super.kg logo

"Эшек союучу ишканага кылмыш иши козголгон эмес" дейт ишкананын жактоочусу

 
Бүгүн, 27-февралда эшек союучу жай табылган Ак-Жол айылында ишкананын ишмердүүлүгүнө каршы митинг болуп өттү. "Эшек союучу ишканага кылмыш иши козголгон эмес" деген оюн айтты SUPER.KG порталына "Кайтал" акционердик коомунун жактоочусу Жаныбек Долбаев
"Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Финансылык полициядан билдиришкендей, иликтөө күч органдарына түшкөн анонимдик билдирүүнүн негизинде жүрүп жатат. Бүгүн эшек союучу жай жайгашкан Ак-Жол айылында 70тей адамдын катышуусундагы митинг болуп өттү. Анда айрым жарандар аталган ишкана алардын эшектерин уурдаганын айтып чыгышты. Бирок мен жактоочу катары союлган ар бир эшекке таандык документтер бар экенин айтып кетейин. Айта кетчү нерсе, союлган эшектердин эттери өлкө аймагына тараган эмес. Бул окуяга байланыштуу учурда кафе, тамактануучу жайлардын ээлеринен нааразычылыктарды угуп жатабыз. Бүгүнкү митингге чыккандардын баары эшектер союлуучу жайга киргизилип, ишкананын ичи толугу менен көрсөтүлдү. Ооба, эгер аларга бул ишкананын ичинде эмне болуп жаткандыгын билгиси келсе, көрүүгө укуктуу. Учурда бул ишкана тиешелүү мекемелер тарабынан текшерилүүдө. Жакын арада баары белгилүү болот",- деди Ж.Долбаев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(39)
27.02.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Ишкананы" көргөзүү менен эмнени далилдегиси келип жатышат, "эшек союу мыйзамдуу, соё бергиле, этин жей бергиле, бизде уруксат берилген" дегилери келип жатабы?
"Эшек союу" деген сөздүн өзү эле кыргыздын төбө чачын тик тургузганын түшүнбөй жатышабы булар?!
27.02.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baymar, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 1 күн БАН!
27.02.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшекти кафелерге таратпай анан не озунор жечи беленер???кайдагы Ганконгду айтасынар же эмне кытайлар баарын жейт десе эле Ганконгду ойлоп чыга калдынарбы???Ганконг эшектин эмес биздин кой уйдун да этин албайт болуш керек ушу турган Россияга ТС кирсек керек болсо адал этибизди откоро алабызбы деп коркуп жатабыз...ошол ХХХ адамдарды коргогон жактоочуга тан калычтуу..мен андай ХХХ жактабайт болчум
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-27 17:59:44
27.02.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
skanya87, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: