Парламент шайлоо боюнча мыйзам долбоорлорун кароону кийинки аптага жылдырды
Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин кароону кийинки аптага жылдырышты. Парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко комитеттин кечээги жыйынында сунушталган мыйзам долбоорлору талкууланып, бир топ пикир келишпестиктер жаралганын айтты. Мындан улам депутат бул маселени бүгүнкү күн тартибинен алып коюуну сунуштады. Депутаттардын көпчүлүгү сунушка макул болушту.
Автор: Нургазы Аматов
Айта кетсек, 17-февралда аталган комитеттин жыйынында айрым депутаттар шайлоо боюнча мыйзамга демилгеленип жаткан өзгөртүүлөргө каршы чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

