p

9-июнь, 1981-жылы Америкалык актриса Натали Портман туулган

Дүйнө
Америкалык актриса Натали Портман Израилдин Иерусалим шаарында туулган. Ал Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган. Жалпысынан 40тай тасмада тартылган.
Наталинин ата-энеси молдовалыктар болгон. Атасы – доктур, энеси – сүрөтчү. Кичинекей Натали хореография менен муз үстүндө бий­лөөгө кызыкчу. 11 жашында аны моделдер агенттигине чакырышкан, бирок, Портман башынан эле актриса болууну самаган.
Актрисанын тушоосун Люк Бессон кескен. “Леон” – Наталинин актрисалык кесибинин баштапкы кадамы. Бул тасмага тартылаарда Наталинин ата-энеси “кокус, уят болбойлу” дегенсип кызына чоң энесинин фамилиясын беришкен. Ошентип, Натали Хершлаг Натали Портманга айланган. Бул тасманын аркасы менен тез аранын ичинде популярдуу болгон актрисага дароо жаңы сунуштар түшө баштайт.
“Леондон” күүлөнүп алган Портман “Алышуу” деген кийинки тасмасында Роберт Де Ниро жана Аль Пачино сындуу улуу актёрлор менен бирге тартылган. Андан ары да токтоно албай жылына 2 киного тартылууга жетишип, Жулия Робертс, Дрю Берримор сыяктуу алдыңкы актрисалар менен чогуу иштешкен.
Атактуу “Жылдыздар согушу” бешилтиги да Наталиге чоң ийгилик алып келген. Мында ал Амидала ханышайымдын ролун аткарганы менен бүткүл дүйнөгө таанылган.
  (45 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: