super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: "Кара тизмеден" чыгууга арыз жазсам, жообун качан ала алам?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - "Кара тизмеден” чыгууга арыз жазсам, жообун качан ала алам?

Жооп: - Чындыгында, бизге арыздарын жазгандан кийин кээ бир мекендештерибиз "бат эле “кара тизмеден” чыкты деген жооп келет" деп ойлошот экен. Бир жумадан кийин эле “Жообу кандай болду?” деп келип калышат. Бирок бул процесс ойлогондой оңой эмес. Министрлик аны Кыргызстандын башкы органдары менен алып барган жок, Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы менен иштешип жатат. Бир эле арыздарды топтоп, дипломатиялык каналдар менен жөнөтүп, Орусияга жеткени 20 күндөн ашат. Андан соң ал арыздарды Федералдык миграциялык кызмат карайт, эгерде ошол жарандар боюнча "кара тизмеден" чыкты" деген жооп чыкса, алар Чек ара кызматына кат жиберишет, “ушул чет өлкөлүк жарандар боюнча бизде доо, талабыбыз жок, жол ачып бергиле” деп. Ошону Чек ара кызматы 3 жумадан 5 жумага чейин дагы карап чыгат. Муну менен жооп бизге келгиче толук мөөнөт 4 айдан ашып кетет.

Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин чет өлкөдөн келген жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Бакенов жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: