super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр көмүскө экономиканы легалдаштыруу зарылдыгын билдирди

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев көмүскө экономиканы легалдаштыруу, накталай эмес төлөмдөр тутумуна өтүүгө чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-февралда өкмөт башчынын төрагалыгынын астында министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өкмөткө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга карата орто мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүү пландары талкууланды.

Ж.Оторбаев Экономика министрлиги тарабынан кризиске каршы программанын иштелип чыгышы жана бардык ички резервдердин аныкталышы зарыл экенин белгиледи. "Бизде чоң резервдер бар, аларды пайдалануубуз керек. Учурда туризм, тейлөө жана соода тармагы көмүскөдө турат. Көмүскө экономиканы легалдаштырууга баруу, накталай эмес төлөмдөр тутумуна өтүү керек. Мында өкмөт бардык социалдык милдеттенмелерди аткарат",- деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: