super.kg logo

100 миң доллар пара менен кармалган депутат Коркмазов ооруканага жаткырылды

 
Хаджимурат Коркмазов

Коррупция боюнча айыпталып СИЗОдо отурган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 23-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти. Депутат учурда УКМКнын атайын дарылануучу жайында жатат.

Эскерте кетсек, Коркмазов 15-июлда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган эле. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган.
Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева да жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда. Мындан тышкары бул чуулгандуу ишке катыштыгы бар делинип Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековдун да ысымы аталган. Маалыматтарга ылайык, Турганбеков азырынча суракка чакырыла элек. Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2015-жылдын май айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жерди мыйзамсыз сатуу кылмышы боюнча Нариман Түлеевге карата дагы бир кылмыш ишин ачкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(79)
23.07.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш жакшы болуп кетсин)))),кечээ эле айтып атышты эле форумчулар ооруп калат деп.Карапайым калкты Камаганда оорумактан олуп баражатса дагы жаткызышпайт болсун.
bema_bema түзөттү 23.07.2015 16:44
23.07.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунча жылдан бери Креслодо отурганда жамбашы оорубаган. Эми 3 кун сизодо отуруп ооруп калыптырбы уят эле. АША карап койбойбу сасык саятчыларды.
23.07.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ха ха ха театрда спектакль башталды. Кийинки кезек кимде?
23.07.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иш козгосо эле сразу эле ооруп калышат экен да. Ден-соолугу чын адам барбы деги бул биздин саясатта
23.07.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларды Кыргызстандын дарыгерлери айыктыра алышпайт.Чет олкого жонотуш керек.
23.07.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баягы эле сценарий эл жаттап буткон)),эми операция оту толуп кетсе керек,аны алдырат же апедицит дегендей ээ))
23.07.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Офф... ушуларды не кылсак а? Эгер калп эле оорубай, калп эле кагаз жаздырып ала турган болсо оорукананын жетекчисин да жазага тартыш керек. Эмне үчүн врачтар буларды коргош керек?
23.07.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айла жок кулосун. Жалан паракорлор оорукчандар. Дагы шым кийип алып КЫРГЫЗСТАНДЫ башкарышат имиш. Бийликте арстан болуп журушот кыйынчылык башына тушушсо эле мышык болуп калышат. Эу бийлик тоболдор кичине ЭРКЕК деген атынардан уялсанар боло.
23.07.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirlan5, чын айтасын,мен дагы айтайын деген элем юбка кийип алгыла деп,анча мынча аял дагы эркек жасабаган иштерди жасап койот.
23.07.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хахахаха дагын башталды...орумай.ал Жака баргандын базары ооруй беребинееее
23.07.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
анааа башталды ха ха ха ха ха ха
23.07.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне деген диагноз койуптур больницага барса?
23.07.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asi89, гепатит б с менен
23.07.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asi89, диагнозун мен билем пара албай калганы учун ооруп калыптыр колдору
23.07.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акча адам эмне кана кылбайт ээ... баягы эле окшош картинкалар
23.07.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхххххххххххх ооруп калыптырбы,
23.07.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качып кетишет же ооруп калышат
23.07.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качып кеткенден коро ооруп калган эркекчеда бардыгы эле ооруп ататко
RONNI түзөттү 23.07.2015 22:32
23.07.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убара кылып соо адамды оорутпай эле чыгарып жибергилечи.Качанкыга чейин ушул метотду колдоносунар.Буга эл ишенбей калды го. Болокчороок шылтоо ойлоп тапсанар боло. Мисалы: озунун куроо тамырларын кесип салды, же аялы толготуп торт эм тороду,же болбосо Америкалыктар боору ооруп адам коргоочу деген сыйлык тапшырып 200.000 мин доллар толоп берди деген сыяктуучу
Sizge.kat түзөттү 2015-07-23 18:48:39
23.07.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боорду эзесинер го...)))) Мунусу ооруп калса,Нарынбаев чет олкого саякаттап келет экен да ээ?
23.07.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эки күндөн кийин Нарымбаев жанына барып жатат.
23.07.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш таксикос болуп калган го
23.07.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят деле жок экен буларда!!!
23.07.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды эми кантип кайра шайлайбыз? Түшүнбөй калдым, Айыл өкмөт болуп калдыго
23.07.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парахорлука каттуу курош жургузобуз деген Атамбаев Текебаевдерге данк!
23.07.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айыкпай калгыр.эң жаман делген катмарда жашайт экенсиңер.сразу ооруп калып,байкуш болуп.мен силерди жек көрөм биздин аткаминерлер.
Millioner. түзөттү 23.07.2015 20:03
23.07.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эч нерсе деп айталбайм бизге ото кучтуу президент керек болуп калды
23.07.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмки шайлоодо такыр оорусу жок деген справканы эл талап кылуу керек. А то дагы бир кылмыш кылып алып ооруп калышат.
23.07.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булардын ойуну башталды...эми тезинен чет олкого апарып операция жасатыш керек деген жери эртен айтылат. Ошо менен сен кор мен кор майлуу жерден бир сугунган жеп жутаар изин суутуп жок болот. Кийинчереек Дубайда дагы Германияда саякаттап жургонун угасын оорулуу адамды.
23.07.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edu.k, туура айтасын азыр байларды эле заманы болуп калды.
23.07.2015. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оооруп калды деген акталды деген!!!ооруканын эшиги эркиндик болот !!
23.07.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда атка минерлер жеп ичип алып, жооп беруучу кун келгенде эле оорулуу боло калышат. Закон чыгарыш керек коррупция менен кармалдыбы оору деген шылтоо жок болсун деп!
23.07.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп ичкичтерди Кытайдагыдай ХХХ ХХХ, ошондо гана токтойт бул акмакчылык.Бирок биздин жогорку кызматтагылар акча учун олумдон да коркпойбу дейм.Депутат, президенттик админ.башчы озлоруно мамлекеттин тологон акчасы эле оозунан чыккыдай экен, абийрин сатып акмак болуп, арам акчага эмне мынча жанын сайышат кызы талактар.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-24 10:13:17
24.07.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
st1m_ - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
23.07.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас..... сасыктардын сасык жактары ооруп башт тадыбы эми?? ушуларды vip зонада багып....аларга турлуу тармактагы жанылыктарды. тамактарды берип баккыча....ХХХ ХХХ ХХХ... олгучо карганат.....мен албадым ..мен жебедим деп...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-24 10:13:47
24.07.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALSU2010 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: