super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Бишкек шаарындагы Онкологиялык борбордун абалын көрүштү

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Сакебаев, Асия Сасыкбаева, Эркингүл Иманкожоева, Майрамкүл Тиленчиева жана башкалар Улуттук онкологиялык борбордун жана андагы оорулуулардын абалын көрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтаптар мекемедеги оңдоо иштеринин айынан таза суу жаңы гана берилгенин, ажатканалар иштебей, жылуулук үчүн үйдөн жылытуу жабдыктары алынып келингенин, дары-дармектердин кымбаттыгы сындуу көйгөйлөрдү айтышты. "Ооруканадагы оңдоо иштеринен улам депутаттар терс шарттарга күбө болушту. Борбордук оорукананын дарыгерлери чоң-чоң операцияларда дарыларды оорулуулардын өздөрү алууга туура келерин белгилешти. Ал эми республикалык бюджеттен каралган каражатка анча-мынча антибиотик сындуу дары-дармектер менен таңуучу материалдарга гана жетерин кошумчалашты",- деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: