|
Мирбек Атабеков
Бардык видеолор: 39
Бардык аудиолор: 100
00:03:15
00:04:13
00:04:22
Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, Гүлнур Сатылганова, Нурлан Насип, Темир Назаров, Урмат Усенов, Неля, Анжелика, Кайрат Примбердиев, Ильяз Абдыразаков, Омар, Арсен, Аско, Джонни, Нурсултан Азыкбаев, Ислам Акматов, Бек Исраилов, Жийдеш, Малика Дина, Тынай Алыбаев, Мирбек Атабеков, Мирбек Атабеков, Айбек Замиров, Бактыгүл Бадыева, Чырмаш Төрөбеков, Айымжан, Бегиш, Баястан, Мирбек Атабеков "Бар болгун Элим"
00:03:36
00:03:23
00:03:40
00:05:37
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Бул жашоодо таза жолду танда,
Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга.
Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп,
Эмгегиңди элиң үчүн арна.
Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда,
Чоң жарышта сапарыңдан калба.
Жашоодогу жеңиш ошол экен
Пайдаң гана тийсе ар бир жанга.
Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра,
Кур дүйнөгө берилип байланба.
Атың өчпөй, жашап кылымдарга,
Баштаган жолуңдан эч тайманба,
Из калтыргын жүрөктө нур барда.
Жарык болуп күн нурундай тийсең,
Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң.
Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын,
Бул учурлар кайрылбаган ирмем.
Өзгөртөсүң келечекти бир сен,
Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең.
Адамдарга үлгү болуп дайым,
Жашагысы келгендей сен жүрсөң!
Таң атып күн батты
Кетпедиң оюмдан
Сезимди суусатты
Сагыныч чогулган
Кыялбай сен жакты
Күтөмүн жолуңдан
Ооо жолуңдан
Гүл кармап колуңдан
Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды
Жалгыздыктан билдим го баркыңды
Бирге жүргөн кезимди сагынып
Ак сүйүүм күчөп жаңырды
Ооо сезимтал жанымды
Жалгыздыктан билдим го баркыңды
Бирге жүргөн кезимди сагынып
Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу
Сапарың карадым
Билинбейт кабарың
Унутам баардыгын
Көргөндө караның
Кайгыга салбачы
Табылат аргасы
Ооо айласы
Мээримиң арначы
Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды
Жалгыздыктан билдим го баркыңды
Бирге жүргөн кезимди сагынып
Ак сүйүүм күчөп жаңырды
Ооо сезимтал жанымды
Жалгыздыктан билдим го баркыңды
Бирге жүргөн кезимди сагынып
Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу
Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды
Жалгыздыктан билдим го баркыңды
Бирге жүргөн кезимди сагынып
Ак сүйүүм күчөп жаңырды
Ооо сезимтал жанымды
Жалгыздыктан билдим го баркыңды
Бирге жүргөн кезимди сагынып
Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу
Сөзү : Нурак Абдырахмановдуку
Обону : Нурак Абдырахмановдуку
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы,
Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
Эркин ойноп жыргайлы.
Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Бакыт канча ким билет.
Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.
Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
Дайым сулуу бул дүйнө.
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.
Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
Миң жашасаң тойбойсуң.
Сөзү : Токтогул Сатылгановдуку
Сөзү : Нурак Абдырахмановдуку
Обону : Нурак Абдырахмановдуку
Бабалардан калган турмуш ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.
Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.
Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку, Мирбек Атабековдуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Мен оорудум бир жолугуп
Махабатка бир мас болуп, кайра соолугуп
Мынчалык неге сулуу?
Көздөрүң тунук терең толукшуп.
Кандай сонун сенин колуң
Кармаганда сезер белең жүрөк согушун?
Ким эле суктанбасын
Тим эле кулпунасың, колуктум.
Кайырма:
Перидей жансың,
Кериле бастың
Мен сүйгөн жансың.
Бакытымды таптымбы дейм,
Шириним таттуу балым эй
Жүрөгүмдү ээлеп алдын го бир өзүң
Дагы, дагы, дагы дейм
Тойбодум го татымыңа мен
Сезимдерим ээлеп алдың го бир өзүң
Махабатым сага арнадым,
Сыртыңдан гана сүйгүм келди, сени ардагым.
Ашыкмын сага билем,
Айталбай аттиң, жүрөм арманым.
Асыл, жаным, ананайын,
Сөздөрүн терип, асыл жарым, сага арнайын.
Жанашып түбөлүккө,
Жарашып бул өмүрдө калайын.
"Көк бөрү" тасмасына саундтрек
Илебин өрттөп барат, ирмебей көзүң карап,
Жамалың периштедей, жайылып аппак канат.
Тазасың аруу таңдай, тамшанткан таттуу балдай,
Алтыным, алмаштырбай, жалгызымсың толгон айдай.
Кайырма:
Суранамын, жалынам.
Сен кетпечи жанымдан.
Сезимдерим сага болгон,
Таттуу экен баарынан.
Жыйналган бактым болчу, жыл өткөң сайын толчу.
Гүл жыттанган гүлзар болсом, булбул болуп мага кончу.
Себепсиң жаңы ырыма, жетермин кадырыңа.
Ырыс менен сага кошкон, ыраазымын тагдырыма.
Кайырма:
Суранамын, жалынам,
Сен кетпечи жанымдан.
Сезимдерим сага болгон,
Таттуу экен баарынан.
Суранамын жалынамын,
Таттуу экен баарынан.
Сөзү : Которгон Жылдызбек Турсунбаев (Жадыра Байбуланованыкы)
Обону : Элкожонуку
Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Кайырма:
Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
Алдың го жаштыктын жазын далай.
Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Берерин билбеймин али эртеңдин,
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Кайырма:
Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр...
Кайырма:
Сөзү : Мирлан Алтымыш уулунуку
Обону : Мирбек Атабековдуку
Кылыктанган, сүйгөнүм, кызыгы сен дүйнөнүн,
Эч нерсеге алмашкыс, сен жолуккан күндөрүм.
Жүрөк сен деп какканда, көкөлөймүн асманга,
Эң бактылуу күндөрүм сени менен бирге басканда.
Кайырма:
Карагат көздөрүң, карагат,
Ак сүйүүм өзүңдөн аманат.
Колумда тургансыйт жүрөгүм,
Кокустан албагын жаралап.
Аппагым, ай, аппагым, ак сүйүүмдү какпагын,
Көп кыздардын ичинен көзүм түшүп тапканым.
Ушул келген өмүрдү, өткөрөлү көңүлдүү,
Таазим кылып сүйүүгө, таптым сендей сулуу перини.
Кайырма:
Айтамын гана ээй,
Атадан гана калган мурасты.
Жаңырып заман, эй,
Жаңы муун баба салтын улантты.
Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?
Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кеттиң алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.
Арнагам гана, эй,
Жериме чындап өчпөс эмгекти.
Баатырлар гана, эй,
Байыртан буруп тынчтык элдешти.
Намысын бийик сактаган эл,
Добушун угуп тыңдап жүрөктүн.
Кадырын туюп барктанам мен,
Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн.
Кайратыңдан жанбаган,
Калың элди барктаган.
Эгемендикти энчилеп
Өмүрүн берген бизге
Канча адам э-эй-и-ий?
Ташта изи калган кыргызымдын.
Бириң кетип алыска,
Бириң жетти жылдызга.
Бириң жарап намыска,
Бири-бириңден талашпа.
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда.
Бир көрүп гана жан дүйнөмдү козгоп жолуктуң неге?
Сүйдүрүп гана сезимдерди толгоп азгырдың беле?
Кызыгып, көңүл бөлсөң мага, жаңылдым дебе,
Мен эңсеген тагдырым сенде.
Сүйдүрүп тузагыңа саласың түшүнбөй эле,
Сыздатып гана ойдо жок койгон талабың бүтчүдөй беле?
Өзүм деги-деги не болдум сенсиз күндөрүм эми гана
Кыйнайсың гана сен неге сүйгөн жанды табышмагыңа.
Кайырма:
Көл үстүндө нурдай себелеп
Сенин сүйүүң мага келе элек
Кол кармашып дайым экөөбүз
Жүрөлүчү жаным эртелеп.
Үмүттүн гана көрбөгөн, өчпөгөн шамын тамыздың беле?
Жүрөктүн гана дегдеген жай алдырчу дарысы сенде
Буулуккан, жабыркаган жанга бир жок дегенде,
Жолукпастан алыссың неге.
Сүйдүрүп тузагыңа салсаң түшүнбөй эле
Сыздатып гана ойдо жок койгон талабың бүтчүдөй беле?
Өзүм деги-деги не болдум, сенсиз күндөрүм эми гана
Кыйнайсың гана сен неге сүйгөн жанды табышмагыңа.
Кайырма:
Карааныңа зар, мен ар дайым,
Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым.
Эркелетип сен кучак жайып,
Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың.
Кайырма:
Энекем ай, таза аккан суудай,
Таң аткан нурдай,
Эрте эле кеч киреби?
Берекем ай, замзамдан ууртам,
Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми.
Мээримиңе зар апакебай,
Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай.
Ымыркайың ыйлай-ыйлай,
Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай.
Кайырма:
Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй,
Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй
Кайык сымал толкундардан жалгыз калган,
Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй.
Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт,
Жоготкон күнүң кайра табылбайт.
Байлыгың бербейт баарын турмушта,
Бакытың бийик учкан куш тура.
Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй,
Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй
Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт,
Жоготкон күнүң кайра табылбайт.
Байлыгың бербейт баарын турмушта,
Бакытың бийик учкан куш тура.
Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй,
Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй
Кайык сымал толкундардан жалгыз калган,
Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй.
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : Б.Жандаровдуку
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Кечкурун иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.
Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр балынан.
Колумдан кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.
Сагынам, жаным, сагынам,
Алыссың кантем жанымдан?
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
Сөзү : М.Баетовдуку
Обону : М.Баетовдуку
Арпанын Ала-Тоосунан,
Аркарын атсам зоосунан.
Ардактуу шумкар экен деп,
Алсам дейм куштун боосунан.
Айлыңа күндө баргандан,
Артымды ойлоп чочунам.
Асылкеч сендей келиндин,
Айлантып өпсөм оозунан.
Калкыңа күндө барганда,
Капырай, минтип чочунам.
Кадыркеч сендей келиндин,
Кайрылып өпсөм оозунан.
|