|
Сагыныч
Бардык видеолор: 12
Бардык аудиолор: 23
00:03:55
00:02:58
00:04:23
00:03:54
00:03:30
00:03:04
00:03:35
Сөзү : А. Абылкасымовдуку
Обону : Сагынычтыкы
Мен деп карадыңбы?
Мени самадыңбы айт,
Мендеги сезимди сен дагы сездиңби айт иий иий ий.
Кайырма:
Ашыгым ай ачыгын айт
Жашырбай айт жашыдым ай
Жүзүңдөн көрдүм го
Жүрөсүң мени ойлоп ай ий ий
Күлүп караганың үмүттүн шамыбы айт?
Тартынбай мен дагы,
Гүлүмдү сунсамбы айт иий иий ий.
Сөзү : МС Айбаныкы
Обону : Рашид Калыковдуку
Сөзү : Ырысгүл Изатованыкы
Обону : Сагыныч Нурланбек уулунуку
Сөзү : Нурланбек уулу Сагынычтыкы
Обону : Нурланбек уулу Сагынычтыкы
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : Муратбек Бегалиевдики
Обону : Муратбек Бегалиевдики
Байкоосуздан сага кабылдым,
Кайдан жүрүп, неге табылдың
Элестериң бура бастырбай
Ээлеп алдың баарын жанымдын
Кайырма
Аа-ай, бирге жүргөн күн
Оо-ой, кайра кайрылгын
Көргүм келип, абдан сагындым
Мен көргүм келип, абдан сагындым
Эстеп көргүн ошол күндөрдү
Биз өткөргөн айлуу түндөрдү
Кол кармашып, өрдөп коктуну,
Ушул ойноп терген гүлдөрдү
Кайырма:
Аз күнчөлүк бакыт мен үчүн
Албан аалам, өмүр алп үчүн
Мейли жашоо, мейли эмгекте
Болчу, жаным, бирге сен түшүм...
Кайырма:
Сөзү : Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону : Сагыныч Нурланбек уулунуку
Сөзү : Сагынычтыкы
Обону : Сагынычтыкы
Сөзү : Шайырбек Досболовдуку
Обону : Жеңгиз Мурзакуловдуку
Ай-күндөй тегиз болгон,
Жашоомо негиз болгон
Мен үчүн аябаган,
Мээрими деңиз болгон,
Сагындым, апа, сизди.
Деңиздей кемибеген,
Дүйнөсү мени менен.
Өлүмгө башын сайып,
Жүрөгү уулум деген,
Сагындым, апа, сизди.
Урушуп чыңдаса да,
Уулум деп сындаса да.
Абалың сурап турган,
Ал өзү сыркаса да,
Сагындым, апа, сизди.
Сөзү : Тимур Салиев, Сагынычтыкы
Обону : Сагынычтыкы
Сөзү : Сейит Жээнбаев жана Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону : Азербайжан элиники
Сөзү : Алишер Тоотаевдики
Обону : Сагыныч Нурланбек уулунуку
Сөзү : Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону : Сагыныч Нурланбек уулунуку
Сезимдер ыйлап, ыйлап,
Жүрөгүм туйлап турат.
Экөөбүз түшкөн сүрөт,
Жанымды кыйнап, кыйнап.
Кечирип издеп келем,
Кейиткен сөздөрүмө.
Келет деп үмүт менен,
Зар болом көздөрүңө.
Кайырма:
Арзуум бар сага деген,
Сен сезип билесиңби?
Кайгымды унуткарып,
Кайрылып келесиңби?
Өзүмдү арнап сунам,
Ардагым болосуңбу?
Кыялкечим, периштем,
Багыма коносуңбу?
Кетсең да, менден узап,
Кыялым сага учат.
Ак сүйүүм жүрөктү эзип,
Арманым алды тушап.
Турамын сен деп ырдап
Гитара кылы сыздайт.
Кел эми кечир мени,
Таарынтып алгам сыңар.
Кайырма:
Сөзү : А. Рыскуловдуку
Обону : А. Сардарбековдуку
Кызыктай бар эле адатыбыз,
Кыш эрте келсе деп самачубуз.
Каткырып кар кечип, кубалашып,
Кечинде сабактан тарачубуз.
Кайырма:
Вальс, вальс, вальс,
Мойнума кар саласың.
Вальс, вальс, вальс,
Кубанычым таркабасын.
Кайрадан кар кечип узатайын,
Кайдасың, классташ-парталашым?
Жаштыктын жалындуу күчү менен,
Жаш элек биз анда үшүбөгөн.
Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,
Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.
Кайырма:
Жабыркайм чилденин тушунда бу,
Жалгыздык азабы ушундабы?
Жылытам, демиме жылытамын,
Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.
Сөзү : Фархат Салакеевдики
Обону : Фархат Салакеевдики
Дүйнөдө бир кайгылуу арманым,
Арманга кабылган бир адаммын.
Адашкан ара жолго таштаба,
Бактым деп жалгыз сени тапканмын.
Кайырма:
О, менин, арманым,
Арманга кабылган бир адаммын.
Армансыз адам болбойт турбайбы,
Азабын дагы канча тартамын?
Жүрөктө арман терең уялап,
Жүрөмүн санааларды кубалап.
Сөз таккан сезимим муз болуп,
Муз болуп паралаган бууласа.
Кайырма:
Дүйнөмдүн өзүң болуп каарманы,
Ай жүзүң мени өзүңө арбатып.
Айтсам да, түгөнбөгөн эч убак,
Жүрөктү түбөлүккө арбатып.
Кайырма:
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Тоолору бийик кыргыз жеримдин,
Чокулары ага көрк кошот.
Пейили ак кардай элибиздин,
Сый менен мейманын тосот.
Кайырма :
Бар болгун, мекеним - Кыргызстан,
Турмуштун кыры менен алышкан.
Жаңырсын үнүң, атың чыксын алыстан,
Өнүгүп-өркүндө, Кыргызстан!
Келечек-тагдыр сенин колуңда,
Уул-кызың кызмат өтөсүн.
Ынтымак болсо, эгер дайыма,
Өнүгүп көккө жетесиң.
Кайырма:
Сөзү : Сагынычтыкы
Обону : Сагынычтыкы
Өкүнүп өткөндөргө,
Кусалык жүрөгүмдө.
Сагынып жашап келем,
Зарыгып ак сүйүүңө.
Талпынам бир өзүңө,
Жетсем дейм ал күндөргө.
Алгачкы ак сүйүүнү,
Тутантсак чогуу бирге.
Кайырма:
Жалынамын кайрылып келчи мага,
Сагынамын нур чачкан жылдыз жүзүң.
Жалбарамын жалгыз бир Жараткандан,
Берчи сүйүүмдү кайра мага.
Билинбей мезгил учат,
Убакыт сенсиз сызат.
Ыргалган биздин дарак,
Ый менен муңдуу турат.
Келсеңчи, жаным, эми,
Алоо сүйүү деми.
Өзүңдү жоготсом мен,
Сүйүүнү таш боор деймин.
Кайырма:
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Сардарбек Жумалиевдики
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайдым барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Колдоруңдан алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүң угуу майрамдардын майрамы,
Жаны бирге жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Келечекте эртеңкиси табышмак,
Бул өмүрдүн бүтпөс керемети сен.
Серпип кара чачтарың, сүйкүмдүү каштарың.
Сезимдерди козгодуң сен, күлүп таштадың.
Күлсөң күндөй сезилет, жүрөгүм эзилет,
Жомокто алтын куштай, ал бийкеч керилет.
Кайырма:
Эркелеп сезимге, чок салып койдуң неге,
Жаралган сезимди сезбейсиң сен береке.
Эркелеп сезимге, чок салып койдуң неге,
Жаралган сезимди сезбейсиң сен береке.
Гүл жыттаймын, ойлоймун, күлкүңө тойбоймун.
Ак сүйүүмдү билсең болду, сага жолдоймун.
Сүйкүм көзүң ирмелет, сезимге термелет,
Жүрөктө алгач бактым, ал мага бир келет.
Кайырма:
Эзилет жүрөгүм,
Эңсеп күйүп, жүдөдүм.
Керилет чүрөгүм,
Бир өзүң сүйөмүн.
|