p

10-июнь, 1925-жылы тарыхта "Отузчулардын арызы" деп белгилүү болгон Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи оппозициялык кайрылуу кабыл алынган

 
Кыргызстан
Тарыхта "Отузчулардын арызы" деп белгилүү болгон Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи оппозициялык кайрылуу кабыл алынган. Кыргызстан Автономиялык облусунун жетекчилиги жүргүзгөн саясатка нааразы болгон коомдук ишмерлер тобу бул күнү өлкөдөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, РКП (б) Борбордук комитетине, РКП (б) Борбордук комитетинин Орто Азия Бюросунун Улуттук кеңеши менен Кыргыз облустук партиясына кайрылышкан.
"Отузчулардын" пикиринде, Обкомдо отурган бир ууч жетекчилик белгилүү бир топтун кызыкчылыгына жараша саясат жүргүзгөн. "Отузчулардын" кайрылуусу кыязы татаал шартта кабыл алынгандай. Кайрылууга кол коюу 10-июнда башталып, 12-июнда соңуна чыккан.
  (101 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: