|
|
p
10-июнь, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев атылып өлтүрүлгөн
Парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиев Бишкектин борбордук бөлүгүндө атылып, өлтүрүлгөн. Депутатка ошол күнү саат 13:00 чамасында Орус драма театрынын жанында Мерседес унаасында бара жаткан адамдар ок чыгарышкан. Сурабалдиевдин жан сакчысы ок чыгаргандар менен атышып жаракат алган. киллерлер 9 ок чыгарып, алган жаракатынан депутат ошол жерде жан берген. Күбөлөр кылмышкерлер экөө болгонун айтышкан. (Окуя Ички иштер министрлигинин имаратынан 200 метр алыстыкта болгон). Депутатка ок чыгаргандар кармалган. Эл өкүлүнүн өлүмү тууралуу кызы, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева "Ошол мезгилде бийлик башында тургандар атамды саясатчылар менен биригип революция уюштурат деп кооптонуп турушканын билдим. Атамды өлтүрүүгө буйрук бергендер эртеби-кечпи жазасын алышат деп ишенем" деген.Жыргалбек Сурабалдиев өлкөдөгү ийгиликтүү ишкерлердин бири катары саналган. Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргыз өлкөсүндө бийлик алмашып, өлкөдө саясий хаос башталган. Жер басып алуу, менчикти кайра бөлүштүрүүнүн айынан чыккан коогалаңдуу окуядан улам 2005-жылдын апрель айында белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов киши колдуу өлтүрүлүп, 10-июнда болсо Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан борбор шаардын так ортосунда атылган.
(21 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |