super.kg logo

Мирлан Баеков "Сүйүү тагдыр"

Жүктөлгөн: 19-02-2019
Көчүрүү
04:05
61,65 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 4.50/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Мирлан Баеков
"Сүйүү тагдыр"

Сөзү : Клара Умаралиеваныкы
Обону : Мирлан Баековдуку
Тагдыр калчап сага берген көңүлдү,
Таалайымдан тартып алган өңдүүбү?
Тереңине күйүп, түптөп баратам,
Термеле тигилбей кара көзүңдү.

Күдөр улап гүлүм,
Күтпө, жаным, бүгүн.
Кыйнаса да сени,
Кыйбаган сүйүүм.
Болсоң жары кимдин,
Боздоп калам билгин.
Сезим жандай түнөм,
Сен менен бирмин.

Көңүл көксөп сени күндө чакырды,
Көтөр албай күйүт берген басымды.
Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай,
Сүйүү деми мынча эрте басылды.

Кайырма:

Ишенбей акыры кош деген сөзгө,
Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө.
Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң,
Бийигине алып кетериң өзгө.

Кайырма:
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул видеоклипти көрдү:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;