super.kg logo

Ошто аскер билети жок 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандарга авиабилет сатылбай жатат

 

Ошто аскер билети жок 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандарга авиабилет сатылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын Эрнист Сайидбеков аттуу тургуну SUPER.KG порталына билдирди.

Мен 25 жаштамын. Орусияга кетүү үчүн авиакассаларга барсам, “аскер билетиң жок болсо, билет сатылбайт” деп коюшту. Себебин сурасам, өкмөт башчы ушундай буйрук чыгарганын айтышты”,- дейт Сайидбеков.

Бул боюнча Коргоо министрлигине кайрылганыбызда ушундай чектөө бар экенин ырасташты. 2015-жылдын 25-мартында "2015-жылдын апрель-июнь айларында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтому чыкканын билдиришти. Токтомдо “Тышкы миграция жөнүндө” КРнын мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү жарандардын аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү маселе чечилмейинче өлкө аймагынан чыгуу укугу убактылуу чектелери жазылган. 

Токтом 1-апрелден баштап күчүнө киргени айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(46)
08.04.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ишке эмес армияга жонотуш керек туура демилге.
08.04.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lintel,Аскерге (армия) эмес
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: