|
|
p
10-июнь, 1987-жылы футболчу Алмазбек Мирзалиев туулган
Футболчу Алмазбек Мирзалиев Ош шаарында туулган. ОшМУнун дене тарбия жана спорт факультетин аяктаган. Алмазбек Мирзалиев 2003-жылы карьерасын Ош шаарындагы "Авиатор" клубунда баштап, 2007-жылы канттык "Абдыш-Атанын" курамына кошулган. Канттык клуб үчүн жүздөн ашык гол киргизген. 2013-жылы келишим аяктаган соң "Алай", 2015-жылдын январь айынан баштап (2015) "Дордой" клубунун чабуулчусу.
Алмазбек Мирзалиевдин жетишкендиктери: 2007-2009-2011-жылдарынын Кыргызстан кубогунун ээси; 2007-2008-2009-жылдарынын Кыргызстан чемпиондугунун күмүш медалынын ээси; 2010-2011-2013-жылдарынын Кыргызстан чемпиондугунун коло медалынын ээси; 2007-жылы 21 жана 2013-жылы 20 гол менен Кыргыз чемпиондугунун мыкты бомбардири.
(39 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |