super.kg logo

Нурмат Садыров "Эрке кыял"

Жүктөлгөн: 15-02-2021
Көчүрүү
02:46
53,83 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 2.00/5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Нурмат Садыров
"Эрке кыял"

Сөзү : Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону : Эдил Маматовдуку
Каректе жылдыз жыбырап,
Караган жигит жыгылат.
Садагам, кичинем,
Сан кыздын ичинен,
Бир сенин үнүң угулат.

Күлгөнүң шыңгыр булактай,
Турушуң мөлтүр сымаптай.
Жылмайсаң жаз болуп,
Жытыңа мас болуп,
Жүрөгүм барат чыдатпай...

Кош алмаң бойго тирелип,
Көңүлдү кеттиң имерип.
Сезимим дүк-дүк-дүк,
Дүйнөмдү бүт-бүт-бүт,
Берсемби сага түбөлүк?!

Жайнаса жибек саамайың,
Жанымды сага чабайын.
Жүрөгүм бош-бош-бош,
Жүзүңдү тос-тос-тос,
Бир жолу өөп алайын!
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул видеоклипти көрдү:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;