|
Даниель
Бардык видеолор: 11
Бардык аудиолор: 20
00:03:40
00:04:01
00:04:41
00:04:20
00:03:24
00:02:41
00:04:29
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Ордуна сенин колдорун,
Жетелеп алып ойлорум
Экообуз баскан жолдомун...
Суйуунду суйуум уласын...
Баарына жетет кубатым
Сен гана жетпей турасын
Кол узгум келбейт,суйомун себеби...
Мага башканын кереги жок кереги
Кол узгум келбейт,суйомун себеби...
Очо элек умут сендеги,мендеги...
Катаны жууса журоктон
Тазара тушот мунотто
Унутта калат кун отсо
Сендеги турган таарыныч
Болсо дейм суйуу,сагыныч
Болбосо деймин жанылыш
Сөзү : Ч. Турдубековдуку
Обону : Ч. Турдубековдуку
Жашоодо жолдор узак,
Күндөр өтүп мезгил учат.
Сен менден алыстадың,
Таттуу күндөр эсте калат.
Күндөрүм өзүң барда,
Болчу экен кызык мага.
Өзүңсүз мен өзүмдү,
Жалгыз сезем бул жалганда.
Кайырма:
Мен өкүнбөймүн,
Үмүтүм үзбөй жүргөнмүн.
Мен жалгыз сени,
Өзүмдөн артык көргөнмүн,
Түшүнбөймүн.
Убакыт өтүп барат,
Учкан кушча сапар улап.
Эскирген сезимдерим,
Үмүт кылат жолду карап.
Жан дүйнөмдө олуттуу,
Күйүп турган шамым белең.
Жашоомдо табылгамды,
Жоготкондой мен сезилем.
Кайырма:
Мени кечир, сүйгөнүм, кечир сүйүүдөн күйгөнмүн,
Жете албадым мен сага, болуп калдың арман мага.
Актай албадым сөздөрүң, көзүңө кадалбайт көздөрүм,
Айрылабыз биз эми артка кайтпайт сүйүү деми.
Кайырма:
Арзуулар армандыр, кечиргин,
Арзыган сүйүүгө кезиктим.
Кайтпайт эми жарык күндөрүбүз, кечиктим,
Ак сүйүүнү сактай албадым,
Мени кечир.
Мени кечир, жалгызым кусалыктан мен тажадым,
Арман айтып ыйлаба, алсыз жүрөктү кыйнаба.
Колдорум сунсам да жете албай, кош айтып сага же кете албай,
Алганы болдуң өзгөнүн, алсыз үмүтүм үзгөнмүн.
Кайырма:
Арзуулар армандыр, кечиргин,
Арзыган сүйүүгө кезиктим.
Кайтпайт эми жарык күндөрүбүз, кечиктим,
Ак сүйүүнү сактай албадым,
Мени кечир.
Жан дүйнөм ооруп турганда,
Жалдырап мени караба.
Жүрөгүм сен деп турганда,
Жүрөктү, жаным, кыйнаба.
Кайырма:
Садагам, айтчы, күткөнүң барбы?
Сүйгөнүң болсо, бузбайын аны,
Сүйүү деген кымбат, убалы бар анын,
Булгаласа эгер, кечирбестир аны.
Сагынамын сенсиз калсам мен,
Санааркап күтөмүн сени.
Ай сымал көрүнүп калса,
Айлам деп таппай калам мен.
Алыстап менден ардагым,
Сагынтып мени сагынтып.
Болсоң да менден алыстап,
Карааның издеймин, кайдасың?
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Алыстап менден керемет,
Үстүмдөн муздак себелеп.
Дүйнөнүн сырын көтөрүп,
Өзүмдү турам жемелеп.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Өткөрүп күндөр тереңдеп,
Беришип сөздөр бекемдеп.
Коштоштук баары бүткөндөй,
Каректе калды элестер.
Кайырма:
Айрылып сенден калдымбы?
Өзүңдөн аздымбы?
Унутуп эми калдыңбы?
Эмнеден, жаздымбы?
Садагам, сенден азмынбы?
Ай где же счастье словно талый снег
Где же Фаина твой серебристый смех
Прячешь ты глаза от меня
И уже среди бела дня
Ты с другим целуешься при всех
Фаина Фаина
Фаина Фаина Файна на
Фаина Файна на
Фаина Фаина Фаина Фаина
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Фаина Фаина
Файна на
Фай Фай Файна
Да в этой песне только капля слез
Ну зачем же Фаина ты мне утерла нос
Если даже я тебе не гожусь
Я свою забуду печаль и грусть
А наша песня останется только нашей пусть
Фаина Фаина
Фаина Фаина Файна на
Фаина Файна на
Фаина Фаина Фаина Фаина
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Шинанай да опа шина шинанай
Шинанай да шинанай да опа шинанай
Фаина Фаина
Файна на
Фай Фай Файна
Жашоонун кумары,
Жаштыкта туябы,
Жаркыган убагында?
Тарбия булагын,
Калтырган туягын,
Кадырлап турабы ал?
Өмүрдү кадырла,
Өткөнгө кайгырба,
Өкүнбө тагдырга сен.
Кайырма:
Байлыкка умтулба,
Бийликке кол сунба,
Бактыңды кор кылба сен.
Сыноого сынбайлы,
Чындыкты сыйлайлы,
Чырпык да кыйбайлы биз.
Жалганга жеңдирбе,
Жаман ой, жемеге,
Жабыгып кемибе сен.
Күл болуп себилбе,
Куру эле керилбе,
Кумарга берилбе сен.
Таазим кыл Теңирге,
Тар дүйнө теңинде,
Таарынып телмирбе сен.
Кайырма
Жашоо бул оюндай,
Жашайлы корунбай,
Жакшыны кор кылбайлы.
Жазасын албайлы,
Жаш төгүп калбайлы,
Жашоону кадырлайлы.
Кайырма
Жан дүйнөм ооруп турганда,
Жалдырап мени караба.
Жүрөгүм сен деп турганда,
Жүрөктү, жаным, кыйнаба.
Кайырма:
Садагам, айтчы, күткөнүң барбы?
Сүйгөнүң болсо, бузбайын аны.
Сүйүү деген кымбат, убалы бар анын,
Булгаласа эгер, кечирбестир аны.
Сагынамын сенсиз калсам мен,
Самаркап күтөмүн сени.
Ай сымал көрүнүп калса,
Айламды таппай калам мен.
Кайырма:
Алыстап менден ардагым,
Сагынттың мени сагынттың.
Болсоң да менден алыста,
Карааның издейм, кайдасың?
Кайырма:
Жактырам сени карап ырдасам,
Жүрөгүмдө жыргасаң.
Ачылгансыйт өмүр барагы,
Ооба билем бул сөздөр сен үчүн.
Буга чейин ырдалган,
Анан кантип узап барасың.
Кайырма:
Мендеги өрттөй ыссык сүйүү деми,
Өкүнбөйсүң уксаң бейби.
Өмүр белең,
Сүйүү деген гүлгө жашым мен сендеги.
Күнөө кимде билбейм деги,
Күнөөлөйсүң кайра мени.
Күтүп келем,
Жүрөгүмдөн чыккан сөздөр.
Башкалар сымал сүйкүм сүйлөбөйм,
Сүйгүн деп мен үндөбөйм.
Андай сөзгө жүрөгүм толду,
Элестеп кыял менен жашабайм.
Кыйнап көзгө жаш албайм,
Соңку үмүтүм бул ырым болду.
Сөзү : Айбек Карымовдуку
Обону : Айбек Карымовдуку
Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай, ырдай.
Отурсак уктабастан түнү бою,
Шарактап таң атканча үн басылбай.
Алтыным, сен мендеги ойду билсең,
Ар дайым мени менен бирге жүрсөң.
Элесиң ак маралга окшоп келет,
Гүлзардан күлүмсүрөп чыга келсең.
Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
Сөзү : М. Токсобаеваныкы
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Саалалап жамгыр төгүп өткөн кечте,
Барганбыз карагайлуу жашыл бетке.
Суктанып табигаттын кооздугуна,
Отурдурдук кумар канбай карап.
Суктанып табигаттын кооздугуна,
Отурдурдук кумар канбай карап көпкө.
Кайырма:
Сүйүү ушундайбы?
Ааламды жарык кылган.
Көңүл кушундайбы?
Махабат жанып турган.
Ак жамгыр шатыратып төгүп турган,
Ортодо сүйүү гүлү өнүп турган.
Жайнаган кирпигиңдин арасынан,
Аппак тилегиңди көрүп турган.
Жайнаган кирпигиңдин арасынан,
Аппак тилегиңди ккөрүп турган.
Кайырма:
Жашоонун жалганына ишенбедим,
Жаштыктын дайрасына тушөм дедим.
Каректер каректерге кезигишип,
Отту кумарыңа кишенделдим,
Отту көз кумарына кишенделдим.
Сөзү : Самат Джалиевдики
Обону : Самат Джалиевдики
Счастье жаль, что не всем дано,
Облетает стороной, облетает стороной.
Танец последний, но не со мной,
И с тобой танцует другой,
В твоем сердце живет другой.
Припев:
Но когда я стану ближе,
Ближе вместе него,
Скажу, что я влюблен,
И без слов объясню,
Как сильно в тебя влюблен.
Ближе слышен мне голос твой,
Как прекрасен, нежен он,
Как в небе колокольный звон.
Боже, все сильнее в сердце боль,
Что в этот вечер ты не со мной,
В этот вечер ты не со мной.
Припев:
Обону : М. Атабековдуку
Жаңы жылым келди,
Эшик ачып, салам айтып.
Жаңы жылым келди,
Бүт ааламга кучак жайып.
Жаңы жылым келди,
Нурун чачып, жарык чачып.
Жазалычы черди,
Ырдап-бийлеп достор.
Тосолучу келди,
Жаңырып жаңы жыл.
Кайырма:
Наристенин тунук сезиминдей,
Наристенин таза, аруу тилегиндей.
Ынтымакта элим жашай берсин,
Жаңы жылда.
Жыл айланып келет сагындырып,
Жаңы жылым ачып бизге жаңы сырын.
Ынтымакта элим жашай берсин,
Жаңы жылда.
Жаңы жылым, бизге,
Ала келчи ырыс-бакыт.
Жалпыбызга берчи,
Бейпил жашоо, асман ачык.
Жараткандан тилеп,
Барчылыкты, жайчылыкты,
Жашайлычы элим,
Биримдикте дайым,
Жакшылыктын жылы болсунчу.
Кайырма:
Сөзү : Самат Жалиевдики
Обону : Самат Жалиевдики
Ак куу болуп келип консоң,
Сен деңиз болуп.
Тосуп алсам дейм канат кагып,
Кучак жайсаң сен толкунданып.
Сага барамын, сага барамын,
Сүйүү таңында, сүйүү маалында,
Сүйүү шамында.
Кайырма:
Жүзүң кымбат,
Жүзүң сымбат,
Жүзүң кымбат мага.
Бир убакытта суук келип калды,
Жан дүйнөмдү колдон тартып алды.
Ак булутту көрүп калсам,
Сен деп элестетем.
Келатканыңды, мага келатканыңды,
Сүйүү таңында, сүйүү маалында,
Сүйүү шамында.
Кайырма:
Жүзүң кымбат,
Жүзүң сымбат,
Жүзүң кымбат мага
Сөзү : К. Качкынбаева
Обону : Айдин Шер
Жүрөккө жазылып,
Маңдайга жазылбаган.
Кол жеткис махабатымбы?
Жарыгым, өзүңдү эстесем жашып барам,
Кайталап улам атыңды.
Кызганам карааныңды,
Кымбатым, кабарымды,
Кылчайып сурап койбодуң.
Тиктесем көзүң албай,
Телмирип көңүл салбай,
Махабат менен ойнодуң.
Кайырма:
Сен дагы сүйүп, сезимиң арна,
Мен дагы ошол селкини тандап.
Ашыгып сүйүп жетпедик, бирок,
Ал сүйүп кетти башканы жандап.
Күн санап күтүп сени,
Келдик үмүт менен.
Тандайт деп эми кимди?
Күн менен дайым кош,
Чыгып өсүп келген,
Таалайдын гүлүн үздүңбү?
Ойлонбой туруп терең,
Ойноду сезим менен,
Оорутуп эки жүрөктү.
Кайрылып келет деген,
Кайгыны жеңет деген,
Үмүттүү канча күн өттү?
Кайырма:
Бактылуу бол теңиң менен,
Махабатта болбойт ченем.
Баркың билип эми,
Барктап алсын сени аярлап.
Сөзү : Нурлан Насиптики
Обону : Нурлан Насиптики
Мен үчүн сен жаралгансып,
Көрүнөсүң көздөрүмө сен,
Так түшүрүп жүрөгүмө,
Байландым бир өзүңө мен.
Кайырма:
Көздөрүң кара-кара карагат,
Жүрөктү эзип жаралап.
Сүйөмүн көздөрүңдөн сенин,
Ак сүйүүм сага арналат.
Тамшанып карай-карай беремин,
Өзүңдү сүйсөм кантейин?
Өзүңө арналган бул,
Ырымды ырдап берейин.
Жаралып сенин көздөрүң,
Тамшандырат сенин сөздөрүң.
Ансайын тартып өзүңө,
Жүрөктү эзип жүрөсүң.
Кайырма:
Көздөрүң кара-кара карагат,
Жүрөктү эзип жаралап.
Сүйөмүн көздөрүңдөн сенин,
Ак сүйүүм сага арналат.
Тамшанып карай-карай беремин,
Өзүңдү сүйсөм кантейин?
Өзүңө арналган бул,
Ырымды ырдап берейин.
Сөзү : Самат Жаналиевдики
Обону : Самат Жаналиевдики
Я хотел бы быть частицею твоей мечты,
И хотел бродить по лунным аллеям,
Только я и ты.
И вроде лёгкие слова, но в мученье,
День ото дня.
Всё пытаюсь сказать тебе,
Я люблю тебя.
Да вроде так легко сказать.
Кайырма:
Мне без тебя всё хуже-хуже,
Даже прекрасный этот мир не нужен,
Окрылённый тобой лечу над землёю,
Я в поисках своей мечты.
Я без тебя как дождик по лужам,
Мыслями только о тебе загружен,
И холодной весной и суровой зимою,
Я буду только там, где ты,
Буду там, где ты.
Я боюсь, что ты не так поймёшь любовь мою,
И боюсь, что просто ты растоптаешь чувства мои,
И пусть, что нет с тобою я,
Но живу я лишь для тебя
Всё пытаюсь сказать тебе,
Я люблю тебя,
Да вроде так легко сказать.
Кайырма:
Мне без тебя все хуже-хуже,
Да же прекрасный этот мир не нужен.
Окрылённый тобой лечу над землёю,
Я в поисках своей мечты.
Я без тебя как дождик по лужам,
Мыслями только о тебе загружен.
И холодной весной и суровой зимою,
Я буду только там где ты,
Буду там, где ты.
Майрам күүсү жаңырабы?
Маңдай күлүп, жарылабы?
Таңды тосолу, шаңга кошолу,
Таарынышып, кайгырбайлы.
Жаштыкты кур өткөрбөйлү,
Жашоо бизге көктөмдөйбү?
Ырлар жаңырып, коштоп жаңырык,
Үндү көтөр, өктөмдөйлү.
Кайырма:
Асса, асса, ажайып шаң болсун,
Асса, асса, агарган таң тосуп,
Асса, асса, ар үйгө ырыс консун.
Бакыт шамын көтөрөлү,
Балкып учуп көкөлөйлү.
Бирге бололу, бийлеп коёлу,
Бекер өмүр өткөрбөйлү.
Калтырбайлы көңүлдөрдү,
Кадырлайлы өмүрлөрдү.
Кайта баралы, кайрып алалы,
Кайталангыс көз ирмемди.
Кайырма:
Жашообузга кеч кирбесин,
Жаратканым кеңчил берсин.
Жайнап туугандар, жакын тургандар,
Кайгы-муңду эч билбесин.
Кадыр сактап сыйлашылы,
Канып моокум сырдашалы.
Тооруп жашчылык, болуп жакшылык,
Маңыз болсун муң азабы.
Кайырма:
|