super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Кыргызстан Бажы союзуна май айында толук кандуу кирген соң, “кара тизмеге” киргизүү токтотулабы?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - “Кара тизмеге” киргизүү Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы тарабынан азыр деле улантылып жатабы? Кыргызстан Бажы союзунун базасында түзүлгөн Евразиялык экономикалык биримдигине май айында толук кандуу кирген соң, “кара тизмеге” киргизүү токтотулабы?

Жооп: - Чет өлкөлүк жарандардын “кара тизмеге” кириши азыр деле улантылып жатат. Негизи, Орусиянын 9 мамлекеттик органынын чет элдик жарандарга өлкөгө кирүүгө тыюу салганга укугу бар, анын бири Федералдык миграция кызматы. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген күндө да, “кара тизме” деген түшүнүк кала берет, себеби бул мыйзам бузуучулардын тизмеси.

Кошумчалай кетсем, 2015-жылдын 1-январына чейин чет өлкөлүк жарандар Орусияга барып 90 күн жүрүп, андан кийин Украина же башка өлкөгө чыгып, кайра киргенде, ошол жүргөн 90 күндүк мөөнөтү кайрадан саналчу. Эми жаңы киргизилген мыйзамга ылайык, визасыз өлкөлөрдөн келген жарандар мурункудай кирип-чыгып, 90 күнүн кайрадан саната алышпайт. Көбүнчө мигранттар бул маалыматты жакшы билишпей, Орусияда жүрүү мөөнөтүн бузуп “кара тизмеге” кирип калган учурлар болуп жатат. Бул биринчи себеп, экинчиден, кээ бирде ортомчулар жасап берген документтер мыйзамсыз, жасалма болуп калат. Биздин жарандар туура документ жасаттым деп жүрө беришет, бирок ал документтер Федералдык миграциялык кызматынын базасында жок болгондуктан, “кара тизмеге” кирип калышат.

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов жооп берди

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: