Кыргыз футболчулары Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладешти 3:1 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болушту













Бүгүн, 11-июнда Бангладештин Дакка шаарында кыргыз футболчулары 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Бангладеш улуттук курамасына каршы беттеш өткөрүштү. Тандоо турунун алгачкы беттешинде улуттук курамабыз 3:1 эсебинде утуп, алгачкы 3 упайга ээ болду.
Алгач 9-мүнөттө кыргыз футболчусу Антон Землянухин эсепти ачты. Туура 20-мүнөттөн соң Германияда ойноп, кыргыз мамлекетинин курамасына кирген Эдгар Бернхардт пенальтиден эсепти 2:0гө айландырды. 32-мүнөттө коргоочу Валерий Кичиндин катасынан кийин топ биздин дарбазага кирип, үй ээлери көңүл жубатчу топ жаратышты. Оюнга чекит койгон голду Антон Землянухин 41-мүнөттө киргизди.
Кошумчалай кетсек, 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна Азиянын 40 курама командасы катышууда. Алар беш-бештен 8 тайпага бөлүштүрүлгөн. Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “В” тайпасында Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен болмокчу.
*

салам бир боорлорум, бейжинден салам! мен кытай кызылсуулук кыргызмын. бүгүнкү жарышты кытайча түз ефирден толкундануу менен көрдүм. алгачкы 8-минутта есеп ачылганда абдан бирге көрүп олтурган досторум менен кубангандан кыйкырып жибердик. бул кыргызстандыктардын жеңиши кана емес, бүткүл дүйнөдөкү кыргыз елинин жеңиши деп есептейм. еми 16- ийунда бишкекте австиралийанын курамасын океанийага кууп жибергенге күйөөрмандардын көп барып, жигиттерге демөөр болушун каалайм. алга! кыргыз елим.
Салам-алекум! Мен да кытайлыкмын! CCTV-5 спорт каналынан түз таратат. Анан калса моореки ссылка менен көрсөң болот.
Мындан ары кайталабаңыз бул катачылыкты.