super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча сынак жарыялады

 

Өкмөт "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы 17-февралда билдирди. 

"16-февралда премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү жана “Жер-Үй” аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынак жеңүүчүсүн аныктоонун талаптарын жана өткөрүү шартын, тартибин бекитүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн буйругуна кол койду.

Өкмөттүн 2014-жылдын 9-октябрындагы №450-буйругу аркылуу түзүлгөн Ведомство аралык сынактык комиссиянын буйругуна ылайык, “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү жана "Жер-Үй" аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынакты тийиштүү тартипте өткөрүү тапшырылган.

Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине жалпыга маалымдоо каражаттарына “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү жана тийиштүү аянтта геологиялык иликтөө жүргүзүү максатында кен пайдалануу укугун алууга сынактын өткөрүлүшү тууралуу кулактандыруу жарыялоосу тапшырылган.

Кенди иштетүү боюнча сынак процесси ачык-айкын, Кыргызстандын мыйзамдарына жана мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык өткөрүлөт. Аталган сынак кенди комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында өткөрүлөт",- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

“Жер-Үй” кени жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен байлыктардын тизмесине кирет, аларды иштетүүчүлөр сынактык негизде аныкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: