p

10-июнь, 1951-жылы акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов туулган

Кыргызстан
Акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатын аяктаган соң 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эгемберди Эрматов 1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп, андан кийин "Кыргызстан маданияты" гезитинин адабий кызматкери болуп иштеген. Андан соң "Кыргыз руху" гезитинде, "Мурас", "Тулпар" журналдарында эмгектенген. Ал эми 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген. 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутаты, ал эми 2013-жылдын 29-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болгон. Эгемберди Эрматов 2003-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны наамдарын алган. Акындын обонго салынган ырлары - “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка.  (75 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: