p

10-июнь, 1940-жылы Кыргыздын алгачкы сексопатологу Күлчоро Аскаров туулган

Кыргызстан
Кыргыздын алгачкы сексопатологу, Саламаттыкты сактоонун отличниги, “Эки жүрөк – бир сүйүү” аталыштагы сексопатология боюнча алгачкы китептин автору, медицина кызматынын подполковниги, медицинадагы ишмердиги үчүн 7 медалдын ээси Күлчоро Аскаров Токтогул өрөө­нүн­дөгү Үчтерек айылында туулган. Мединститутту бүткөн соң ГДРде 5 жыл аскердик врач болуп иштеген. Кыргыз жерине келген соң мединституттун аскердик кафедрасында пенсияга чыккыча иштеген. Пенсияга чыгаары менен Украинанын Харьков шаарынан сексопатология боюнча курстан окуп келип, сексопатология боюнча Кыргыз жеринде иш алып бара баштаган. “Эки жүрөк – бир сүйүү” аттуу китеби эркек менен аялдын ортосундагы элге айтылгыс төшөк маданиятына арналган.
Күлчоро Аскаров 2007-жылы 4-июнда каза болгон.
  (86 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: