Араб дүйнөсүндөгү хиджабсыз жана паранжысыз саркеч айым (фото)
Моза шейх гуманитардык жана кайрымдуулук программалары менен иштешип, алдынкы мода үйлөрүндө тигилген көйнөктөрдү кийип эл алдына чыга баштайт. Мозанын образдарында узун кара көйнөк, башына кара жоолук байлаган демейдеги араб кийими жокко эсе. Ал узун көйнөк кийип, башына жоолукту чалма сыяктуу байлап, жынсы кийимдерди кийип жүрө алат.
55 жаштагы Моза шейх Перс булуңундагы бийлик башчыларынын аялдарынан айырмаланып бир катар саясий жана эл аралык кызматтарды ээлеп келет. Ал Катардын Билим берүү фондунун башчысы, Үй-бүлөлүк маселелер боюнча Жогорку кеңештин президенти, Билим берүү боюнча Жогорку кеңештин вице-президенти, ЮНЕСКОнун атайын өкүлү. Ал жарандык коом жана ММКлардын эркин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүчү Араб демократиялык фондун түзгөн.
3
1 | 2 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















