|
Эрлан Андашев
Бардык видеолор: 25
Бардык аудиолор: 31
00:03:37
00:03:07
00:04:03
00:03:05
00:03:55
00:03:53
00:03:37
Сөзү : Эркин Мукашевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Сөзү : Жыргал Жусупованыкы
Обону : Эрлан Андашевдики
Багына мени чакырдың,
Багынтып дүйнөм мас кылдың.
Баары сен болуп жашоомдун,
Байкатпай мени азгырдың.
Кайырма:
Жанына жаным тартылат
Көргөндө көзүм карагат
Арбалып сага баратам
Алтыным
Багынтып бизди махабат
Бактылуу күнгө чакырат
Багында бакыт куш сайрап
Алтыным
Жүрөктүн издеп ачкычын
Жүрүшүң учун жактырдым
Кулпулап эми жүрөгүм
Алып ал өзүң ачкычын
Кайырма:
Балын бир татып сүйүүнүн
Бирге бир жүрчү күн келсин
Кош жүрөк согуп турганда
Сүйүүмө сүйүүң дем берсин
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Эрлан Андашевдики
Сөзү : Эрлан Андашевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Ардагым, ай, асылым, ай,
Арбадың го жан дүйнөмдү бир далай.
Алсызмын, ай, аярым, ай,
Арманга салбачы жанды кыйнабай.
Кайра-кайра эстеп өткөн күндөрдү,
Карааныңа зар болуп турам, түшүнчү.
Көргүм келип сенин сүйүүгө толгон кара көзүңдү.
Кайырма:
Коё бербейм, мен сени эч кимге бербейм,
Жүрөгүңдү бир жалгыз өзүм ээлейм.
Экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүк болушун тилейм.
Адаштым, ай, жаңылдым, ай,
Чын бакыттын баркын сезбей калдым, ай.
Баарын эми түшүндүм, ай ,
Сендей жанды таба албаарым билдим, ай.
Кайра-кайра эстеп өткөн күндөрдү,
Карааныңа зар болуп турам, түшүнчү.
Көргүм келип сенин сүйүүгө толгон кара көзүңдү.
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Күн дейинби сени күндөйүм,
Гүл дейинби кызыл гүлдөйүм.
Баары, баары сага жарашат,
Эмне дейин айтчы ким дейин?
Күнүм десең жарык чачайын,
Гүлүм десең гүлдөп ачайын.
Эркелетсең мейли эмне деп,
Эркең болуп сенин жашайын.
Кайырма; Жаныңда жаным,
Сенин болоюн.
Багына бактым,
Барып коноюн.
Тыңшачы жаным,
Ортобуздагы.
Жаңырып жаткан,
Сүйүү обонун.
Ай дейинби сени айдайым,
Асел дейим ширин балдайым.
Аруузатым арзуу сезимди,
Ак сүйүүмдү сага арнайын.
Айым десең түндө төлөйүн,
Асманыңа бийик коноюн.
Жол көрсөтүп сага түндөсү,
Жарыгың мен сенин болоюн.
Кайырма;
Сөзү : Акбар Кубанычбековдуку
Обону : Эрлан Андашевдики
Элиңдин келечегин бүгүн ойлон,
Ал үчүн Мекениңди сүйүп ойгон.
Жеңишке жете алабыз эңсеп жүргөн,
Пейлиңди, жан дүйнөңдү кенен койсоң.
Тар жолдо тайгаланса канча жаның,
Багыттан алга деген чарчабагын.
Көралбас ар кадамда коштоп жүрөт,
Кыялды, максатыңды таштабагын.
Кайырма:
Эртең кеч, бүгүн, азыр ойгонуп,
Элиңдин келечегин ойлонуп.
Түшүнсөң жаңы күндүн таңы сен,
Калың журт колдоп турат баары тең!!!
Кыргыздын айбаты курч сүрү болгон,
Кайтпаган ата-бабам улуу жолдон.
Татыктуу урпак болуш үчүн анда,
Эртең кеч болот билсең бүгүн ойгон.
Жетпейсиң бийиктерге үмүт үзсөң,
Канча жан өлкө үчүн күйүп бүткөн.
Тайманбай алдыда бар улуу сапар
Баралы келечекке бизди күткөн.
Сөзү : Жыргал Жусупованыкы
Обону : Эрлан Андашевдики
Биз олтурган гүл бакта, эй,
Сүйүү чексиз нур чачкан.
Сезимдерге оролгонсуйт,
Сени менен гүл бакчам.
Сага болгон ак сүйүүмдү,
Арнасам сен уялсаң,
Ал ансайын сүйүүм артып,
Бир өзүңө тартылам.
Кайырма:
Сүйөмүн десем уяласың го,
Сүйкүмдүү карап, бураласың го,
Сыздатып жанды суналасың го, жаным.
Сүйөмүн десем уяласың го,
Уяңкы күлүп, жылмаясың го.
Бир согор эми биздеги жүрөк, жаным.
Биз табышкан гүл бактан, эй,
Сүйүү өнүп, гүл ачкан.
Сүйдүрүп сен өзүңдү, ий,
Сүйүү таптың ал бактан.
Адашышкан жүрөктөр, эй,
Бир-бирине суусаган.
Кезигишет мен ишенем,
Сүйүү табат гүл бактан.
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Сөзү : Эрлан Андашевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Бул өмүрдө өзүң бар үчүн,
Тагдырыма мен ыраазымын.
Ичте катып сүйүүнүн гүлүн,
Жүрөсүң сен кантип күнү-түн?
К: Ооба, билем, ооба, билем,
Сүйөрүңдү сезип келем.
Сезимиңди жашырсаң да,
Көздөрүңдөн көрүп келем.
Эгер мени сүйөм деп айтсаң,
Жан дүйнөмө бакыт кушу конот.
Болор элем сендик түбөлүк,
Түгөй болуп өмүр сүрөлүк.
Сөзү : Шайлообек Дүйшеевдики
Обону : Элмирбек Иманалиевдики
Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттиң.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап, кайрадан сени самап,
Күттүм, күттүм, күттүм,
Жалжалым, жалгыздыктан тажап бүттүм.
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма:
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам, жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Санаага салып мени түшүмө кирдиң
Садагам күнүм болуп күлмүңдөп тийдиң
Кайдасың айтчы деги ашыгым азыр
Кадырың кечир эми кечигип билдим
Эстесем эзилемин от болуп күйөм
Эх жаным кечирилгис беле не күнөм
Мейли күн арадан ай жылдар өтсө да
Мен сени махабатым баары бир сүйөм
Кайырма:
Эркем ай дечелем сени
Эркелеп эми , кайрылып келчи
Кечирип мени
Сүйүүмө күбө менин асман да булут
Сезимим сага деген булактай тунук
Сагындым куса болуп асылым сени
Суранам кечир мени баарын сен унут
Кызыксыз күндөр өтүп өзүңсүз барат
Кымбатым күн өткөрөм жолуңду карап
Жыргалым кайрылып кел өтүнөм сенден
Жүрөгүм жүрөгүңдү күтүүдө самап
Сүйүүбүздү сактап калчы
Кечир мени, кечир мени
Кечиримди сурайм дагы
Кечир мени кечир эми
Сени эле күтүп келем ,сени эле суйуп келем
Кечир мени жаным , кечир мени
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Ай чырайлуу назик асыл жан Айперим!
Ак таңымсың аткан татынам Айперим!
Арзыттырып мени алдың го Айперим!
Ашык болуп сага калдым го Айперим!
Кайырма:
Кашы кара,
Көздөрү да кара.
Көзүм түштү сага
Көңүлүм бар менин.
Күлчү кана,
Күлгө айлансын санаа
Айперим!
Ажарыңа сенин багынам Айперим!
Алоолонгон ысык табынан Айперим!
Ааламдагы жарык сенсиң ал Айперим?
Асман карап күткөн менмин ал Айперим.
Кайырма:
Кашы кара,
Көздөрү да кара.
Көзүм түштү сага
Көңүлүм бар менин.
Күлчү кана,
Күлгө айлансын санаа
Айперим!
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Жүрөгүмдүн ээси сенсиң,
Табалбай жүргөн берекемсиң.
Ай ааламдагы жалгыз бир адам,
Ошол жаным жалгыз сенсиң.
Жарык чачкан таңым сенсиң,
Жанымда жүргөн көлөкөмсүң.
Жандай көргөн жалгыз адамым,
Жалындап жүрсөк бирге деймин.
Кайырма:
Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен,
Махабатка батып барат жаным.
Жаным
Арзуубуздун оту жансын,
Ардагым менин махабатым.
Арнаймын сага ушул дүйнөдө,
Ак сүйүүнүн таттуу балын.
Күлмүңдөп бир тийген күнсүң,
Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң.
Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн,
Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Өмүргө келдик жаралып,
Өткөн соң таттуу балалык.
Өкүнбөй болуп өткөнгө,
Өмүрдү барктап алалык.
Жашоодо болот бардыгы,
Жүрүшүң артпы алдыбы?
Жараткан берет тилекти,
Жашыба унут кайгыны.
Кайырма:
Өкүнбө досум өкүнбө,
Өтүнөм ойго чөмүлбө.
Ырысын тоодой ишенгин,
Ыссык-Көл болгун төгүлбө
Бул өмүр өзү жүзүмдөй,
Бир жерде турбайт үзүлбөй.
Аттиң деп такыр айтпагын,
Ал мөмө берет билинбей
Андыктан асыл адамзат,
Ак шумкар болуп сабалап.
Ааламды тегиз айлангын,
Ата журт сага аманат
Кайырма:
Сөзү : Э. Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Армандын торундамын, азаптын шорун таттым
Сен көрбө абалымды, жүрөгүң оорутпагың
Кайырма:
Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум,
Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
Калган жок башка арга, тагдырга багынбаска
Мен дагы жолугаармын, а сенин бактың башка
Кайырма:
Жанашып жүрбөс болдум, жылмайып күлбөс болдум,
Сүйүүдөн көңүл калды, мен эми сүйбөс болдум.
Сөзү : Эрлан Андашевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Сөзү : Эрнис Түмөнбаевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Жүрөгүмдүн ээси сенсиң,
Табалбай жүргөн берекемсиң.
Ай ааламдагы жалгыз бир адам,
Ошол жаным жалгыз сенсиң.
Жарык чачкан таңым сенсиң,
Жанымда жүргөн көлөкөмсүң.
Жандай көргөн жалгыз адамым,
Жалындап жүрсөк бирге деймин.
Кайырма:
Карап, карап, карап
Бир өзүңдү
Самап, самап, самап
Олтурамын эстеп алып анан мен,
Махабатка батып барат жаным.
Жаным
Арзуубуздун оту жансын,
Ардагым менин махабатым.
Арнаймын сага ушул дүйнөдө,
Ак сүйүүнүн таттуу балын.
Күлмүңдөп бир тийген күнсүң,
Жашоодо жалгыз үмүтүмсүң.
Өмүрүмдү көрккө бөлөгөн,
Жаңы ачылган кызыл гүлсүң.
Кайырма
Сөзү : Аида Усубалиеваныкы
Обону : Аида Усубалиеваныкы
Я подарил любовь свою,
Небо, звёзды и луну.
Словно пламенем горю,
Но небо, звёзды и луна.
Будто молния, гроза,
Разделила нас судьба.
Кайырма:
Ты вспомни те,
Те дни, что мы были с тобой.
Радость, смех носили с собой,
Озоряла жизнь нам счастье и смех.
Дождь, как наивно я мечтал,
Безответно я страдал.
И в душе один обман,
Ты всё равно придёшь ко мне.
Рассветут сады везде,
В сердце вновь наступит весна.
Кучагыма алып,
Эркелетким келет сени, жаным.
Көргүм келет сени,
Кайра-кайра, жаным, ал кыялым.
Капысынан калдым,
Сенден айрылып мен, сүйгөнүм.
Келчи кайра мага,
Жүрөгүмдү эзбей,
Канат байлап махабатым.
Кайырма:
Кечирип кой, ак сүйүүңдү сезбептирмин,
Убагында адаштым алгачкы тун сезимден.
Кайдасың сен?
Кечир мени кеч болсо да,
Жан дүйнөң жок дегенде мен дээр бекен?
Түшүндүң баарын,
Кечиргин, жаным, таарынбачы.
Күйгүзөлү бирге жалындуу шам чыракты,
Жүзүң бурчу мага,
Сен кетпечи, сүйүүм, алыс узап.
Кусадамын мен, суранам сенден,
Кыйнабачы менин, ай, жанымды.
Кайырма:
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Эрлан Андашевдики
Ошол күнү толкунданып отурдум,
Күндөр өттү, жалгыз сени ойлоймун.
Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң,
Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң.
Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың,
Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым.
Көрүшкөндө тик карабай көзүңө,
Уялдым, көздөрүмдү алып качтым.
Кайырма:
Сүйүп калдым, кантейин?
Сүйүп калдым, мен кантейин?
Сүйүп калдым, кантейин?
Сүйүп калдым, мен кантейин?
Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим,
Сени жактырып калганымды сездим.
Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун?
Көргүм келип сени гана издеймин.
Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу?
Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу?
Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин,
Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу?
Кайырма:
Түн уйкумду сага арнап, уктабай,
Жөнөкөй мүнөзүңө мен, ай, суктанып.
Сүйүп туруп каламынбы жете албай?
Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып?
Эгер сүйсөм, кантип айтпайм жашырып,
Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса.
Көргүм келип жүрөм сени сагынып,
Бирге бассак кол кармашып жанаша.
Кайырма:
Сөзү : Т. Эргешовдуку
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Сөзү : Т.Ниязалиевдики
Обону : Т.Ниязалиевдики
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган Кудай экен.
Абаны сулуу кылган ырай экен,
Адамды сулуу кылган чырай экен.
Чырайлуу табиятты тартуу кылып,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген,
Чыныгы жашоо берген
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
Ак нандын чыккан жери буудай экен,
Буудайдын чыккан жери ылай экен.
Ылайдан жасап коюп адамзатты,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан күчтүү кылган,
Баарынан эстүү кылган
Кудай экен.
Өткөндү закым кылган Кудай экен,
Эртеңди жакын кылган Кудай экен.
Мезгилдин арыз-муңун айта жүр деп,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган,
Мендейди акын кылган Кудай экен.
|