|
Айгерим Расул кызы
Бардык видеолор: 15
Бардык аудиолор: 34
00:03:41
00:03:40
00:03:09
00:03:18
00:03:13
00:04:02
00:03:24
Сөзү : А. Кенжебаевдики
Обону : Р. Маматкуловдуку
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Нурлан Насиптики
Сөзү : Абдырасул Кенжебаевдики
Обону : Расул Маматкуловдуку
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эдил Маматовдуку
Жүрөк толкуган укканда Манасын,
Көңүл дартына таппаган дабасың.
Даңктап бүтпөгөн үн салып булбулдар,
Баары биригип салса да авазын.
Кайырма:
Ала-Тоого Алтайдан улуу жол улаган,
Кыйың кезеңдин баарына чыдаган,
Кырк уруудан бир журтту кураган,
Алга умтулган.
Чагылган болуп касташкан душманга,
Кааласа учуп, айланган шумкарга.
Кааласа сызып айланган тулпарга.
Кыргызым менин кыйыр кезгениң,
Кылымды басып терең кеткениң.
Аталардан калган Мекеним.
Жарык нур болуп, ыр болуп дастаның,
Ырыс-ынтымак бардыгын сактадың.
Гүлдөп өлкөнүн ар жери өркүндөп,
Дайым ачылып турса дейм асманың.
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Сөзү : А.Жакшылыковдуку
Обону : Т.Асанакуновдуку
Сөзү : Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Закир Кожошевдики
Обону : Асан Пердешовдуку
Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку
Обону : Индия элиники
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Түрк элиники
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Сөзү : Расул Маматкуловдуку
Обону : Расул Маматкуловдуку
Жарыгын чачкан ай болсо,
Айланам толо түн болду.
Нурларын чачкан күн болсо,
Өзүңө жаным кул болду.
Кайырма:
От болдум, күйүп болдум,
Шириним, жаным, ашык болдум.
Бир көргөндө тартып алган,
Чырайыма жакын жан болдуң.
Чалкыган сулуу көл болсом,
Ашыгы аккан сел болду.
Ашуусу бийик бел болсо,
Эңсөөдө учкан жел болду.
Кайырма:
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Жайында эмес көңүлүм
Бир арманы бар өңдүү.
Кетилгенсийт өмүрүм
Суу кемирген жар өңдүү.
Кайырма:
Келчи, келчи көңүлдө
Издер калсын унуткус.
Ансыз да биз өмүрдө
Учуп-конгон булутпуз.
Салып коюп тымызын,
Мени ушул абалга.
Бүтө электей жумушуң,
Түр кылганың жаман да.
Кайырма:
Элек болуп экчелип,
Өткөн күнүм курусун.
А көрөкчө тез келип,
Таркат көңүл булутун.
Кайырма:
Мен бийлесем карап турба,
Келчи курбум катарга.
Сен арданба, тартынбачы,
Бийлөө бизге, жаштарга.
Чакырайын кайтарбагын,
Сунушумду сага арзуу кылган.
Көңүлүңдү кыйнабачы,
Жалынба бой көтөргөн балдарга.
Кайырма:
Жаштардын баары, турбасын алды,
Кел, курбум, бийле, бийлейличи, дагы.
Катардан калба бийлөөдөн качпа,
Кел, курбум, бийле, бийлейличи, алга.
Сен өткөрбө жаштыгыңды,
Жаркын кылып ырдагын.
Бир жолуккан сүйүү үчүн,
Көңүлүң кир кылбагын.
Таарынбагын, кайгырбагын,
Алдыда бакытың, махабатың.
Жаштыгыңда азгырылба,
Бекем тургун жүрөгүң тыңдагын.
Сөзү : Р.Маматкуловдуку
Обону : Р.Маматкуловдуку
Оштон чыгып жол тарттым мен Бишкекке,
Жол кезүүдө түш көрдүм мен бир кезде.
Көргөндө да укмуш кызык иш көрдүм,
Абдан тунук, өңүм сымал түш көрдүм.
Кайырма:
Ош-Бишкек жолунда,
Айдаганым Мерседес.
Жанымдагы сүйгөнүм,
Мерседестен кем эмес.
Бир мезгилде мен түшүмдөн ойгондум,
Чочуп кетип, өзүмчө бир толгондум.
Көргөн түшүм айланса дейм өңүмө,
Андай түштөр жагат экен көңүлгө.
Кайырма:
Айланайын айлуу түн,
Жүрөгүмдөн караңгы.
Уктап жаткан жүрөгүм,
Махабат кайра жүдөттү.
Билинбей келген махабат,
Жүрөгүмдү жүдөттү,
Махабат мени жүдөттү.
Жүрөккө батпай кумарым,
Терметет сезим кылдарын.
Арманым арман болот го,
Айтылбай калса сырларым.
Махабат мени жүдөттү.
Айланайын айлуу түн,
Жүрөгүмдөн караңгы.
Уктап жаткан жүрөгүм,
Махабат кайра жүдөттү.
Билинбей келген махабат,
Жүрөгүмдү жүдөттү,
Махабат мени жүдөттү.
Сөзү : Р.Маматкуловдуку
Обону : Р.Маматкуловдуку
Сен жашаган көчөдөн
Күндө өтөм, жаш жигит.
Салам берип жылмайып сен,
Көндүрүпсүң, жаш жигит.
Кайырма:
Билем, билем, билем,
Ашыксың, билем.
Салыштырсак жылыбызды,
Өзүмдүн үкам экенсиң.
Кой, ука, кой,
Өзүңдүн эжең экенмин,
Өзүңдүн абжең экенмин.
Тереземдин түбүнө
Кеч келесиң, жаш жигит.
Гитараңды сыздатып сен,
Ырдайсың мага, жаш жигит.
Кайырма:
Ак булутту аралап, кыялымда учамын.
Санааларга сабалап, кучагында кусанын,
"Ээрчитпе" деп шыбырап деген сөзүң угамын.
Кайырма:
Самолёт-лёт-лёт, самолёт
Жалал-Абад-Бишкекке.
Күтүп ал сен, сен, күтүп ал,
Бүгүн учам Бишкекке.
Күтүп ал сен, сен, күтүп ал
"Манас" аэропортунда.
Экөөбүздүн аралык алыс-алыс жол болот.
Алыстагы күткөнүм гүлүн берип кол сунат.
Эңсөөлөрдү жеткирет, аба сызган самолёт.
Кайырма:
Тагдырымбы, таалайымбы такыр билбедим,
Көп жигиттин арасынан сени издедим.
Сени мага, мени сага сүйдүргөн жүрөк,
Туш келсинчи экөөбүзгө таалайлуу тилек.
Кайырма:
Түшүмдө да сен, сен, сен.
Өңүмдө да сен, сен, сен,
Ойлодуңбу сен, сен, сен?
Ойлодуңбу сен мени, сен?
Күн болсоң нурларыңа жылынайын,
Түн болсоң жылдыз болуп жамынайын.
Сайраган булбул болуп гүл багында,
Көзүңдүн карегине кагылайын.
Кайырма:
Сагынам сени сагынам,
Жыргалы белең жанымдын
Билинип сенин жоктугуң
Уктабай жаттым ойгонуп.
Кайырма:
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Сагындым сени сагындым,
Суу болуп жардан агылдым.
Суранам сенден кечирчи,
Сүйүүмдү кантип жашырам?
Кайырма:
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Ошол күнү жаады жамгыр эч токтобой,
А мен сени ойлонуп эч жоктобой.
Дискотека түнкү Бишкекте,
Достор менен жүрөм кечинде.
Мага жандап күлгөн жигиттин,
Көз карашы дале эсимде.
Кайырма:
Айта албайм сенин атыңды,
Айланттың го менин башымды
Бир канча бийге барсам да,
Тартынып бийге тартпадың
Сүйлөшүп жүрдүк бир далай,
Ал учур мага жыргал, ай.
Бир канча ойду айтсам да,
Түгөнбөй койду сырлар, ай.
Кайырма:
|