super.kg logo

Үч эмдин апасы: “Үйүм жок, балдарым менен жалгыз калдым, мамлекетибиз бир бөлмөлүү батир берсе, рахматымды айтмакмын”

 
Бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу 5-июнда үч эмди жарыкка алып келген 23 жаштагы Бактыгүл Камчыбек кызы менен таанышып, балдарын көрүп келди. 
Бактыгүл айым Жалал-Абад облусунун тургуну экенин айтып, 21 жашында тааныштар аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун тургунуна турмушка чыкканын айтты. 
“Үй-бүлөдө чыр-чатактар болот экен, бирок ага кайын журттун кийлигишкени жана жолдошумдун достору тагдырыбызды чечкени баарын бузду. Күйөөм экөөбүз сырдашып, ага ички дүйнөмдөгү болгон нерселерди айтып берчүмүн. Бир-эки күн өткөн соң аны кайра кайненемден угуп, жолдошума таарынгам. Бир жолу кайненем өз апама телефон чалып “кызың үйдөн 4 миң сом уурдап алды” деп жалаа жапты. Муну уккан апам мага “сен үйгө келбей эле кой, сен ошолордукусуң” деп, менин сөзүмдү уккусу да келген жок. Мындай уруштардын айынан биринчи балам боюмдан түшүп калды. 
Анан өкүнүчтүүсү, мени үйдөн жолдошум же кайненем эмес, күйөөмдүн жолдоштору кетиришкен. Жоки деген досу “Кетесиңби үйдөн? Кет анда” десе, күйөөм Алтынбек унчуккан эмес. "Тобо, ушундай да болот экен" деп ызамдан короодон чыгып кеткем. Анан Бишкекке келип өз жашоомду улантайын деп иштеп жүргөн кезде кош бойлуу экенимди, балага 2,5 ай болгонун билдим. Кайра Кочкорго, кайын журтума кайтып бардым. Кабыл албай коюшту. Челкейип алып манты сатып эптеп жан багып жүрдүм. Бир жолу эки күн ачка калып, жалаң суу ичкен учурларым болгон. Ошондон улам балдарым да алсыз болуп төрөлүштү окшойт”,- дейт айым. 
Жаш кезинде жашоонун кыйынчылыктарына учураган айым учурда мамлекеттин камкордугуна муктаж экенин айтат. 
“Үйүм жок, балдарым менен жалгыз калдым, күйөөм үч эмдүү болгонун сыналгыдан көрүп, келем деген. 3 күн күттүк, бирок келбеди. Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшкөндө ал “сага апаңдын боору ооруп, келсин деп жатат” деди, бирок мага күйөөмдүн каалоосу керек болуп жаткан. Ал болсо кайра эле унчукпайт. Ошондон улам экөөбүздүн тагдырыбыз эки ажырым жолго түштү окшойт. 
Учурда дүйнөдө жакшы адамдар бар экен, ага шүгүр, балдарыма керектүү тамак-аш, кийимден азырынча кыйналган жокпуз. Үч эм бир жашка толгуча бизге бала кароочу бөлүнүп, жардам үзгүлтүксүз берилерин айтышты. Эми мамлекетибиз бактыбызга бир бөлмөлүү үй берсе, энелик рахматымды айтмакмын”,- дейт үч эмдин апасы. 
Бактыгүл Камчыбек кызы намаз окуурун айтты, мусулман болгон соң балдарынын аттарын да өзгөчөлөнтүп койгон. Эки кызына Ханифа жана Хаббиба деген ысым берсе, уулуна Хаббибулла деген ысым ыйгарган, ал эми фамилиялары апасыныкы.
Кошумчалай кетсек, үч эмди жарыкка алып келген эненин үйү жок экенин алгач саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев айтып чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(50)
12.06.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым омурлорун берсин ! Аман эсен чонойсун келечектуу балдар болсун! Бул да болсо аллахтын белеги.
13.06.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meder_mederi, супер инфонун кабарчылары, балдардын атасы кандай ойдо болду экен байланышып билгилечи.
12.06.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-39
Торой калып эле уй сурашчу болду го.Баланы жасаган атасын таап ошонун мойнуна жуктош керек
12.06.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
сага торой салган эле онойбу,бир эмес Аллах учту баланы берип атса ар киминин оз ырыскысы бар ошол бир батирлуу уйсуз деле жашоосу уланат,буюрса баары жакшы болот.
13.06.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
FIRDAUS,Сураса, сурабаса 3 эм торолгондо мамлекет уйу жок болсо, уй менен камсыз кылууга милдеттуу тээ Союз мезгилинен бери эле.Балдар ыймандуу, бактылуу болушсун иншаллах.
12.06.2015. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
saru, emne kylsyn anda? Mamleket jardam berishi kerek. Je al jaktan jok,je bul jaktan jok. Apasyna da kuyoosuno da naalat.
12.06.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
saru, жээним сен биринчи уч эм эмес экоону тороп кор анан айт энелерге таазим кылышыбыз к.к
13.06.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saru, Ушуну кайсы ой менен жаздын дейм да???
13.06.2015. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saru, ХХХ ХХХ... мамлекет үй берүүгө милдеттүү. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-16 14:43:03
16.06.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sherzatik - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
13.06.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saru, 3 баланы тороп уйу жок болсо куйоосу карабаса сурайт да анан эмне кылсын балдары менен кочодо калсынбы. тобо как будто сенин капчыгындан сурап жаткандайсын да кыргыздын жараны окмоттон сурап жатат сенден эмес
13.06.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saru, ошону атасына эмес эле ушундай создорду айтканын учун сени таап, анан сага жуктоп коюш керек. Кийин ойлонуп суйлоп каласын.
12.06.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аллахым ниетинизге жеткирип, бир эмес уч комнаталуу уй берген болсун!
Балдарга ысымдарын жакшы тантабтырсыз.
Begim_4 түзөттү 2015-06-12 22:17:28
12.06.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Куйоосу торпок екенго. Хоть катынын ажыдар болсун башка болсун. Балдарын учун жок дегенде туалеттей болсода уй салып беришин керек. Потому что алар сенин бир тамчы бел суундан жаралган куноосу жок наристелер. А сен торпок болуп досторундун же дагы бир башкалардын созун угуп оз балдарынды кор кылып атасын
12.06.2015. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Баарына эле беришет ко буларга эмне бербей чойуп жатышат же обязательно Алмазбек Асылбек Темир деп койсо берет беле бирок экоосу кыз турбайбы
12.06.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ооба.бул бийликтегилерге Алмазбек,Роза деп коюш керек
12.06.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тигиден жакшылык кутпой эле коюш керек деп ойлойм,созсуз эле Алмазбек анан Темирбек деп коюш керекпи бул аттар суннот эмес лично мен Жалга барып колдон келген жардамым берип келем.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-13 09:20:32
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: