ЭЛДИК КАБАР: Ошто тыюу салынганына карабай мектеп бүтүрүүчүлөрү жол тандабас унаалар менен шаар кыдырышты






Ош шаарындагы Жапалак айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрү шаарды жол тандабас унаалар менен кыдырышты. Бул тууралуу окурман 29-май күнү WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман: "Бул күнү бүтүрүүчүлөргө унаалар менен чыгууга жана чыгашага барууга тыюу салынган. Бирок жол тандабас унаалары менен чыккандар милиция өкүлдөрүнүн оозун майлап коюшканбы? Көзөмөл кылуу керек эле. Башка айылдарда да ушундай көрүнүш кайталанды",- дейт.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-08-13

12:45
2025-07-14

9:23
2025-07-03
18:30
2025-05-20

Рейтинг:
-1

Эээх жалындаган жаштык да