super.kg logo

Ысык-Көлдөгү "Каприз" пансионатынын "капризный" кызматкерлери малайзиялык журналисттерди таң калтырышты

 
Бишкекке 24-июлда Малайзиядан делегация келип, SUPER.KG`нин журналисттери конокторду мейманканага чейин коштоп барышкан. Мындагы айрым кемчиликтер байкалып, "Park Hotel" мейманканасындагы сервистин начардыгын сындаган элек. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун пикирин сураганыбызда элчи борбор шаардагы алдынкы деп эсептелген отелден мындай мамилени күтпөгөнүн айткан. Коноктор Ысык-Көлгө жөнөп кетишкенин, ал жактагы мейманкананын сервиси жакшы болсо экен деп тынчсызданып жатканын кошумчалаган эле. Тилекке каршы, Ысык-Көлдө деле конокторду ойдогудай күтүп алышкан жок. Бишкектегидей эле кемчилик Ысык-Көлдөгү эң кымбат, "элитный" делген "Каприз" пансионатынан да көрүндү.
Жол жүрүп келген коноктордун оор жүктөрүн бөлмөлөргө жеткирүү милдети бир эле кызматкерге жүктөлүптүр. Анын да атайын жүк ташуучу арабасы жок, оор чемодандарды кол менен ташыганы коноктордун таңдануусун жаратканын айта кетели. Жүктөрү го мейли, эптеп жеткирип беришти. Номерлерге деп берилген ачкычтар туура келбей, коноктор бөлмөсүнө кире алышпай бушайман болушту. Пансионаттын кызматкерлерине кайрылышса, жардамга жүгүрүп келе калган бирөөсү да болбоду. Улам-улам кайрылып жатып, акырында келип ачкычтарды алмаштырып беришти. 
Дагы бир ыңгайсыз жагдай - пансионаттагы күзөтчүлөрдүн мамилеси. Кыргыз же орус тилин билбеген малайзиялык конокторду коштоп жүргөн адамдарды пансионаттын аймагына киргизбей коюшуп, администраторлорго кайрылганда алар пансионаттын аймагына кириши үчүн бир адамдан бир күнгө 500 сомдон талап кылышты. Жөн жерден акча өндүрүү аракети пансионатта көп байкалды. Айтор, Бишкектегидей эле Ысык-Көлдө да мейманкана кызматкерлери конокторго меймандостук сапатты, жогорку деңгээлдеги тейлөөнү көрсөтө алышкан жок. 
Кыргыз элин башкалардан айырмалап турчу өзгөчөлүгү - меймандостугу. Туризмди өнүктүрүүнү көздөгөн мамлекет үчүн өлкөгө кирген ар бир туристтин мыкты тейлөө көрүп, үйүнө жакшы маанайда кетүүсү маанилүү. Бул үчүн бардык жерде сервис мыкты деңгээлде болушу шарт, туристтердин эсебинен ири киреше таап жаткан мекеменин кызматкерлери жүгүрүп кызмат көрсөтүүгө тийиш эле. Бирок майда көрүнгөн олуттуу кемчиликтердин жоюлбай жатышы өкүндүрөт.   

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(56)
27.07.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
2014 жылы Москвадан учуп келип досторубуз менен Ысыкколду керемет деп мактап аларга туура ушундай корунушко кабылганбыз орой мамиле.жон жерден акча ондуруу.табият кол аябай жаккан Москвичтерге бирок Турцияга же Тайландка барсак мындан аз акча коротмокпуз сервис на высоте болмок дешип кейишкен
27.07.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кашайып, уят болгон турбайбызбы! ИИй бетим. Анан кайдагы туризм өнүкмөк эле?((((
27.07.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сый көрүп келгендер чуркап койбоптур дегендер эми не дейбиз, ачкычтарын да текшерип көрүшү керек беле журналисттер...
Уят эле да, бетим чымырап кетти менин. Кандай немелер иштешет мейманканаларда....
27.07.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynara81, чуркап койбоптур дегендин озу - бул бардык жактан ойлонуштурулган, даярдалган, маршруттары белгиленген атайын программа. Программанын ичине конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу, белгиленген маршруттар боюнча атайын гид менен саякат уюштуруу, жана сылык узатып коюу деген пункттарды камтыш керек. Ушул нерсе биздин колдон келбейби не???
27.07.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tynara81, Капризге баруу планда болгон болсо, жок дегенде пансионаттын директоруна кабар берип коюш керек эле (Каприздин чону Н.Никитина беле)
27.07.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
tynara81, если сотрудники Каприза дорожит своей репутацией, то должны были принести извинения за нелепый инцидент с ключами.
27.07.2015. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапайычылык! Уялышпады бекен, акча деп ар балээ болушат!
27.07.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир эле малазиялыктар эмес,бут жактан келген конокторго,башка облустардан барган жарандарыбызга да кичипейилдик менен тосуп алып,эн жогорку сапаттагы сервизди тартуулаш керек. Антбесе дуйно жузундо Ысык Колдон башка деле толгон токой кооз жерлер толтура. Качырып ийиш бат эле туристтерди,кайра келтирип алыш кыйын болот.
27.07.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сылык,жылмаю менен жасалган мамиле кандай жакшы. Эми бул окуя туризм тармагында иштеген адамдарга сабак болсо жакшы эле.
27.07.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
өзү бизде "министр по туризму"деген барбы,аты жөнү ким?
27.07.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samina007, учурдагы маданият ж.а туризм министри - режиссер Алтынбек Максутов.
27.07.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жоктор алыстан келген конокту кичине сыйлап койсолор бойлорудан тушуп калат бекен жок дегенде ушул чакырылган конокту сыйлап койсолор болот Азыр баары бетине чарым чаптап анан иштейби
27.07.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турузим жагын текшерчуу адамдар жакшы иштеш керек да бат баттан проверка кылып
27.07.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меймандос биздин ата бабалар болгон азыркыны заманда меймандостук эмес ташбоордук
27.07.2015. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр адамдар бизнесинен 5-10сом пайда таап калса эле керсейип бой которуп калышат. Ошол пансионаттын башчысы начар болгону учун жумушчулары да адамды тоотпогондой мамиле кылышат да. Эгер башчысы жакшы болсо керсейген ишчилерин кетирип,ордуна башка жакшыраагын коймок.
27.07.2015. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шашып окуп, таң калтырышты десе аа жакшы тозуп алышкан го деп сүйүнүп кетсем. Көрсө бул жагы да каша турбайбы. Акчадан өлүшөбү не?! Эй, ойшол 10 журналисттин 500 сомунан байып кетмек беленер? О бетти жоктор. Жаман күйүп кеттим. Жетекчисинин көзөмөл кылбагандыгы ушу да. Кыргызды биротоло уят кылып бутушту го булар.
27.07.2015. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Москвада иштеген коллективиме мактап, Ысык-Колго келип эс алгыла деп койдум эле. ЭЭми эмне болот? Баарына акча тилесе бул эмне деген жашоо? андан коро дагы башка туристерди ээрчитип келсин деп жакшы тейлешсе болмок.? Быйыл кризис болуп баары ойдогудай болбой турганда.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: