super.kg logo

Депутат Хажимурат Коркмазов бүгүн камакка алынып, тарапташтары митингге чыгышты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов бүгүн кечинде СИЗОго камакка алынды. Учурда депутаттын тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо кызматтарындагы өздүк булак кабарлады. Учурда 50гө жакын тарапташы анын абактан бошотулушун талап кылып турушат.

Айта кетсек, Коркмазов бүгүн, 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(39)
15.07.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Жок дегенде суранышса боло туз эле талап кылбай.Ошолорун кошо камаш керек.Качанга чейин кылмышкерлердин тууган уругунан корко берет экенбиз оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат болуп.Демократиянын энеси менен атасы кыргызстанда болсо дагы эмне болуптур.Токтотуш керек мындай бардакты.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: