат сага, рахмат сага,
Жарык берген нур жолунда.
Жүрөгүмдө өзүң,
Жолун таптың бир болууга.
Көөдөндөгү жан ырым сен,
Күн нурундай жарыгым сен.
Кайгы-күлкү тең бөлүшкөн,
Жашоодогу жарымым сен.
Шылдыр аккан мүрөгүм сен,
Арзып соккон жүрөгүм сен.
Бакыт балын бирге таткан,
Бул дүйнөдө түгөйүм сен.
Кайырма:
Сөзү : Бекчоронуку
Обону : Бекчоронуку
Жалындап күйгөн жан белең?
Жаркырап аткан таң белең?
Көңүлгө издеп тапканым,
Кыялкеч жаным сен белең?
Чын сүйүүм жалгыз сен белең?
Жашоомдо, жаным, бар белең?
Жыргалым сенден тапканым,
Сүйүүмдүн таттуу балы белең?
Кайырма:
Мен үчүн белең?
Суктанып сага келем.
Жылмайып күлүп жатсаң,
Күлкүңө суктана берем.
Ойлонуп сага келем,
Толгонуп сен дей берем.
Кай жерде жүрбөсөм да,
Сени ойлоп, күндө мен келем.
Күндө эстеп, сенсиз уктабай,
Күтөмүн жүрөк жалындай.
Нөшөрлөйт, күчөйт сезимим,
Сен үчүн жааган жамгырдай.
Сагыныч күчөйт чыдабай,
Санаамда сенсиң, жаным, ай.
Арначы мага сүйүүңдү,
Алтыным, мени кыйнабай.
Кайырма:
Сени ойлоп, сүйүүм бойлоп,
Келемин мен, мен өзүңө.
Сүйүнүп чыксаң, кубанамын,
Суктанамын мен өзүнчө.
Көздөрүңдү, сөздөрүңдү,
Сүйүп келем мүнөзүңдү.
Мен үчүн белең?
Сен үчүн келем.
Балким дагы бул сезимдер ойгонор...
Жалжылдаган көздөрүңдү сагынам
Кыйын экен жаштык сага багынам
Күтөм сени күтө берем зар болуп,
Айтчы жаным качан сага жолугам
Кайырма:
Капа болбо толуп жатат сыноолор,
Балким дагы бул сезимдер ойгонор.
Капа болбо толуп жатат сыноолор,
Балким дагы бул сезимдер ойгонор
Кечирип кой берилипмин башкага
Берилипмин сенден бөлөк кыздарга.
Адаштым мен, жоготтумбу өзүңдү?
Сенсиз жашоо жок турбайбы садага.
Кайырма:
Капа болбо толуп жатат сыноолор,
Балким дагы бул сезимдер ойгонор.
Капа болбо толуп жатат сыноолор,
Балким дагы бул сезимдер ойгонор.
Сөзү : К. Тайчабаров, Бекчоронуку
Обону : Бекчоронуку
Баарынан тунук эне жүрөгү,
Энеден согот мээрим илеби.
Бапестеп багып, колуна алып,
Өстүргөн бизди эне тилеги.
Күн-түнү уктабай берип ак сүтүн,
Адам болсун деп жумшады күчүн.
Баарына даяр баласы учүн,
Айланат эне дүйнөнү бүтүн.
Кайырма:
Энекем менин, берекем менин,
Оюмдан чыкпас көлөкөм менин.
Дүйнөдө кымбат ,
Баа жеткис тамчы ак сүтүң сенин.
Энекем менин, берекем менин,
Күн нуру сымал мээримиң сенин.
Кадырлап, барктап, бапестеп алуу,
Тилегим менин...
Таманың алды бейиш турбайбы,
Таалим булагы дайым сыйлайлы.
Ырыс ынагы, бакыт чырагы,
Эне турбайбы, биз унутпайлы!
Апалап тургун өзү барында,
Баркын бил, сыйла көзү барында.
Көзү өткөндө, сенден кеткенде,
Кеч болот, сыйла өз убагында.
Кайырма:
Энекем менин, берекем менин,
Оюмдан чыкпас көлөкөм менин.
Дүйнөдө кымбат ,
Баа жеткис тамчы ак сүтүң сенин.
Энекем менин, берекем менин,
Күн нуру сымал мээримиң сенин.
Кадырлап, барктап, бапестеп алуу,
Тилегим менин...
Энекем менин, берекем менин,
Актай аламбы ак сүтүң сенин?
Дүйнөдө ыйык балдарың үчүн,
Мээримиң сенин...
Сөзү : Бекчоро, Гүлназ Бакир кызы
Обону : Аман Бежибаев, Бекчоро
Бир күндө көрбөй калсам жаныңдан,
Эстеп сагынам.
Сени ойлоп жүрө берем зарыгам,
Сүйүүм багынан.
Жүрөгүмдөн сени эстеп, сени ойлоп, жан эркем,
Сагынычка малынып, жүрө берем күндө сени эстеп.
Кайырма:
Көрбөй калсам сагынамын мен сени,
Сары оору жүрөк күндө эстеди.
Элесиң эч бир оюмдан кетпеди кайра,
Жаңы ачылган гүлдөн жытың искеймин.
Жолугам деп жол караймын, тиктеймин,
Эркелеген шыңгыр күлкүң издеймин кайра.
Жанашып сени менен басканда учам асманга,
Жашоомдун жарык күнү сен болдуң бул ааламда.
Жүрөгүмдөн сени эстеп, сени ойлоп жан эркем,
Сагынычка малынып, жүрө берем күндө сени эстеп.
Кайырма:
Көрбөй калсам сагынамын мен сени,
Сары оору жүрөк күндө эстеди.
Элесиң эч бир оюмдан кетпеди кайра,
Жаңы ачылган гүлдөн жытың искеймин,
Жолугам деп жол караймын, тиктеймин.
Эркелеген шыңгыр күлкүң издеймин кайра.
Карап күлсөм да, кабак түйсөм да,
Сага гана мен байланам.
Жүрөгүмдөсүң дайым, сени сагынам,
Жүрчү жанымда дайым сен.
Сөзү : Бекчоро менен Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону : Бекчоро
Ажарың аппак таңдай,
Ай, жылдыз ашыккандай.
Алсам дейм сени жандай, ай чырай,
Күлгөнүң жанган чырак.
Көңүлүң жаным бурат,
Көлкүлдөп толуп турат, тун булак.
Кайырма:
Көздөрүң сенин карагат,
Көкүрөк эзип жаралап.
Көркөмүң сонун өзүңдөй,
Сулуулар кайдан жаралат?
Жел сылап чачтарың,
Керилип наздуу басканың.
Кайырмак болуп илинет,
Капкара сулуу каштарың.
Тазасың таңдай, таттуусуң балдай,
Тамшанып карайм, жүзүң, ай.
Жүрөмүн жандай, жүрөктү арнай,
Күлкүңө канбай, жаным, ай.
Басабыз көчө бойлой,
Башкага көңүл койбой.
Бактым деп сени болжой,
Көзүм тойбой.
Сүйлөшүп, сага ыктап,
Сүйүүнүн балын ууртап.
Сүрөтүң карап уктап, ар убак.
Кайырма:
|