super.kg logo

Болот Бейшеналиев, ишкер: "Омар мени алдап, 100 миң долларга зыянга учуратты"

 
Белгилүү ырчы Омардын (Өмүрбек Жанышев) үстүнөн арызданып милицияга кайрылган ишкер Болот Бейшеналиев 28-июлда SUPER.KG менен байланышты. Жабырлануучумун деген ишкер "жакшынакай сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпагандан кийин милицияга кайрылууга аргасыз болдум" деп билдирди. 
"2014-жылы Өмүрбек Жанышов менен шериги Нуржанбек Токтогулов менден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар алып, кайтарып бербей качып жүрүшөт. Булар төө буурчакты Түркияга алып барып сатып, менин акчамды чыгарып бермей болушкан. Бирок товарды Түркияга алып барбай, мамлекетибизден эле сатышып, акчанын көбүн Өмүрбек алыптыр. Төө буурчактын акчасын мага бир айдан кийин, 2014-жылдын 16-августунда беришмек. Жай өттү, күз өттү, беришкен жок. Менин да тиричилигим бар да, банктан насыя алгам, аны төлөшүм керек. 
Өмүрбек менен эки ирет жолугушканда "акчабыз келбей жатат, келсе эле берем" деген. Кийин "акчанын ордуна 6 гектар жерим, сарайым бар, ошону алыңыз" дей баштады. Макул болгон жокмун. Анан ар кандай шылтоону айтууга өттү. Шериги акчаны Өмүрбек алганын айтып туруп алды, сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпагандан кийин арыз жазгам, Таласка партиялардын бири менен концерт коюп келгенде ырчыны кечээ кармашты. 
Милицияда Өмүрбек менен шериги Нуржанбек беттештирилип, Нуржанбек акчанын көбүн ырчы алганын бетине айтты. Ырчы ар кайсыны айтып карганып жатат. Ошондогу доллардын курсун эске алганда, булардын айынан мен 100 миң доллар зыянга учурадым",- деп билдирди Бейшеналиев. 
Товарга байланыштуу ырчы менен ишкердин ортосунда эч кандай документ түзүлбөптүр. 
Айта кетсек, алдамчылыкка шектелип кармалган ырчы учурда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылды.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(40)
28.07.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул жеке ишкер да катуу кеткен го.Бир жырда эле 20 мин $ кантип 100 мин $ га айлансын? Бул ишкерге ишенич жок.
28.07.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mongol1155, Бул жерде жазылып турат 40тонна анан 20мин$ деп
28.07.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mongol1155, Бул жерде ишкер айтып жатпайбы былтыр 2014 жылы 40 тонна тоо бурчак жана 20000$ деп. Ошондо, былтыркы доллардын курсу канча еле? эми ошол доллар менен быйылкы курска чакканда 100000$ тегереги болуп калат. Любой банкта долларды текущий курс мн эсептешет. Ойлонуп эсептеп жазсанар. Алгандан кийин бериш керек да акчасын. Мына бир жыл болуптур. Ишкердин да тиричилиги бар да. Тиричилик Омарга еле керек болсо да. Алмактын бермеги бар. Алдынбы демек кайтарып бериш керек. Былтыр алса Былтыр
30.07.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakan,Омарды (Омурбек Жанышевди) мен кичинекей кезинен билем.Бул "ишкерден" 20 мин $ алгандай Омар андай адам эмес.Жанындагы жолдошуна гарант болуп берген экен.Жолдошу сатып жатат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: