Кыргызстанда курал сатуучу 29 дүкөн бар: алардын сегизи Бишкекте, үчөөсү Ошто

Кыргызстанда учурда курал-жарак сатуучу 29 дүкөн бар: алардын сегизи Бишкекте, үчөөсү Ош шаарында, калгандары башка аймактарда жайгашкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында ИИМдин өкүлдөрү билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Алардын айтымында, Бишкектеги курал сатуучү дүкөндөрдүн 6сы турак үйлөрдө жайгашкан. "Дүкөндөрдүн бири мектептин имаратында, дагы бири бөлөк имаратта жайгашкан",- деп айтылды.
Айта кетсек, аталган комитет "Курал жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулап жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

