|
Борончу Кудайбергенов
Бардык видеолор: 3
Бардык аудиолор: 25
00:04:05
00:04:18
00:04:28
Сөзү : Сагынбек Молдоевдики
Обону : Сагынбек Молдоевдики
Мен чоӊойгом айылда,
Топ кыздар, балдар отуруп жанаша.
Көӊүлду ачкан болду тамаша,
Эми биз ырдайбыз таӊ ачканча.
Жолдош начальник келет, урушат,
Маӊдайы төрт кабатка тырышат.
А мен болсо жаш жигитмин эми,
Ойногум келет го деги, деги...
А мен болсо жаш жигитмин, оюнга тойбогон,
Топ кыздар менин артымдан чуркашып ойногон.
Дөӊгөлөк айланса, жаштык кетет узап,
А мен болсо кала берем, чертип гитара.
Мезгил өтөт арадан,
Кызыктуу күндөр келет кайрадан.
Досторум менен көӊүлүмдү ачсам,
Кубанып үйгө мен эс алып барсам.
Жолдош начальник үйдө, урушат,
Маӊдайы төрт кабатка тырышат.
А мен болсо жаш жигитмин эми,
Ойногум келет го азыр деги, деги...
А мен болсо жаш жигитмин, оюнга тойбогон,
Топ кыздар менин артымдан чуркашып ойногон.
Дөӊгөлөк айланса, жаштык кетет узап,
А мен болсо кала берем, чертип гитара.
Жаштык, жаштык, жашчылык,
Өмүр өттү шаштырып,
Кыздар өпкөн бетимди,
Кыл сакалга бастырып.
Гүлдесте кармап күн сайын эртелеп,
Мектепке калбай келчү элек.
Билимин алып окуп жүргөн учур,
Эй, эстен кете элек.
Кайырма:
Ал кезде кыздар фартукчан,
Чачына бантик тагынып.
Ак көйнөк, кызыл галстук,
Жарашкан кезди сагынам.
Мушташып көздөн канча ирет жаш тамып,
Шок болуп жүрө баштадык.
Кыз тандап алгач жактырып,
Тымызын эй, жүрө баштадык.
Кайырма:
Талпынып ал кезге азыр жетпедим,
Сагынычтарым көп менин.
Өмүрдүн кымбат чагы өзүӊ белеӊ,
Эй, менин мектебим.
Кайырма:
Ачылып кыздар ал кезде,
Чачына бантик тагынып,
Ата болсом да мен азыр,
Силерди жүрөм сагынып.
Жүзүң ачкан кызгалдактай, чырайыңа кагылайын,
Жүрөгүмө сүйүүм батпай, мезгил өткөн сайын.
Ажары болуп үй-бүлөмдүн, жанасың ар дайым
Жалгызым менин сүйгөнүм, кудай кошкон жубайым.
Кайырма:
Айланам кенен, арбалып келем,
Арманым болбос өзүң менен.
Махабат чексиз, ачык асман,
Жалжалым билсең, жалгызымсың сен,
Жанымда бол сен айрылбастан.
Сени мага жолуктурган, жаратканга табынамын,
Өзүң менен турмуш курган, өмүрүмө дагы
Ортодо көргөн перзенттердин бактысына бар болуп,
Аман-эсен жүрө бергин, мен сүйгөн жар болуп.
Кайырма:
Жалгызымсың сен менин,
Жан кубатым эрмегим.
Аттиң келсе колумдан,
Айды алып бермекмин.
Кайырма:
Аман болуп эл менен,
Адал орун ээлеген
Ырыс коштоп өмүрдө
Ыймандуу бол дээр элем.
Сен аман бол неберем
Таасын балдай тилиңден,
Талагың билинген,
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Чоң атамын бүгүн мен.
Кайырма:
Чулдурап да эртелеп,
Чоң ата деп эркелеп,
Арбап турса неберең,
Андан башка не керек.
Кайырма:
Көрбөй сенин күлкүңдү,
Көңүл ачуу мүмкүнбү,
Кызыктырат баарысын
Кылыктарың сүйкүмдүү
Кайырма:
Кандай сонун жүрөгүмдү арбаган жамалың,
Түбөлүккө бир өзүңө арнагам мен баарын.
Жалгыз гана сулуу болуп саналган,
Жамалыңдан жылдыз нуру таралган,
Жан экенсин бир мен үчүн жаралган ардагым.
Маңдайымда жанып турган махабатым болосуңбу жаным?
Багыма кончу булбулум,
Бакытым болгун.
Эртелеп сайрап, ак сүйүү арнап,
Мен үчүн сайра.
Жагайын махабат шамын,
Сен деп күн сайын,
Эркелеп сага, сүйүүмдү арнайм,
Мен жалгыз сага.
Сени көрүп туйлап келет жүрөгүм ханзаадам,
Сымбатыңа, дидарыңа сүйгөнүм тамшанам,
Менин бүгүн орун алды тилегим,
Мээрим төгүп болчу менин тирегим
Мендей сени сүйө албашын билемин, башка адам
Маңдайымда жанып турган махабатым болосуңбу жаным?
Жагайын махабат шамын,
Сен деп күн сайын,
Эркелеп сага, сүйүүмдү арнайм,
Мен жалгыз сага.
Багыма кончу булбулум,
Бакытым болгун.
Эртелеп сайрап, ак сүйүү арнап,
Мен үчүн сайра.
Эстен чыкпас, кезимди айтам сага мен бул ырдан,
7-класс, сезимди махабатка айландырган
Сабакка бир да көңүл койбойт элем
Саматып сүйүү демин, сабакта дайым сени ойлойт элем
Кайырма:
Алгач сүйүү улам бизди аруулап,
Аттиң кандай сонун болчу ал убак.
Эркелетип өмүр чиркин экөөбүздү
Сен ошондо татына кыз созулган,
А мен болсо шайыр мүнөз боз улан,
Бала кезди эңсөө менен өтөбүзбү
Эсиңдеби балалык биздин күндөр, суудай тунук,
Эсиңдеби кат жазып жүргөн күндөр окуучулук
Мектепте канча кыздар жүрсө деле
Мен сүйгөн өзүң гана, мен үчүн эч ким сага жетпес эле.
Кайырма:
Түшүнгөн соӊ байкабай келгенимди,
Түйшүк тартып, кыйналсын дегениӊби?
Жүзүӊдөн күлкүӊ төгүлүп,
Жүз түркүн сырга айландыӊ,
Орто жаш кезде көрүнүп,
Ооркчан кылдыӊ адамды.
Жаштык кезим бекерге өткөндүгүн,
Жамалыӊды бир көрүп сездим бүгүн.
Кайчылаш жаткан жол менен,
Кездешпей жүрсөӊ кантейин.
Кайраттуу кезде кайда элеӊ?
Кечиккен жалжалым менин.
Ансыз деле чектелүү өмүрүмдү,
Арман менен достошуп өткөрөмбү?
Аксатпай Теӊир сүйүүдөн,
Пендесин кемсиз кылбайбы.
Арзыбас болуп бул дүйнөӊ,
Сүйүүгө сараӊ турбайбы.
Күлгүн жаш кез кайда элеӊ,
Күйдүргөн жалжалым менин.
Байкабай, мезгилге кайдигер болуп,
Түн жана кеч, күндүз, таңдарына.
Аз гана өмүрдү өткөрүп коюп,
Өкүнүп арманда калбагыла.
Жайнаган гүлдөр, жагымдуу күндөр,
Жараткан пендесин сыйлаганын көр.
Жанымды эргитип, чертилип күүлөр,
Жанданып өмүрлөр.
Кайырма:
Аруулук менен күн кечип,
Жашаган кандай керемет,
Жашаган кандай керемет, керемет!
Акырын, абайла адашып кетпей,
Азгырык көрсөткөн жолдоруна.
Бактылуу күндөрдүн баркына жетпей,
Өмүрдү өксүтүп койбогула.
Жагымдуу сырлар, жазылган ырлар,
Жазында жадырап жүрбөгөн ким бар?
Жайдары жүрөктөр өзүнчө гүлзар,
Жаш, курак, жылдар.
Кайырма:
Салкын жел беттен сылап,
Бийикте булуттар четтен жылат.
Күз аягы келип жеткен убак,
Айлана тунжурап.
Бүгүн булуттун көңүлү чөктү,
Билбеймин сен үчүн азбы-көппү?
Өзүңсүз туптуура бир жыл өттү,
Биз жактырган алма бак гүлүн төктү.
Кайырма:
Акын болбосом да сен үчүн деп сөз курап,
Ыр жазууга жүрөк, чиркин, тынбай умтулат.
Аккордеон коштоосунда мен кыялымда,
Бийге тартам сени.
А сен болсо азыр кучагында кимдердин?
Түбөлүк сүйөм деп дагы кимге сөз бердиң?
Ажайып сулуу жүзүңө арбалып,
Ким жүрөт эми?
Арманым ичке батпай,
Айласыз изденип, бирок таппай.
Түндөр узарып, таңдар атпай,
Убакыт барат жай.
Ойлосом, ишенбеймин,
Өңүм эмес, түш болсочу деймин.
Өзүңсүз кантеримди билбеймин,
Сагынып, сага карай жол издеймин.
Кайырма:
|